Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Berbahasa Kirgizstan - Syamsuddin Ḥakīmuf

Nomor Halaman:close

external-link copy
34 : 4

ٱلرِّجَالُ قَوَّٰمُونَ عَلَى ٱلنِّسَآءِ بِمَا فَضَّلَ ٱللَّهُ بَعۡضَهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ وَبِمَآ أَنفَقُواْ مِنۡ أَمۡوَٰلِهِمۡۚ فَٱلصَّٰلِحَٰتُ قَٰنِتَٰتٌ حَٰفِظَٰتٞ لِّلۡغَيۡبِ بِمَا حَفِظَ ٱللَّهُۚ وَٱلَّٰتِي تَخَافُونَ نُشُوزَهُنَّ فَعِظُوهُنَّ وَٱهۡجُرُوهُنَّ فِي ٱلۡمَضَاجِعِ وَٱضۡرِبُوهُنَّۖ فَإِنۡ أَطَعۡنَكُمۡ فَلَا تَبۡغُواْ عَلَيۡهِنَّ سَبِيلًاۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيّٗا كَبِيرٗا

Эркектер аялдардын үстүнөн башкаруучу. Бул – Аллах бирин экинчисинен (күч-кубатта, акылда, сабырда) абзел-жогору кылганы жана өз (эмгеги менен тапкан) мал-мүлктөрүнөн (аялын, үй-бүлөсүн) каржылаганы себептүү. Эми, Аллахтын өкүмдөрүнө толук моюн сунуучу жана Аллах сактаганы себептүү, күйөөсү жок мезгилдерде өзүн (арамдан жана күйөөсүнүн мүлкүн кыянат-уурулуктан) сактоочу аялдар - жакшы аялдар. Силер бейбаштыгынан корккон аялыңарга (оболу эң жакшы сөздөр менен) насаат айткыла. Анан (насаат пайда бербесе, катуу сүйлөбөй) төшөктө жалгыз калтыргыла жана (ушуну менен да оңолбосо, катаалдык кылбай) ургула. Эгер силерге баш ийип калса, аларга каршы башка жол издебегиле. Албетте, Аллах эң Улук, эң Жогору! info
التفاسير:

external-link copy
35 : 4

وَإِنۡ خِفۡتُمۡ شِقَاقَ بَيۡنِهِمَا فَٱبۡعَثُواْ حَكَمٗا مِّنۡ أَهۡلِهِۦ وَحَكَمٗا مِّنۡ أَهۡلِهَآ إِن يُرِيدَآ إِصۡلَٰحٗا يُوَفِّقِ ٱللَّهُ بَيۡنَهُمَآۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا خَبِيرٗا

Эгер жубайлардын ортосунда жарака кетүүсүнөн корксоңор, күйөөнүн жакындарынан бир өкүм кылуучуну жана аялдын жакындарынан бир өкүм кылуучуну (маселени чечүү үчүн) жибергиле. Эгер ал эки өкүм кылуучу жараштырууну кааласа, Аллах жубайлардын арасын тынч, ынтымактуу кылат. Албетте, Аллах (бардыгын) Билүүчү, Кабардар. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 4

۞ وَٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَلَا تُشۡرِكُواْ بِهِۦ شَيۡـٔٗاۖ وَبِٱلۡوَٰلِدَيۡنِ إِحۡسَٰنٗا وَبِذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡجَارِ ذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡجَارِ ٱلۡجُنُبِ وَٱلصَّاحِبِ بِٱلۡجَنۢبِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ مَن كَانَ مُخۡتَالٗا فَخُورًا

Аллахка ибадат кылгыла (Анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгула) жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла. Ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, жарды-жармачтарга тууганчылыгы бар кошунаңарга, бөтөн кошунаңарга, жаныңардагы жолдошуңарга, мусаапыр-карыптарга жана кол астыңардагы адамдарга (жана айбандарга да) жакшылык кылгыла. Аллах текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 4

ٱلَّذِينَ يَبۡخَلُونَ وَيَأۡمُرُونَ ٱلنَّاسَ بِٱلۡبُخۡلِ وَيَكۡتُمُونَ مَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦۗ وَأَعۡتَدۡنَا لِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٗا مُّهِينٗا

Алар өздөрү да сараңдык кылышат, адамдарды да сараңдыкка буюрушат жана Аллах Өз пазилетинен берген жакшылыктарды (адамдардан) жашырат. Биз каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койдук. info
التفاسير: