クルアーンの対訳 - キルギス語対訳 - Shamsuddin Hakimov

ページ番号:close

external-link copy
4 : 59

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ شَآقُّواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥۖ وَمَن يُشَآقِّ ٱللَّهَ فَإِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ

Мунун себеби, алар Аллах менен Анын пайгамбарына душман чыгышты. Ким Аллахка душман болсо, (билип алсын:) Аллахтын жазасы катуу! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 59

مَا قَطَعۡتُم مِّن لِّينَةٍ أَوۡ تَرَكۡتُمُوهَا قَآئِمَةً عَلَىٰٓ أُصُولِهَا فَبِإِذۡنِ ٱللَّهِ وَلِيُخۡزِيَ ٱلۡفَٰسِقِينَ

(Оо, момундар!) эгер алардын курма бактарын кыйсаңар же тамырында турган бойдон калтырган болсоңор, (бардыгын) Аллахтын уруксаты менен жана бузукулардын адебин бериш үчүн жасадыңар.[1] info

[1] Мусулмандар курчоодогу Бану Назирди алсыратыш үчүн курма бактарын кыя баштаганда, мунафыктар муну айыптап чыгышты. Мындай адат мусулмандардын согуш эрежесинде да жок болчу. Ошондуктан, пайгамбарыбыз дагы кыжаалат болуп турганда ушул аят түшүп, арадан кыжаалатчылык көтөрүлдү.

التفاسير:

external-link copy
6 : 59

وَمَآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ مِنۡهُمۡ فَمَآ أَوۡجَفۡتُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ خَيۡلٖ وَلَا رِكَابٖ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يُسَلِّطُ رُسُلَهُۥ عَلَىٰ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ

Аллах Өз пайгамбарына алардан олжолоп берген нерсеге силер ат чаптырып, төө жорттуруп барбадыңар. Бирок, Аллах Өзүнүн пайгамбарларын каалаган пенделеринин үстүнөн жеңүүчү кылат. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 59

مَّآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ مِنۡ أَهۡلِ ٱلۡقُرَىٰ فَلِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ وَلِذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِ كَيۡ لَا يَكُونَ دُولَةَۢ بَيۡنَ ٱلۡأَغۡنِيَآءِ مِنكُمۡۚ وَمَآ ءَاتَىٰكُمُ ٱلرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَىٰكُمۡ عَنۡهُ فَٱنتَهُواْۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۖ إِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ

Аллах (Бану Назир) айылынын элинен Өз пайгамбарына олжолоп берген нерсе Аллахка,[1] пайгамбарга, тууган-туушкандарга,[2] жетимдерге, бей-бечараларга жана мусапырларга (бөлүнөт. Мунун себеби байлык) араңардагы (бир ууч) байлардын колунда гана айланган мүлк болуп (кембагалдар бейнасип) калбаш үчүн.[3] Жана (оо, момундар!) Пайгамбар силерди эмнеге буюрса, дароо кабыл алгыла, эмнеден кайтарса, ошол замат кайткыла! Аллахтан корккула, чынында Аллахтын азабы катуу! info

[1] Аллахтын дининин күч алышы үчүн.
[2] Мунун себеби, пайгамбар менен анын туугандары садака жебейт.
[3] Мурунку замандарда көбүнчө аскерлерди улоо жана курал-жарак менен бай адамдар каржылап, олжону дагы байлар алышкан. Бул аят ошол эрежени жокко чыгарды.

التفاسير:

external-link copy
8 : 59

لِلۡفُقَرَآءِ ٱلۡمُهَٰجِرِينَ ٱلَّذِينَ أُخۡرِجُواْ مِن دِيَٰرِهِمۡ وَأَمۡوَٰلِهِمۡ يَبۡتَغُونَ فَضۡلٗا مِّنَ ٱللَّهِ وَرِضۡوَٰنٗا وَيَنصُرُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلصَّٰدِقُونَ

(Жана ал олжолор) журттарынан (Меккеден) жана мал-мүлкүнөн чыгарып жиберилген кембагал мухажирлерге (бөлүнөт). Алар (хижрат кылуу менен) Аллахтын пазилетин, ыразычылыгын гана үмүт кылышкан жана Аллах(тын дини) менен пайгамбарына жардам беришкен. Алар (ыйманында) чынчыл пенделер! info
التفاسير:

external-link copy
9 : 59

وَٱلَّذِينَ تَبَوَّءُو ٱلدَّارَ وَٱلۡإِيمَٰنَ مِن قَبۡلِهِمۡ يُحِبُّونَ مَنۡ هَاجَرَ إِلَيۡهِمۡ وَلَا يَجِدُونَ فِي صُدُورِهِمۡ حَاجَةٗ مِّمَّآ أُوتُواْ وَيُؤۡثِرُونَ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡ وَلَوۡ كَانَ بِهِمۡ خَصَاصَةٞۚ وَمَن يُوقَ شُحَّ نَفۡسِهِۦ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

Ал эми, аларды (алардын көчүп келишин) утурлап, короо-жайлары менен ыймандарын(ын жылуулугун) даярдап койгон (Мединалык) момундар, өздөрүнө хижрат кылып келгендерди сүйөт жана аларга берилген олжо себептүү жүрөктөрүндө көралбастык сезимин туйбайт. Өздөрүндө жетишпестик болуп турса да, аларды(н пайдасын) өздөрүнөн жогору коюшат. Ким напсинин сугалактыгынан сактана алса, дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетет. info
التفاسير: