クルアーンの対訳 - キルギス語対訳 - Shamsuddin Hakimov

ページ番号:close

external-link copy
13 : 36

وَٱضۡرِبۡ لَهُم مَّثَلًا أَصۡحَٰبَ ٱلۡقَرۡيَةِ إِذۡ جَآءَهَا ٱلۡمُرۡسَلُونَ

Жана сен аларга (мушриктерге) каапыр шаардын элдерин мисалга тарт: Бир кезде ал шаарга пайгамбарлар келди.[1] info

[1] Бул шаар жөнүндө Куранда жана Сүннөттө анык маалымат жок. Кээ бир тафсирчилер ал шаар Антокия болгон. Эли каапыр болгон. Ал эми аларга жиберилген элчилер Иса пайгамбардын шакирттеринен экөө болгон дешет. Анык далил болбогон соң бул шаардын дайынын айтуудан пайда жок. (Садий). «Тафсиру Хилалдын» автору Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф дагы ушул пикирди колдойт.

التفاسير:

external-link copy
14 : 36

إِذۡ أَرۡسَلۡنَآ إِلَيۡهِمُ ٱثۡنَيۡنِ فَكَذَّبُوهُمَا فَعَزَّزۡنَا بِثَالِثٖ فَقَالُوٓاْ إِنَّآ إِلَيۡكُم مُّرۡسَلُونَ

Биз аларга (элчилерден) экөөсүн жибергенибизде, экөөнү тең «жалганчы» дешти. Анан үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар «Биз силерге жиберилген элчилер болобуз» - дешти. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 36

قَالُواْ مَآ أَنتُمۡ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُنَا وَمَآ أَنزَلَ ٱلرَّحۡمَٰنُ مِن شَيۡءٍ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا تَكۡذِبُونَ

(Каапырлар) айтышты: «Силер (элчи) эмес, өзүбүз сыяктуу эле адамсыңар. Рахман (Аллах) силерге эч нерсе түшүргөн эмес! Силер жалган сүйлөп жатасыңар!» info
التفاسير:

external-link copy
16 : 36

قَالُواْ رَبُّنَا يَعۡلَمُ إِنَّآ إِلَيۡكُمۡ لَمُرۡسَلُونَ

Алар айтышты: «Раббибиз билет, биз чындап силерге жиберилген элчилербиз. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 36

وَمَا عَلَيۡنَآ إِلَّا ٱلۡبَلَٰغُ ٱلۡمُبِينُ

Биздин вазыйпабыз (силерге акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат». info
التفاسير:

external-link copy
18 : 36

قَالُوٓاْ إِنَّا تَطَيَّرۡنَا بِكُمۡۖ لَئِن لَّمۡ تَنتَهُواْ لَنَرۡجُمَنَّكُمۡ وَلَيَمَسَّنَّكُم مِّنَّا عَذَابٌ أَلِيمٞ

(Каапырлар) айтышты: «Биз силерден (кара-жолтой деп) ырым кылып жатабыз. Эгер (дааватыңарды) токтотпосоңор силерди таш-бараңга алабыз жана бизден (силерге) жан ооруткан азап жетип калат!» info
التفاسير:

external-link copy
19 : 36

قَالُواْ طَٰٓئِرُكُم مَّعَكُمۡ أَئِن ذُكِّرۡتُمۚ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٞ مُّسۡرِفُونَ

«Ырымыңар өзүңөргө «сыйлоо»! Эмне, эгер (биз себептүү) эскертилсеңер эле (ошенте бересиңерби) ?! Жок! Силер чектен чыккан эл экенсиңер!» – дешти (пайгамбарлар). info
التفاسير:

external-link copy
20 : 36

وَجَآءَ مِنۡ أَقۡصَا ٱلۡمَدِينَةِ رَجُلٞ يَسۡعَىٰ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱتَّبِعُواْ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

(Ошондо) шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «Оо, коом! Пайгамбарларды ээрчигиле! info
التفاسير:

external-link copy
21 : 36

ٱتَّبِعُواْ مَن لَّا يَسۡـَٔلُكُمۡ أَجۡرٗا وَهُم مُّهۡتَدُونَ

Өздөрү туура жол үстүндө болуп (силерди ошол жолго чакырганы үчүн) акы сурабаган кишилерди ээрчигиле!» – деди. (Мушриктер аны курчап алып: «Сен жалгыз кудайга сыйынып калдыңбы?» - деп кыйнаганда, мындай жооп берди:) info
التفاسير:

external-link copy
22 : 36

وَمَالِيَ لَآ أَعۡبُدُ ٱلَّذِي فَطَرَنِي وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ

«Эмне үчүн мен өзүмдү (жоктон) бар кылган Кудайга ибадат кылбайт экенмин?! Силер дагы Ага кайтарыласыңар! info
التفاسير:

external-link copy
23 : 36

ءَأَتَّخِذُ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةً إِن يُرِدۡنِ ٱلرَّحۡمَٰنُ بِضُرّٖ لَّا تُغۡنِ عَنِّي شَفَٰعَتُهُمۡ شَيۡـٔٗا وَلَا يُنقِذُونِ

Андан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Рахман бир зыян (жеткирүүнү) кааласа, мага алардын шапаат-ортомчулуктары эч кандай пайда бербейт жана алар мени куткара да алышпайт! info
التفاسير:

external-link copy
24 : 36

إِنِّيٓ إِذٗا لَّفِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٍ

(Эгер Аллахтан башканы кудай кылып алсам) анда мен анык адашууда болуп каламын! info
التفاسير:

external-link copy
25 : 36

إِنِّيٓ ءَامَنتُ بِرَبِّكُمۡ فَٱسۡمَعُونِ

Мен силердин (чыныгы) Раббиңерге ыйман келтирдим, мени уккула!». (Анан мушриктер аны өлтүрүп коюшат. Шейит болуп, Раббисинин алдына барганда, ага) info
التفاسير:

external-link copy
26 : 36

قِيلَ ٱدۡخُلِ ٱلۡجَنَّةَۖ قَالَ يَٰلَيۡتَ قَوۡمِي يَعۡلَمُونَ

айтылды: «Бейишке Кир»! Ал киши айтты: «Кана эми, менин коомум билсе, info
التفاسير:

external-link copy
27 : 36

بِمَا غَفَرَ لِي رَبِّي وَجَعَلَنِي مِنَ ٱلۡمُكۡرَمِينَ

Раббим мени кечиргенин жана урматтуу адамдардан кылганын!» info
التفاسير: