[1] Аларга (Курайш мушриктерине) көп жылдардан бери пайгамбар келбегендиктен, ата-бабалары да, өздөрү да наадандыктын эң төмөн даражасында болчу. Дин-ибадаттары эч бир Ыйык Китепке негизделбей, ойдон чыккан жоромолдорго негизделген. Пикирлери да ошондой. Ошондуктан алардын көпчүлүгү өздөрүнө пайгамбар жана Ыйык Китеп келгенде «Ата-бабалардын жол-жоругуна, үрп-адатына каршы экен» деп, дароо душмандык позициясына өтүштү.
[1] «Анык Китеп» - Лавхул Махфуз. Анда кыяматка чейинки боло турган нерселер, окуялар эң майда-чүйдөсүнө чейин жазып коюлган.