Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Berbahasa Kirgizstan - Syamsuddin Ḥakīmuf

Nomor Halaman:close

external-link copy
114 : 4

۞ لَّا خَيۡرَ فِي كَثِيرٖ مِّن نَّجۡوَىٰهُمۡ إِلَّا مَنۡ أَمَرَ بِصَدَقَةٍ أَوۡ مَعۡرُوفٍ أَوۡ إِصۡلَٰحِۭ بَيۡنَ ٱلنَّاسِۚ وَمَن يَفۡعَلۡ ذَٰلِكَ ٱبۡتِغَآءَ مَرۡضَاتِ ٱللَّهِ فَسَوۡفَ نُؤۡتِيهِ أَجۡرًا عَظِيمٗا

Алардын (кыянатчылардын) көп отуруш-чогулуштарында жакшылык жок. Ал эми, садагага, жакшы үрп-адатка буюрган же адамдардын арасын оңдоо үчүн (чогулган адамдардын отуруштарында жакшылык болот). Ким ушуну (аталган жакшылыктарды) Аллахтын ыраазылыгын каалап жасаса, ал адамга жакында чоң сооп беребиз. info
التفاسير:

external-link copy
115 : 4

وَمَن يُشَاقِقِ ٱلرَّسُولَ مِنۢ بَعۡدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُ ٱلۡهُدَىٰ وَيَتَّبِعۡ غَيۡرَ سَبِيلِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ نُوَلِّهِۦ مَا تَوَلَّىٰ وَنُصۡلِهِۦ جَهَنَّمَۖ وَسَآءَتۡ مَصِيرًا

Кимде-ким, өзүнө туура жол анык болгондон кийин, пайгамбарга (анын өкүмүнө) каршылык кылса жана момундардын жолунан башка жолду ээрчисе, аны тандаган жолунда жөн койобуз. Жана аны тозокко жеткиребиз. Ал кандай жаман жай! info
التفاسير:

external-link copy
116 : 4

إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَغۡفِرُ أَن يُشۡرَكَ بِهِۦ وَيَغۡفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَن يَشَآءُۚ وَمَن يُشۡرِكۡ بِٱللَّهِ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلَٰلَۢا بَعِيدًا

Албетте, Аллах (ибадатта жана ишенимде) Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Мындан башкасын Өзү каалаган пендесинен кечирет. Ким Аллахка ширк келтирген болсо, демек ал катуу адашыптыр! info
التفاسير:

external-link copy
117 : 4

إِن يَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦٓ إِلَّآ إِنَٰثٗا وَإِن يَدۡعُونَ إِلَّا شَيۡطَٰنٗا مَّرِيدٗا

Алар Аллахтан башка, аял жынысындагыларга дуба кылат[1] жана өзүнүн сөзүнөн баш тартуучу шайтанга дуба кылышат. info

[1] Араб мушриктери өз талап максаттарын сураган “Лат”, “Манат”, “Узза” сыяктуу буттарын аял жынысындагылардын аты (женский род) менен аташкан.

التفاسير:

external-link copy
118 : 4

لَّعَنَهُ ٱللَّهُۘ وَقَالَ لَأَتَّخِذَنَّ مِنۡ عِبَادِكَ نَصِيبٗا مَّفۡرُوضٗا

Аллах ага (шайтанга) наалат-каргыш жаадырганда ал: “Мен Сенин пенделериңдин арасынан тийиштүү насибимди алаармын" деп айткан. info
التفاسير:

external-link copy
119 : 4

وَلَأُضِلَّنَّهُمۡ وَلَأُمَنِّيَنَّهُمۡ وَلَأٓمُرَنَّهُمۡ فَلَيُبَتِّكُنَّ ءَاذَانَ ٱلۡأَنۡعَٰمِ وَلَأٓمُرَنَّهُمۡ فَلَيُغَيِّرُنَّ خَلۡقَ ٱللَّهِۚ وَمَن يَتَّخِذِ ٱلشَّيۡطَٰنَ وَلِيّٗا مِّن دُونِ ٱللَّهِ فَقَدۡ خَسِرَ خُسۡرَانٗا مُّبِينٗا

Ошондой эле аларды жолдон адаштырып, куру кыялдарды жүрөктөрүнө салаармын. Алар менин буйругум менен малдарынын кулактарын кесет[1] жана менин гана буйругум менен Аллахтын жаратканын өзгөртүшөт!” Ким Аллахты коюп, шайтанды дос - башчы кылып алса, ал анык зыяндын зыянына түшүптүр! info

[1] Шайтандын азгырыгынын бири – ырым-жырым кылып жаныбарлардын кулагын кесүү. Исламдан илгерки (жахилият) доорундагы араб мушриктери кол астындагы төөлөрүнөн кээ бирлерин бут-статуяларына арнап, алардын кулагын кесип, белгилүү кылып коюшкан. Алар аны иштетпей, союп да жебей бош коюшчу. Ар кандай себептер менен, ырым-жырым кылып, кээ бир төөлөрдүн этин өздөрүнө арам кылып алышчу.

التفاسير:

external-link copy
120 : 4

يَعِدُهُمۡ وَيُمَنِّيهِمۡۖ وَمَا يَعِدُهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ إِلَّا غُرُورًا

(Шайтан) аларга убадаларды берет, жүрөктөрүнө куру кыялдарды салат. Шайтан аларга жалгандан башка убада бербейт. info
التفاسير:

external-link copy
121 : 4

أُوْلَٰٓئِكَ مَأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُ وَلَا يَجِدُونَ عَنۡهَا مَحِيصٗا

Ошолордун (шайтанга ээрчигендердин) жайы тозок! Алар өздөрүн андан куткаруучуну таппай (ал жерде түбөлүк) калышат. info
التفاسير: