ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
24 : 22

وَهُدُوٓاْ إِلَى ٱلطَّيِّبِ مِنَ ٱلۡقَوۡلِ وَهُدُوٓاْ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلۡحَمِيدِ

Аллах аларды дүйнө жашоосунда күбөлүк келмеси “Лаа илааха иллаллах”, “Аллаху акбар” (Аллахты улуктоо) жана “Алхамдулиллах” (Аллахка мактоолорду айтуу) сыяктуу асыл сөздөргө багыттаган. Ошондой эле мактоого ылайык Ислам жолуна багыттаган. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 22

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَيَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ ٱلَّذِي جَعَلۡنَٰهُ لِلنَّاسِ سَوَآءً ٱلۡعَٰكِفُ فِيهِ وَٱلۡبَادِۚ وَمَن يُرِدۡ فِيهِ بِإِلۡحَادِۭ بِظُلۡمٖ نُّذِقۡهُ مِنۡ عَذَابٍ أَلِيمٖ

Аллахка каапырлык кылгандарга жана башкаларды Исламга кирүүдөн бургандарга, ошондой эле адамдарды Худайбия жылындагыдай Аль-Харам мечитинен тоскондорго жакында кыйноочу азапты таттырабыз. Биз адамдар үчүн намаздарында кыбыла кылган жана ажылык менен умранын жөрөлгөлөрүнөн кылган Аль-Харам мечити – ал жерде жашаган меккеликке да, Мекке элинен эмес сырттан келгендерге да бирдей. Ким анын ичинде акыйкаттан бурулуп атайылап күнөө иш кылган болсо, анда Биз ага кыйноочу азапты тартырабыз. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 22

وَإِذۡ بَوَّأۡنَا لِإِبۡرَٰهِيمَ مَكَانَ ٱلۡبَيۡتِ أَن لَّا تُشۡرِكۡ بِي شَيۡـٔٗا وَطَهِّرۡ بَيۡتِيَ لِلطَّآئِفِينَ وَٱلۡقَآئِمِينَ وَٱلرُّكَّعِ ٱلسُّجُودِ

Оо, пайгамбар! Эстечи, Биз Ибрахимге Каабанын жайгашкан жерин жана анын чегарасын айтып бердик. Ал ага чейин белгисиз болуп кеткен. Ошондой эле Биз ага вахий кылдык: «Мага сыйынууда эч кимди шерик кылба, жалгыз Өзүмө гана сыйын жана таваф кылгандар (Каабаны айлангандар) менен намаз окугандар үчүн Үйүмдү ички жана сырткы ыпыластардан тазала». info
التفاسير:

external-link copy
27 : 22

وَأَذِّن فِي ٱلنَّاسِ بِٱلۡحَجِّ يَأۡتُوكَ رِجَالٗا وَعَلَىٰ كُلِّ ضَامِرٖ يَأۡتِينَ مِن كُلِّ فَجٍّ عَمِيقٖ

Адамдарга жар салып, Биз сага кур деп буйруган бул Үйгө аларды ажылык кылууга чакыр! Алар сага жөө жалаң же жол жүрүп арыктап азган төөлөрдү минип келишет. Аларды төөлөрү алыскы жолдордон ташып келет. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 22

لِّيَشۡهَدُواْ مَنَٰفِعَ لَهُمۡ وَيَذۡكُرُواْ ٱسۡمَ ٱللَّهِ فِيٓ أَيَّامٖ مَّعۡلُومَٰتٍ عَلَىٰ مَا رَزَقَهُم مِّنۢ بَهِيمَةِ ٱلۡأَنۡعَٰمِۖ فَكُلُواْ مِنۡهَا وَأَطۡعِمُواْ ٱلۡبَآئِسَ ٱلۡفَقِيرَ

Алар күнөөнүн кечирилүүсү, соопторго жетүү жана бирдиктүү сөзгө келүү сыяктуу пайдаларды алып келген нерселерге күбө болушсун. Ошондой эле аларга берилген төө, уй, кой сыяктуу ырыскылары үчүн Аллахка шүгүр келтирүү максатта белгилүү күндөрдө союшкан курмандыктарына Аллахтын атын аташсын. Ал күндөр – Зулхижжа айынын ону жана андан кийинки үч күн. Ал курмандыктардан өзүңөр жегиле жана андан байкуш, кембагалдарды тамактандыргыла! info
التفاسير:

external-link copy
29 : 22

ثُمَّ لۡيَقۡضُواْ تَفَثَهُمۡ وَلۡيُوفُواْ نُذُورَهُمۡ وَلۡيَطَّوَّفُواْ بِٱلۡبَيۡتِ ٱلۡعَتِيقِ

