ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

external-link copy
32 : 29

قَالَ إِنَّ فِيهَا لُوطٗاۚ قَالُواْ نَحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَن فِيهَاۖ لَنُنَجِّيَنَّهُۥ وَأَهۡلَهُۥٓ إِلَّا ٱمۡرَأَتَهُۥ كَانَتۡ مِنَ ٱلۡغَٰبِرِينَ

Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы болсун) периштелерге: «Силер жок кылабыз деген шаарда Лут бар го. Ал заалымдардан эмес» – деди. Периштелер айтышты: «Биз ал жакта кимдер бар экенин жакшы билебиз. Биз аны жана үй-бүлөсүн шаар элине түшкөн кыйроодон куткарабыз. Бирок анын аялын куткарбайбыз. Ал ошол жерде калган кыйроочулардан болот, аны алар менен кошо жок кылабыз». info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• قوله تعالى:﴿ وَقَد تَّبَيَّنَ..﴾ تدل على معرفة العرب بمساكنهم وأخبارهم.
Аллахтын «…анык билинип турат» деген сөзү арабдар алардын турак-жайларын жана кабарларын билишерине далил болот. info

• العلائق البشرية لا تنفع إلا مع الإيمان.
Адамдардын ортосундагы мамиле ыймандын негизинде болгондо гана пайда берет. info

• الحرص على أمن الضيوف وسلامتهم من الاعتداء عليهم.
Коноктордун тынчтыгына жана зомбулуктан коопсуз болуусуна көңүл буруу. info

• منازل المُهْلَكين بالعذاب عبرة للمعتبرين.
Азап менен кыйроого дуушар болгондордун жашаган жайлары адамдар үчүн үлгү-сабак болот. info

• العلم بالحق لا ينفع مع اتباع الهوى وإيثاره على الهدى.
Эгер напсинин бузук каалоолорун ээрчип, аны туура жолдон артык көрсө, анда акыйкатты билүү пайда бербейт. info