ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
31 : 29

وَلَمَّا جَآءَتۡ رُسُلُنَآ إِبۡرَٰهِيمَ بِٱلۡبُشۡرَىٰ قَالُوٓاْ إِنَّا مُهۡلِكُوٓاْ أَهۡلِ هَٰذِهِ ٱلۡقَرۡيَةِۖ إِنَّ أَهۡلَهَا كَانُواْ ظَٰلِمِينَ

Качан Биз жиберген периштелер Ибрахимге Исхак жана анын уулу Яькуб тууралуу сүйүнчүлөп келишкенде алар ага айтышты: «Чындыгында биз Луттун шаары Садумду жок кылабыз. Чындыгында анын эли бузукулук кылып заалым болушту». info
التفاسير:

external-link copy
32 : 29

قَالَ إِنَّ فِيهَا لُوطٗاۚ قَالُواْ نَحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَن فِيهَاۖ لَنُنَجِّيَنَّهُۥ وَأَهۡلَهُۥٓ إِلَّا ٱمۡرَأَتَهُۥ كَانَتۡ مِنَ ٱلۡغَٰبِرِينَ

Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы болсун) периштелерге: «Силер жок кылабыз деген шаарда Лут бар го. Ал заалымдардан эмес» – деди. Периштелер айтышты: «Биз ал жакта кимдер бар экенин жакшы билебиз. Биз аны жана үй-бүлөсүн шаар элине түшкөн кыйроодон куткарабыз. Бирок анын аялын куткарбайбыз. Ал ошол жерде калган кыйроочулардан болот, аны алар менен кошо жок кылабыз». info
التفاسير:

external-link copy
33 : 29

وَلَمَّآ أَن جَآءَتۡ رُسُلُنَا لُوطٗا سِيٓءَ بِهِمۡ وَضَاقَ بِهِمۡ ذَرۡعٗاۖ وَقَالُواْ لَا تَخَفۡ وَلَا تَحۡزَنۡ إِنَّا مُنَجُّوكَ وَأَهۡلَكَ إِلَّا ٱمۡرَأَتَكَ كَانَتۡ مِنَ ٱلۡغَٰبِرِينَ

Биз Луттун коомун жок кылуу үчүн жиберген периштелер ага келишкенде ал алар үчүн элинин бузукулугунан коркуп жаман абалга түштү, алардын келгенине кыжалат болду. Анткени ал периштелер эркектердин келбетинде келишкен эле. Коому болсо аялдардан эмес, эркектерден жыныстык кумарларын кандырышчу. Периштелер ага айтышты: «Коркпо! Элиң сага эч кандай зыян бере албайт. Биз аларды кыйратып жок кылабыз дегенибиз үчүн кайгырба! Биз сени жана үй-бүлөңдү куткарабыз. Аялың гана кыйрагандар менен кошо калат. Биз аны алар менен бирге жок кылабыз. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 29

إِنَّا مُنزِلُونَ عَلَىٰٓ أَهۡلِ هَٰذِهِ ٱلۡقَرۡيَةِ رِجۡزٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ بِمَا كَانُواْ يَفۡسُقُونَ

Биз бузукулуктарды кылган бул калаанын элине асмандан бышкан чопо таштарды жаадырып азап түшүрөбүз. Аларга берилген бул жаза Аллахка баш ийбестик кылышканы үчүн болду. Анткени алар аялдарга эмес, эркектерге кошулуп жийиркеничтүү бузукулук кылышты. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 29

وَلَقَد تَّرَكۡنَا مِنۡهَآ ءَايَةَۢ بَيِّنَةٗ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ

Биз ал жок кылган калаадан акыл жүгүрткөн адамдар үчүн аят-белгилерди калтырдык. Анткени ошолор аят-белгилерден сабак алышат. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 29

وَإِلَىٰ مَدۡيَنَ أَخَاهُمۡ شُعَيۡبٗا فَقَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَٱرۡجُواْ ٱلۡيَوۡمَ ٱلۡأٓخِرَ وَلَا تَعۡثَوۡاْ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُفۡسِدِينَ

Жана Биз Мадиянга алардын тектеш тууганы Шуайбды пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: «Оо, элим! Аллахка гана сыйынгыла. Кылган ибадатыңар менен акырет күндөгү Анын сыйлыгын гана үмүт кылгыла. Жана жер бетинде күнөөлөрдү кылуу жана жаюу менен бузукулук кылбагыла». info
التفاسير:

external-link copy
37 : 29

فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلرَّجۡفَةُ فَأَصۡبَحُواْ فِي دَارِهِمۡ جَٰثِمِينَ

Эли аны жалганга чыгарды. Ошондо аларга жер титирөө келип тийип, өз турак-жайларында жүзү менен жер сүзгөн абалда кыймылсыз сулап жатып калышты. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 29

وَعَادٗا وَثَمُودَاْ وَقَد تَّبَيَّنَ لَكُم مِّن مَّسَٰكِنِهِمۡۖ وَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَعۡمَٰلَهُمۡ فَصَدَّهُمۡ عَنِ ٱلسَّبِيلِ وَكَانُواْ مُسۡتَبۡصِرِينَ

Ошондой эле Салихтин коому "Аадды" жана Худдун коому "Самудду" да кыйратып жок кылдык. Эй, Мекке эли! Силерге алардын кыйраганын билдирген белгилер Хадрамаут тараптагы Аль-Хижр менен Аль-Шихрдеги турак-жайларынан көрүнүп турат го. Алардын бош калган турак-жайлары алардын кыйрап жок болгонуна далил. Шайтан алардын каапырлыктарын жана күнөөлөрүн аларга кооз көргөзүп, аларды туура жолдон адаштырды. Аларга пайгамбарлары үйрөткөндүктөн, алар акыйкат менен жалганды, туура жол менен адашууну айырмалай билген адамдар болгон. Бирок, туура жолду эрчибей, напсинин бузулган каалоосуна ээрчип кетишти. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• قوله تعالى:﴿ وَقَد تَّبَيَّنَ..﴾ تدل على معرفة العرب بمساكنهم وأخبارهم.
Аллахтын «…анык билинип турат» деген сөзү арабдар алардын турак-жайларын жана кабарларын билишерине далил болот. info

• العلائق البشرية لا تنفع إلا مع الإيمان.
Адамдардын ортосундагы мамиле ыймандын негизинде болгондо гана пайда берет. info

• الحرص على أمن الضيوف وسلامتهم من الاعتداء عليهم.
Коноктордун тынчтыгына жана зомбулуктан коопсуз болуусуна көңүл буруу. info

• منازل المُهْلَكين بالعذاب عبرة للمعتبرين.
Азап менен кыйроого дуушар болгондордун жашаган жайлары адамдар үчүн үлгү-сабак болот. info

• العلم بالحق لا ينفع مع اتباع الهوى وإيثاره على الهدى.
Эгер напсинин бузук каалоолорун ээрчип, аны туура жолдон артык көрсө, анда акыйкатты билүү пайда бербейт. info