ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
39 : 22

أُذِنَ لِلَّذِينَ يُقَٰتَلُونَ بِأَنَّهُمۡ ظُلِمُواْۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ نَصۡرِهِمۡ لَقَدِيرٌ

Мушриктердин чабуулуна туш болгон ыймандуулар душмандары тараптан көргөн зулумдуктары үчүн аларга каршы согушууга Аллах уруксат берди. Албетте Аллах ыймандууларга душмандарына каршы согушсуз эле жардам берүүгө кудуреттүү. Бирок Анын даанышмандыгы ыймандууларды каапырларга каршы согуштуруп сыноону талап кылат. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 22

ٱلَّذِينَ أُخۡرِجُواْ مِن دِيَٰرِهِم بِغَيۡرِ حَقٍّ إِلَّآ أَن يَقُولُواْ رَبُّنَا ٱللَّهُۗ وَلَوۡلَا دَفۡعُ ٱللَّهِ ٱلنَّاسَ بَعۡضَهُم بِبَعۡضٖ لَّهُدِّمَتۡ صَوَٰمِعُ وَبِيَعٞ وَصَلَوَٰتٞ وَمَسَٰجِدُ يُذۡكَرُ فِيهَا ٱسۡمُ ٱللَّهِ كَثِيرٗاۗ وَلَيَنصُرَنَّ ٱللَّهُ مَن يَنصُرُهُۥٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ

Каапырлар аларды өз мекенинен зулумдук менен алар эч кандай кылмыш кылышпаса да “Раббибиз Аллах, Андан башка Раббибиз жок” деп айткандары үчүн гана кууп чыгышты. Эгерде Аллах пайгамбарларына жана ыймандууларга душмандарга каршы согушууну өкүм кылбаганда, алардын ибадат жайларына кол салышып, кечилдердин ибадатканаларын, христиандардын чиркөөлөрүн, жөөттөрдүн синагогаларын, намаз окуу үчүн даярдалган жана Аллахты көп зикир кылган мусулмандардын мечиттерин талкалашмак. Аллахтын динине жана пайгамбарына жардам бергендерге Аллах сөзсүз жардам берет. Чындыгында Аллах динине жардам бергендерге жардам берүүгө Кубаттуу жана Аны эч ким жеңе албаган Кудуреттүү. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 22

ٱلَّذِينَ إِن مَّكَّنَّٰهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ أَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَوُاْ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَمَرُواْ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَنَهَوۡاْ عَنِ ٱلۡمُنكَرِۗ وَلِلَّهِ عَٰقِبَةُ ٱلۡأُمُورِ

Жардам убада кылынган ал адамдарга эгер Биз душмандарына каршы жардам берип, аларды жер бетинде бийлик кылдырсак, анда алар намазды толук түрдө аткарышат, мал-мүлктөрүнөн зекет беришет, шарият буйруганды буйрушат жана ал тыйганды тыйышат. Сооп же жаза алууда иштердин акыбети жалгыз Аллахка гана кайтат. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 22

وَإِن يُكَذِّبُوكَ فَقَدۡ كَذَّبَتۡ قَبۡلَهُمۡ قَوۡمُ نُوحٖ وَعَادٞ وَثَمُودُ

Оо, пайгамбар! Эгерде элиң сени жалганга чыгарса, анда сабыр кыл! Сен коому жалганга чыгарган пайгамбарлардын биринчиси эмессиң. Сенин коомуңдан мурун Нухту коому жалганга чыгарган, Аад коому Худду жалганга чыгарган, Самуд коому Салихти жалганга чыгарган. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 22

وَقَوۡمُ إِبۡرَٰهِيمَ وَقَوۡمُ لُوطٖ

Ибрахимди коому жалганга чыгарган, Лутту коому жалганга чыгарган. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 22

وَأَصۡحَٰبُ مَدۡيَنَۖ وَكُذِّبَ مُوسَىٰۖ فَأَمۡلَيۡتُ لِلۡكَٰفِرِينَ ثُمَّ أَخَذۡتُهُمۡۖ فَكَيۡفَ كَانَ نَكِيرِ

Мадиян эли Шуайбды жалганга чыгарган, Фараон менен анын коому Мусаны жалганга чыгарган. Мен алардын коомдоруна мөөнөт берип жазаны кечиктирдим, кийин аларды азап менен кармадым. Карачы, Мен алардын каапырлыгын кайтарып азаптап жок кылганымды. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 22

فَكَأَيِّن مِّن قَرۡيَةٍ أَهۡلَكۡنَٰهَا وَهِيَ ظَالِمَةٞ فَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَىٰ عُرُوشِهَا وَبِئۡرٖ مُّعَطَّلَةٖ وَقَصۡرٖ مَّشِيدٍ

Биз каапырлык себептүү зулум кылган нечендеген шаарларды кыргын азап менен кыйратып жок кылдык. Эми алардын үйлөрү талкаланып, жашоочулары жок ээн калды. Нечендеген кудуктар таштандыда калды, алардан суу алгандар кыйрап жок болду. Нечендеген бийик кооз хансарайлар андагы жашагандарды азаптан коргой албады. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 22

أَفَلَمۡ يَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَتَكُونَ لَهُمۡ قُلُوبٞ يَعۡقِلُونَ بِهَآ أَوۡ ءَاذَانٞ يَسۡمَعُونَ بِهَاۖ فَإِنَّهَا لَا تَعۡمَى ٱلۡأَبۡصَٰرُ وَلَٰكِن تَعۡمَى ٱلۡقُلُوبُ ٱلَّتِي فِي ٱلصُّدُورِ

Пайгамбар алып келгенди жалганга чыгаргандар ошол кыйраган шаарлардын урандыларын көрүш үчүн жер бетин кыдырышпайбы? Акыл жүгүртүп үлгү-насаат алышпайбы, алардын окуяларын кабыл алуу менен угуп сабак алышпайбы? Чындыгында көзү көрбөгөндүк сокурлук эмес, чыныгы кыйратуучу сокурлук жүрөктүн, түшүнүктүн сокурлугу. Анткени андай адам үлгү да, сабак да албайт. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• إثبات صفتي القوة والعزة لله.
Аллах таала кубаттуулук жана кудуреттүүлүк сыпаттарына ээ экендигин тастыктоо. info

• إثبات مشروعية الجهاد؛ للحفاظ على مواطن العبادة.
Ибадат жайларын коргош үчүн Аллах жолунда согушуунун шариятта уруксат экендигин тастыктоо. info

• إقامة الدين سبب لنصر الله لعبيده المؤمنين.
Динди тургузуу Аллахтын ыймандуу пенделерине жардам берүүсүнө себеп болот. info

• عمى القلوب مانع من الاعتبار بآيات الله.
Жүрөктүн сокурлугу Аллахтын аяттарынан үлгү-насаат алуудан тосот. info