ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية - شمس الدين حكيموف

سورة قريش - Курайш

external-link copy
1 : 106

لِإِيلَٰفِ قُرَيۡشٍ

Курайштын ынтымагы үчүн![1] info

[1] Меккеде түшкөн жана төрт аяттан турган бул сүрө, «Фил» сүрөсүнүн уландысы сыяктуу: Кааба менен Абраханын окуясынан соң бүт араб дүйнөсүндө Каабанын тегерегинде жашаган Курайш уруусунун урматы, болуп көрбөгөндөй көкөлөдү. Адамдар Курайшка кол салуунун акыбети жаман болушун көрүштү. Эми Курайш кербендери жай айларында Шамга (Сирияга) кыш мезгилинде Йеменге каттачу болсо, илгеркидей жолтосор-каракчылардан коркпойт. Өзүнүн болочок пайгамбарынын уруусу-Курайш үчүн ынтымак жашоо шартын Аллах таала ушинтип түзүп берди.

التفاسير:

external-link copy
2 : 106

إِۦلَٰفِهِمۡ رِحۡلَةَ ٱلشِّتَآءِ وَٱلصَّيۡفِ

Кыш жана жай мезгилиндеги сапарында алардын ынтымак-тынчтыгы үчүн! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 106

فَلۡيَعۡبُدُواْ رَبَّ هَٰذَا ٱلۡبَيۡتِ

Эми, алар (ар кандай таш-кудай, жыгач-кудайларын таштап, өздөрүнө ынтымак жашоо тартуулаган) ушул Үйдүн (Каабанын) Раббисине гана ибадат кылышсын! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 106

ٱلَّذِيٓ أَطۡعَمَهُم مِّن جُوعٖ وَءَامَنَهُم مِّنۡ خَوۡفِۭ

Ал (Рабби) каатчылыкта аларды тамактандырды жана коркунуч(тар)дан аман сактады! info
التفاسير: