ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
4 : 57

هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ يَعۡلَمُ مَا يَلِجُ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا يَخۡرُجُ مِنۡهَا وَمَا يَنزِلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ وَمَا يَعۡرُجُ فِيهَاۖ وَهُوَ مَعَكُمۡ أَيۡنَ مَا كُنتُمۡۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ

Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратты. Жекшемби күнү баштап, жума күнү бүттү. Ал аны көз ирмемден аз убакытта жаратууга кудуреттүү. Андан соң Аллах Өзүнө ылайык абалда Аршка көтөрүлдү жана бийиктеди. Ал жерге кирген жамгырды, дандарды ж.б. билет жана андан чыкканда өсүмдүктөрдү, кендерди ж.б. билет. Ошондой эле асмандан түшкөн жамгырды, вахийди ж.б. билет жана ага көтөрүлгөн периштелерди, пенделердин иш-аракеттерин жана жандарын билет. Оо, адамдар! Силер кайда болсоңор да, Ал силер менен Өз илими менен бирге. Силердин эч бир нерсеңер Ага жашыруун эмес. Аллах силердин кылган нерсеңерди Көрүүчү. Ага силердин иш-аракеттериңердин эч бири жашыруун эмес. Жакында Ал силерге сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 57

لَّهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَإِلَى ٱللَّهِ تُرۡجَعُ ٱلۡأُمُورُ

Асмандар менен жердин мүлкү жалгыз Ага таандык. Иш-аракеттер жалгыз Ага кайтат. Ал кыямат күнү макулуктарды суракка алат жана аларга иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 57

يُولِجُ ٱلَّيۡلَ فِي ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِي ٱلَّيۡلِۚ وَهُوَ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ

Ал түндү күндүзгө киргизип, түн келет жана адамдар укташат. Жана күндүздү түнгө киргизип, күндүз келет жана адамдар жумуштарына жөнөшөт. Ал пенделеринин көкүрөгүндөгү нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 57

ءَامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَأَنفِقُواْ مِمَّا جَعَلَكُم مُّسۡتَخۡلَفِينَ فِيهِۖ فَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡ وَأَنفَقُواْ لَهُمۡ أَجۡرٞ كَبِيرٞ

Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиргиле жана Аллах силердин карамагыңарга өткөрүп, силер аны уруксат берилген жолдо пайдаланган мал-мүлктөн сарптагыла. Ал эми араңардан Аллахка ыйман келтирип, Анын жолунда мал-мүлктөрүн сарптагандарга Аллахтын алдында улуу сыйлык болгон бейиш бар. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 57

وَمَا لَكُمۡ لَا تُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلرَّسُولُ يَدۡعُوكُمۡ لِتُؤۡمِنُواْ بِرَبِّكُمۡ وَقَدۡ أَخَذَ مِيثَٰقَكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ

Аллахка ыйман келтирүүгө силерге эмне тоскоол болуп жатат? Пайгамбар силерди Раббиңерге ыйман келтиреби деген үмүттө даават кылып жатат. Эгерде ыймандуу болсоңор, Аллах силерди атаңардын белинен чыгарган кезде Ага ыйман келтиресиңер деген удаданы алган. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 57

هُوَ ٱلَّذِي يُنَزِّلُ عَلَىٰ عَبۡدِهِۦٓ ءَايَٰتِۭ بَيِّنَٰتٖ لِّيُخۡرِجَكُم مِّنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ بِكُمۡ لَرَءُوفٞ رَّحِيمٞ

Ал силерди каапырлык жана наадандык караңгылыктарынан ыйман жана илим нуруна чыгарыш үчүн пендеси Мухаммадга ачык-айкын аят-белгилерди түшүрдү. Чындыгында Аллах силерге Мээримдүү жана Ырайымдуу. Анткени Ал силерге туура жол көргөзүүчү жана сүйүнчү кабар жеткирүүчү пайгамбарын жиберди. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 57

وَمَا لَكُمۡ أَلَّا تُنفِقُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَلِلَّهِ مِيرَٰثُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ لَا يَسۡتَوِي مِنكُم مَّنۡ أَنفَقَ مِن قَبۡلِ ٱلۡفَتۡحِ وَقَٰتَلَۚ أُوْلَٰٓئِكَ أَعۡظَمُ دَرَجَةٗ مِّنَ ٱلَّذِينَ أَنفَقُواْ مِنۢ بَعۡدُ وَقَٰتَلُواْۚ وَكُلّٗا وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلۡحُسۡنَىٰۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ

Аллах жолунда садага чыгаруудан силерди эмне тыйып жатат? Асмандар менен жердин мурасы Аллахка таандык. О, ыймандуулар! Силердин араңардагы Меккени багынтуудан мурда Аллах жолунда Анын ыраазылыгы үчүн садага кылган жана Исламды колдоо үчүн каапырларга каршы согушкандар менен, Меккени багынткандан кийин садага кылган жана каапырларга каршы согушкандар бирдей эмес. Меккени багынтуудан мурун садага кылган жана Аллах жолунда согушкандар, Меккени багынткандан кийин садага кылган жана каапырлар менен согушкандарга караганда Аллахтын алдында орду бийик жана даражасы жогору. (Ошентсе да) Аллах эки топко тең бейишти убада кылган. Аллах силер кылып жаткан иштерден Кабардар. Силер кылган иш-аракеттердин эч бири Ага жашыруун эмес. Ошол иш-аракеттериңерге жараша жакында силерге сыйын же жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 57

مَّن ذَا ٱلَّذِي يُقۡرِضُ ٱللَّهَ قَرۡضًا حَسَنٗا فَيُضَٰعِفَهُۥ لَهُۥ وَلَهُۥٓ أَجۡرٞ كَرِيمٞ

Ким Аллахтын Жүзү үчүн чын көңүлүнөн мал-мүлк сарптаса, анда Аллах ага сарптаган мал-мүлкүнүн сыйлыгын эселеп берет жана ага кыяматта улуу сыйлык болгон бейиш бар. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• المال مال الله، والإنسان مُسْتَخْلَف فيه.
Мал-мүлктөр – Аллахтын мүлкү жана ал инсандын убактылуу карамагында болот. info

• تفاوت درجات المؤمنين بحسب السبق إلى الإيمان وأعمال البر.
Ыйманга жана жакшылык иштерге умтулууга жараша ыймандуулардын даражаларынын ар кандай болуусу. info

• الإنفاق في سبيل الله سبب في بركة المال ونمائه.
Аллах жолунда сарптоо – мал-мүлктүн берекесине жана көбөйүшүнө себеп болот. info