ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
31 : 22

حُنَفَآءَ لِلَّهِ غَيۡرَ مُشۡرِكِينَ بِهِۦۚ وَمَن يُشۡرِكۡ بِٱللَّهِ فَكَأَنَّمَا خَرَّ مِنَ ٱلسَّمَآءِ فَتَخۡطَفُهُ ٱلطَّيۡرُ أَوۡ تَهۡوِي بِهِ ٱلرِّيحُ فِي مَكَانٖ سَحِيقٖ

Силер Аллах Өзү ыраазы болгон динден башка диндерден алыс болуп, сыйынууда Ага эч бир нерсени шерик кылбагыла! Кимде-ким Аллахка ширк кылса, ал асмандан кулап түшкөн же куштар аны эт-сөөгүн апчып жулушкан же шамал аны алыс жактарга учуруп таштаган сыяктуу. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 22

ذَٰلِكَۖ وَمَن يُعَظِّمۡ شَعَٰٓئِرَ ٱللَّهِ فَإِنَّهَا مِن تَقۡوَى ٱلۡقُلُوبِ

Мына ушулар – Аллахты жалгыздоо, Ага ыкластуу болуу, айкел-буттардан жана жалган сөздөрдөн алыс болуу сыяктуу Аллах буйруган нерселер. Кимде-ким курмандык чалуу, ажылык жөрөлгөлөрүн аткаруу сыяктуу Аллахтын диний белгилерин урматтаса, анда ал урматтаганы жүрөктөрдүн Раббисине болгон такыбалыгынан. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 22

لَكُمۡ فِيهَا مَنَٰفِعُ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى ثُمَّ مَحِلُّهَآ إِلَى ٱلۡبَيۡتِ ٱلۡعَتِيقِ

Силер Ыйык Үйдө курмандыкка чалган мал-жандыктарда силер үчүн пайдалар бар. Силер аларды Аллах залымдардын карамагынан чыгарган Өзүнүн Үйүнө жакын жерде сойгонго чейин белгилүү убакыт аралыгында минесиңер, урук аласыңар, жүнүн жана сүтүн пайдаланасыңар. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 22

وَلِكُلِّ أُمَّةٖ جَعَلۡنَا مَنسَكٗا لِّيَذۡكُرُواْ ٱسۡمَ ٱللَّهِ عَلَىٰ مَا رَزَقَهُم مِّنۢ بَهِيمَةِ ٱلۡأَنۡعَٰمِۗ فَإِلَٰهُكُمۡ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞ فَلَهُۥٓ أَسۡلِمُواْۗ وَبَشِّرِ ٱلۡمُخۡبِتِينَ

Биз мурунку бардык үммөттөргө Аллахка жакындаш үчүн кан чыгарууга байланышкан диний жөрөлгөнү кылганбыз. Биз аны аларга берген төө, уй жана кой сыяктуу ырыскылары үчүн Аллахка шүгүр кылуу максатта алар курмандыктарды союп жаткан учурда Аллахтын атын атасын деген үмүттө кылганбыз. Эй, адамдар! Силердин чыныгы кудайыңар жалгыз кудай жана Анын шериги жок. Жалгыз ага гана моюн сунуп баш ийгиле! Эй, пайгамбар! Ыкластууларга, жалбаруучуларга сүйүнчү кабарды жеткир! info
التفاسير:

external-link copy
35 : 22

ٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ ٱللَّهُ وَجِلَتۡ قُلُوبُهُمۡ وَٱلصَّٰبِرِينَ عَلَىٰ مَآ أَصَابَهُمۡ وَٱلۡمُقِيمِي ٱلصَّلَوٰةِ وَمِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ يُنفِقُونَ

Аларга Аллах тууралуу эскертилгенде Анын жазасынан коркот, Анын буйругуна каршы чыкпайт, башына келген балээге сабыр кылат жана намазды жеткиликтүү аткарат. Аллах аларга берген ырыскыдан жакшы жолдорго сарптайт. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 22

