[1] "Хашр"дын мааниси "Сүргүн". Бул сүрөнүн дагы бир аталышы "Бану Назир". Анткени, сүрөдө Бану Назир яхудилерин сүргүн кылуу окуясы баяндалат. Окуучуга сүрө аяттары түшүнүктүүрөөк болушу үчүн окуяларга учкай токтолуп кетебиз. Пайгамбарыбыз саллалоху алайхи ва саллам Меккеден Мединага хижрат кылып келген учурда бул жерде бир нече яхуди уруулары жашаган. Бану Назир ошол уруулардын бири. Пайгамбарыбыз Мединага ислам динин жайылта баштаганда яхуди уруулары менен өз ара тынчтык жана кол салышпастык келишимин түзгөн. Анан, белгилүү "бадр" согушунда аз сандуу мусулмандар үч эсе көп Мекке мушриктерин жеңип алышканда, яхудилер далбасага түшүп "Булардын эсебин таппаса болбойт" деп ойлоп жүрүшкөн. Арадан көп узабай "Ухуд" согушу болуп, анда мусулмандар жеңилет. Дал ушундай мезгилди күтүп турган яхудилер мушриктерге жетип барышып, алар менен мусулмандарга каршы сүйлөшүүнү сүйлөшүшөт. Дагы бир мезгилде пайгамбарыбыз бир жумуш менен Бану Назирге барып, бир үйдүн түбүндө эс алып турганда яхудилер үстүнөн чоң таш кулатышып, жанына кастык жасашат. Пайгамбарыбыз саллалоху алайхи ва саллам Аллахтан келген вахий кабары себептүү эки кутумдан тең кабардар болот жана тезинен Мединага барып, Бану Назирге каршы кол курап келип, алардын чептерин курчоого алып, курма бактарын кыйдырып, кысымды күчөтөт. Арадан бир нече күн өткөндөн соң, яхудилер элчи жиберишип, кыянаттык менен бузган келишимдерин жаңылоону сунуш кылышат. Бирок, пайгамбарыбыз саллалоху алайхи ва саллам кыянатчылар менен эч кандай келишим болбостугун билдирет жана яхудилерге мөөнөт берип, ар бир адам бир төө көтөргүдөй жүк-тагын алып шаардан чыгып кетүүнү талап кылат. Кыянатчы Бану Назир уруусу ушинтип "Хайбар" деген жерге сүргүн кылынат. Бирок, яхудилер тымызын кыянаттарын уланта бергени себептүү кийинчерээк алар Хайбардан да куулуп чыгарылат. Ошондуктан, сүрөнүн башында Бану Назир сүргүнүн "биринчи сүргүн" деп аталган.
[1] Яхудилердин сепилдери чынында бекем, бийик болчу. Алар эшиктерин бекем жаап алышып, астейдил коргонууну максат кылышкан. Бирок, Аллах таала Өзүнүн «коркуу» деген аскерлерин алардын жүрөгүнө багыттады. Натыйжада азыр эле эрдемсинип турган яхудилер титиреп-какшап, көчүп кетүү үчүн өз үйлөрүн өз колдору менен буза баштады.
[1] Мусулмандар курчоодогу Бану Назирди алсыратыш үчүн курма бактарын кыя баштаганда, мунафыктар муну айыптап чыгышты. Мындай адат мусулмандардын согуш эрежесинде да жок болчу. Ошондуктан, пайгамбарыбыз дагы кыжаалат болуп турганда ушул аят түшүп, арадан кыжаалатчылык көтөрүлдү.
[1] Аллахтын дининин күч алышы үчүн.
[2] Мунун себеби, пайгамбар менен анын туугандары садака жебейт.
[3] Мурунку замандарда көбүнчө аскерлерди улоо жана курал-жарак менен бай адамдар каржылап, олжону дагы байлар алышкан. Бул аят ошол эрежени жокко чыгарды.
[1] Алар Аллахтан коркуунун ордуна жоокерлерден коркушту. Бирок, алар чындап корккон нерсе (коркуу сезими) Аллах тараптан келди.
[1] Бану Назир окуясынан бир аз мурдараак шан-шөкөт менен, айбаттуудай көрүнүп, «Бадр» согушуна келген Мекке мушриктери өздөрүнөн үч эсе аз мусулмандардан жеңилип калышкан.
[1] Булар жана кийинки (24-) аяттагылар Аллах тааланын Ыйык Куранда келген ысымдарынан. Булардын толук мааниси боюнча сөз башы бөлүмүндөгү «Аль-Асмаа ул Хуснаа» (Аллах тааланын керемет ысым-сыпаттары) деген темага кайрылыңыз.