ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية - شمس الدين حكيموف

سورة مريم - Мариям

external-link copy
1 : 19

كٓهيعٓصٓ

Каф, Хаа, Яаа, Айн, Саад.[1] info

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

التفاسير:

external-link copy
2 : 19

ذِكۡرُ رَحۡمَتِ رَبِّكَ عَبۡدَهُۥ زَكَرِيَّآ

(Бул – ) сенин Раббиң пендеси Закарияга берген ырайымынын кабары. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 19

إِذۡ نَادَىٰ رَبَّهُۥ نِدَآءً خَفِيّٗا

Эстегин, ал Раббисине жашыруун түрдө жалбарып, info
التفاسير:

external-link copy
4 : 19

قَالَ رَبِّ إِنِّي وَهَنَ ٱلۡعَظۡمُ مِنِّي وَٱشۡتَعَلَ ٱلرَّأۡسُ شَيۡبٗا وَلَمۡ أَكُنۢ بِدُعَآئِكَ رَبِّ شَقِيّٗا

(мындай) деди: «Оо, Раббим! Менин муун-сөөктөрүм алсырап, карылыктан чачымды ак баса баштады! Оо, Раббим, мен эч качан Сага дуба кылып таалайсыз болгон эмесмин! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 19

وَإِنِّي خِفۡتُ ٱلۡمَوَٰلِيَ مِن وَرَآءِي وَكَانَتِ ٱمۡرَأَتِي عَاقِرٗا فَهَبۡ لِي مِن لَّدُنكَ وَلِيّٗا

Мен артымдагы жакындарымдан кооптонуп жатамын. Аялым төрөбөс болуп калган. Өз даргөйүңдөн мага бир дос (перзент) берчи?![1] info

[1] Себеби, анын коомунда анын ишин (жалгыз Аллахка чакыруу милдетин) аркалоого ылайыктуу адам калбай калган. Закария өз жакындарын жана элин түз жолдон адашып кетпесе экен деп, кооптонуп, бир перзентим болсо, ишимди улантып кетээр эле деп үмүт кылууда.

التفاسير:

external-link copy
6 : 19

يَرِثُنِي وَيَرِثُ مِنۡ ءَالِ يَعۡقُوبَۖ وَٱجۡعَلۡهُ رَبِّ رَضِيّٗا

Ал мага жана Якубдун (ыймандуу) урпактарына мураскор болсун! Оо, Раббим, Аны Өзүңдүн ыраазычылыгыңдын кызматкерлеринен кылгай элең?!» info
التفاسير:

external-link copy
7 : 19

يَٰزَكَرِيَّآ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَٰمٍ ٱسۡمُهُۥ يَحۡيَىٰ لَمۡ نَجۡعَل لَّهُۥ مِن قَبۡلُ سَمِيّٗا

«Оо, Закария! Биз сени Яхьа деген наристе менен сүйүнтөбүз! Биз мурун ага (эч кимди) адаш кылган эмеспиз».[1] info

[1] Мындан илгери бул ысым менен эч бир адам баласы аталган эмес. «Адаш» «атташ», «аты окшош» деген мааниде.

التفاسير:

external-link copy
8 : 19

قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَٰمٞ وَكَانَتِ ٱمۡرَأَتِي عَاقِرٗا وَقَدۡ بَلَغۡتُ مِنَ ٱلۡكِبَرِ عِتِيّٗا

«Оо, Раббим!» деди (Закария) мага кайдагы перзент?! Аялым төрөбөс болсо, өзүм карылыктын чегине жетип калган болсом?!»[1] info

[1] Закария перзентсиздиктен кысылган жүрөгүн Раббисине бошотуп, перзентим болсо жакшы болмок деп арзуу кылган. Бирок, мындай болуп кетишин күтпөгөн. Эми, Аллах дубасын кабыл алганын билип, шашып, таңыркап калган учуру.

التفاسير:

external-link copy
9 : 19

قَالَ كَذَٰلِكَ قَالَ رَبُّكَ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٞ وَقَدۡ خَلَقۡتُكَ مِن قَبۡلُ وَلَمۡ تَكُ شَيۡـٔٗا

«Ошондой» – деди (Аллах) – Раббиң айтат: «Бул Мага жеңил. Өзүңдү деле мындан мурун Мен жаратканмын. (Анда) сен дагы эч нерсе эмес (жок) элең». info
التفاسير:

external-link copy
10 : 19

قَالَ رَبِّ ٱجۡعَل لِّيٓ ءَايَةٗۖ قَالَ ءَايَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ ٱلنَّاسَ ثَلَٰثَ لَيَالٖ سَوِيّٗا

«Оо, Раббим! Анда мага (көңүлүмдүн бейпилдиги үчүн) бир белги көргөзчү?!» - деди (Закария). «Сага белги: соп-соо туруп, үч түн бою адамдарга сүйлөй албай каласың» - деди (Аллах).[1] info

[1] Бул Закарияга Аллахтан моожиза болду. Ал сүйлөй албаганы менен ибадат сөздөрүн эч кыйналбай сүйлөп жатты. Ибадаткананын михраб (төркү) бөлүгүнө кирип алып, зикир, ибадат менен алек болду. Яхьянын дүйнөгө келиши анын жалгыз өзүнө эмес, диний жетекчиге муктаж болгон элге да кубанычтуу кабар эле.

التفاسير:

external-link copy
11 : 19

فَخَرَجَ عَلَىٰ قَوۡمِهِۦ مِنَ ٱلۡمِحۡرَابِ فَأَوۡحَىٰٓ إِلَيۡهِمۡ أَن سَبِّحُواْ بُكۡرَةٗ وَعَشِيّٗا

Ал (ибадатканадагы) михрабдан[1] элине чыкты жана «түнү-күнү мактоо сөздөрүн айткыла» деп, (ымдап) ишаарат кылды. (Ошентип, арадан белгилүү убакыт өтүп Яхья туулду, ал атасынан жакшы тарбия көрдү. Эми акылы толо баштаганда ага Аллах таала айтты:) info

[1] Михраб – ибадатканалардын кыбыла тарабындагы диний жетекчинин орду.

التفاسير: