[1] Себеби, анын коомунда анын ишин (жалгыз Аллахка чакыруу милдетин) аркалоого ылайыктуу адам калбай калган. Закария өз жакындарын жана элин түз жолдон адашып кетпесе экен деп, кооптонуп, бир перзентим болсо, ишимди улантып кетээр эле деп үмүт кылууда.
[1] Мындан илгери бул ысым менен эч бир адам баласы аталган эмес. «Адаш» «атташ», «аты окшош» деген мааниде.
[1] Закария перзентсиздиктен кысылган жүрөгүн Раббисине бошотуп, перзентим болсо жакшы болмок деп арзуу кылган. Бирок, мындай болуп кетишин күтпөгөн. Эми, Аллах дубасын кабыл алганын билип, шашып, таңыркап калган учуру.
[1] Бул Закарияга Аллахтан моожиза болду. Ал сүйлөй албаганы менен ибадат сөздөрүн эч кыйналбай сүйлөп жатты. Ибадаткананын михраб (төркү) бөлүгүнө кирип алып, зикир, ибадат менен алек болду. Яхьянын дүйнөгө келиши анын жалгыз өзүнө эмес, диний жетекчиге муктаж болгон элге да кубанычтуу кабар эле.
[1] Михраб – ибадатканалардын кыбыла тарабындагы диний жетекчинин орду.