[1] Меккеде түшкөн жана төрт аяттан турган бул сүрө, «Фил» сүрөсүнүн уландысы сыяктуу: Кааба менен Абраханын окуясынан соң бүт араб дүйнөсүндө Каабанын тегерегинде жашаган Курайш уруусунун урматы, болуп көрбөгөндөй көкөлөдү. Адамдар Курайшка кол салуунун акыбети жаман болушун көрүштү. Эми Курайш кербендери жай айларында Шамга (Сирияга) кыш мезгилинде Йеменге каттачу болсо, илгеркидей жолтосор-каракчылардан коркпойт. Өзүнүн болочок пайгамбарынын уруусу-Курайш үчүн ынтымак жашоо шартын Аллах таала ушинтип түзүп берди.