Андан кийин алар ажылыктын калган жөрөлгөлөрүн аткарышсын, чачтарын жана тырмактарын алышсын, ихрам кийиминде бир нече күндөр жүргөнү себептүү чогулуп калган денелериндеги кирлеринен тазаланышсын. Жана ажылык же умра же курмандык чалуу сыяктуу өздөрүнө милдет кылган убадаларын аткарышсын. Ошондой эле Аллах залымдардын карамагынан чыгарган Үйдү (Каабаны) айланып (парз) тавафын кылышсын. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 22

ذَٰلِكَۖ وَمَن يُعَظِّمۡ حُرُمَٰتِ ٱللَّهِ فَهُوَ خَيۡرٞ لَّهُۥ عِندَ رَبِّهِۦۗ وَأُحِلَّتۡ لَكُمُ ٱلۡأَنۡعَٰمُ إِلَّا مَا يُتۡلَىٰ عَلَيۡكُمۡۖ فَٱجۡتَنِبُواْ ٱلرِّجۡسَ مِنَ ٱلۡأَوۡثَٰنِ وَٱجۡتَنِبُواْ قَوۡلَ ٱلزُّورِ

Биз силерге чачты жана тырмакты алуу, кирлерди кетирүү, өзүнө милдет кылган убадаларды аткаруу жана Үйдү таваф кылуу сыяктуу буйруган нерселерди – Аллах силерге милдет кылды. Аллахтын силерге кылган милдеттерин урматтагыла! Кимде-ким ихрамда жүргөндө Аллах ташта деп буйруган нерселерди таштап, Аллахты улукташ үчүн Анын чектерин карманса жана Ал арам кылган нерселерди адал дебесе, анда бул кылганы Аллахтын алдында ал үчүн дүйнөдө да, акыретте да жакшыраак. Эй, адамдар! Силерге төө, уй жана кой сыяктуу айбандар адал кылынды. Ошондой эле алардын ичинен хами, бахира жана васыла (Исламдан алдынкы доордо жашаган араб мушриктеринде бул аты аталган жаныбарларды буттарына арнап же кайсы бир нерсеге жеткенде пайдаланууга болбойт деп өкүм чыгарып, таштап салышчу. Хами: бул төөнүн эркеги болуп саналат. Андан бир нече жакшы тукум алынса, аны болду, кызматты бүттү дегендей талаага бош коюп жиберишчү. Бахира: эгерде төө жандыгы көп жолу бала тууган болсо анын кулагына белги салып, болду эми аны пайдаланууга болбойт деп таштап коюшчу. Васыла: бул төөнүн ургачысы эгерде удаама-удаа бир нече жолу ургаачы гана ботолорду тууган болсо, аны да кызматы бүттү деп пайдаланбастан талаага бош коюп жиберишчү. Ислам бул туура эмес өкүмдөрдү жокко чыгарган.) төөлөрүн силерге арам кылган эмес. Ал силерге өлүмтүк, кан ж.б.у.с. Куранда арам деп келген нерселерди гана арам кылды. Эми силер ыплас айкел-буттардан алыс болгула! Ошондой эле Аллахка жана Анын жараткандарына карата айтылган жалган жалаа сөздөрдөн алыс болгула! info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• حرمة البيت الحرام تقتضي الاحتياط من المعاصي فيه أكثر من غيره.
Аль-Харам мечитинин ыйыктыгы – башка жерлерге караганда ал жерде күнөө кылуудан көбүрөөк этият болууну талап кылат. info

• بيت الله الحرام مهوى أفئدة المؤمنين في كل زمان ومكان.
Аллахтын үйү (Харам мечити) – бардык учурда жана бардык жерде ыймандуулардын жүрөгүнө чеп-калкан. info

• منافع الحج عائدة إلى الناس سواء الدنيوية أو الأخروية.
Ажылыктын пайдалары дүйнөлүк же акыреттик болобу адамдардын өзүнө кайтат. info

• شكر النعم يقتضي العطف على الضعفاء.
Жакшылыктарга шүгүр кылуу алсыздарга мээримдүүлүк кылууну талап кылат. info