وَٱلۡبُدۡنَ جَعَلۡنَٰهَا لَكُم مِّن شَعَٰٓئِرِ ٱللَّهِ لَكُمۡ فِيهَا خَيۡرٞۖ فَٱذۡكُرُواْ ٱسۡمَ ٱللَّهِ عَلَيۡهَا صَوَآفَّۖ فَإِذَا وَجَبَتۡ جُنُوبُهَا فَكُلُواْ مِنۡهَا وَأَطۡعِمُواْ ٱلۡقَانِعَ وَٱلۡمُعۡتَرَّۚ كَذَٰلِكَ سَخَّرۡنَٰهَا لَكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ

Биз Ыйык Үйгө курмандыкка союлган төөлөр менен уйларды силер үчүн диний жөрөлгө жана белги кылдык. Аларда силер үчүн дүйнөлүк жана диний пайдалар бар. Эй, курмандык чалуучулар! Аларды сойордо “Бисмиллах (Аллахтын ысымы менен)” деп айткыла! Ага чейин буттарын түздөп, ал качпаш үчүн тике турган абалында бир бутуна тушоо салгыла. Сойгондон кийин ал капталына жыгылат, андан өзүңөр жегиле, ошондой эле сураган кедейлерге жана суроодон уяттуулугунан тыйылган кембагалдарга бергиле! Ошол сыяктуу эле алар менен жүк ташуу үчүн жана аларды миниш үчүн силерге моюн сундурдук. Жана Аллахка жакындаш үчүн аларды кай жерде сойсоңор да баш бере турган кылып силерге моюн сундуруп койдук. Балким Аллах силерге аларды баш ийдирген жакшылыгына шүгүр кыларсыңар. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 22

لَن يَنَالَ ٱللَّهَ لُحُومُهَا وَلَا دِمَآؤُهَا وَلَٰكِن يَنَالُهُ ٱلتَّقۡوَىٰ مِنكُمۡۚ كَذَٰلِكَ سَخَّرَهَا لَكُمۡ لِتُكَبِّرُواْ ٱللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَىٰكُمۡۗ وَبَشِّرِ ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Силердин чалган курмандыгыңардын эти да, каны да Аллахка жетпейт жана Ага көтөрүлбөйт. Бирок бул нерседе силердин Аллахтан болгон такыбалыгыңар гана көтөрүлөт. Андыктан Ага жакындаш үчүн баш ийип аткарганыңарды ыкластуулук менен кылгыла. Ошондой эле Аллах силерди туура жолго салганы үчүн Ага шүгүр кылып, Аны улукташыңар үчүн жандыктарды силерге моюн сундурду. Оо, пайгамбар! Раббисине болгон сыйынууда жана адамдар менен болгон мамиледе жакшылык кылгандарга сүйүнчү кабарды жеткир! info
التفاسير:

external-link copy
38 : 22

۞ إِنَّ ٱللَّهَ يُدَٰفِعُ عَنِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ كُلَّ خَوَّانٖ كَفُورٍ

Аллах ыйман келтиргендерди душмандарынын жамандыгынан коргойт. Чындыгында Аллах аманатка кыянатчылдарды, Аллахтын жакшылыгын танып, Ага шүгүр кылбагандарды жакшы көрбөйт. Тескерисинче, аларды жек көрөт. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• ضَرْب المثل لتقريب الصور المعنوية بجعلها في ثوب حسي، مقصد تربوي عظيم.
Абстрактуу элестерди конкреттүү элестерге жакындатып бериш үчүн мисал келтирүү – тарбиянын бийик максаттарынан. info

• فضل التواضع.
Кичипейилдиктин артыкчылыгы. info

• الإحسان سبب للسعادة.
Жакшылык кылуу – бактылуулукка жетүүнүн себеби. info

• الإيمان سبب لدفاع الله عن العبد ورعايته له.
Ыйман – Аллахтын пендесине болгон коргоосунун жана камкордугунун себеби. info