Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Berbahasa Kirgizstan - Syamsuddin Ḥakīmuf

Nomor Halaman:close

external-link copy
75 : 4

وَمَا لَكُمۡ لَا تُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱلۡمُسۡتَضۡعَفِينَ مِنَ ٱلرِّجَالِ وَٱلنِّسَآءِ وَٱلۡوِلۡدَٰنِ ٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَآ أَخۡرِجۡنَا مِنۡ هَٰذِهِ ٱلۡقَرۡيَةِ ٱلظَّالِمِ أَهۡلُهَا وَٱجۡعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ وَلِيّٗا وَٱجۡعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ نَصِيرًا

(О, мусулмандар!) Силерге эмне болду? Аллахтын жолунда жана (душмандын залымынан) бечара-байкуш болуп (айласыз абалда) калган эркектер, аялдар жана бөбөктөрдүн ( азаттыгы) жолунда согушпай жатасыңар?! Алар: “О, Рабби! Бизди мына бул элдери (кожоюну) залым болгон шаардан (аман-эсен) чыгарып жибер! Бизге Өзүңдүн алдыңдан бир (куткаруучу) досту жана жардамчыны жибер?!” - деп зарлап жатышат го! info
التفاسير:

external-link copy
76 : 4

ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ يُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِ ٱلطَّٰغُوتِ فَقَٰتِلُوٓاْ أَوۡلِيَآءَ ٱلشَّيۡطَٰنِۖ إِنَّ كَيۡدَ ٱلشَّيۡطَٰنِ كَانَ ضَعِيفًا

Ыймандуу адамдар Аллахтын жолунда согушат. Каапыр адамдар тагуттун (шайтандын) жолунда согушат. Силер (о, момундар) шайтандын тарапкерлерине каршы согушкула. (Жана билгиле) шайтандын айласы (дайыма) алсыз.[1] info

[1] Шайтандын тарапкерлери чындыкка каршы күрөшүшөт. Чындыкка каршы күчтөр, пландар, айлакерликтер канчалык зор болсо да алсыз.

التفاسير:

external-link copy
77 : 4

أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ قِيلَ لَهُمۡ كُفُّوٓاْ أَيۡدِيَكُمۡ وَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ فَلَمَّا كُتِبَ عَلَيۡهِمُ ٱلۡقِتَالُ إِذَا فَرِيقٞ مِّنۡهُمۡ يَخۡشَوۡنَ ٱلنَّاسَ كَخَشۡيَةِ ٱللَّهِ أَوۡ أَشَدَّ خَشۡيَةٗۚ وَقَالُواْ رَبَّنَا لِمَ كَتَبۡتَ عَلَيۡنَا ٱلۡقِتَالَ لَوۡلَآ أَخَّرۡتَنَآ إِلَىٰٓ أَجَلٖ قَرِيبٖۗ قُلۡ مَتَٰعُ ٱلدُّنۡيَا قَلِيلٞ وَٱلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٞ لِّمَنِ ٱتَّقَىٰ وَلَا تُظۡلَمُونَ فَتِيلًا

(О, Мухаммад!) Тиги кишилерди(н коркоктугун) карабайсыңбы? Аларга (Меккеде) “Согуштан колуңарды тарткыла, намазыңарды окуп, зекет берип (тынч) жүргүлө” - деп айтылганда (“Бул өкүмгө кошумча жихад кылууга да буйрук берилсе экен. Аллахтын душмандарынан өч алсак” деп, жихадды самап жүрүшкөн. Кийин) аларга (мушриктерге каршы) согуш парз кылынган кезде, капыстан алардын арасындагы бир жамаат, адамдардан (мушриктерден) Аллахтан корккондой жана андан да катуурак коркуп кетишти жана: “О, Раббибиз! Эмнеге согушту парз кылдың экен? Бизге (согушту) жакынкы мөөнөттөргө чейин кечиктире турсаң болбойт беле?” - дешти. Сен аларга: “Дүйнө пайдалары аз гана. Такыба кишилер үчүн Акырет жакшы жана силерге (ал жерде) данектин чел кабыгынча да залым кылынбайт” - деп айткын. info
التفاسير:

external-link copy
78 : 4

أَيۡنَمَا تَكُونُواْ يُدۡرِككُّمُ ٱلۡمَوۡتُ وَلَوۡ كُنتُمۡ فِي بُرُوجٖ مُّشَيَّدَةٖۗ وَإِن تُصِبۡهُمۡ حَسَنَةٞ يَقُولُواْ هَٰذِهِۦ مِنۡ عِندِ ٱللَّهِۖ وَإِن تُصِبۡهُمۡ سَيِّئَةٞ يَقُولُواْ هَٰذِهِۦ مِنۡ عِندِكَۚ قُلۡ كُلّٞ مِّنۡ عِندِ ٱللَّهِۖ فَمَالِ هَٰٓؤُلَآءِ ٱلۡقَوۡمِ لَا يَكَادُونَ يَفۡقَهُونَ حَدِيثٗا

Кайсы жерде болcоңор да өлүм силерге жетет. Жадагалса (дубалдары) бекемделген сарайларда болсоңор да. Эгер (согушта) силерге жакшылык жетсе (жанагы акылы чолок, ыйманы күчсүздөр) “Бул - Аллахтан дешет. Ал эми, эгер жамандык жетсе (каапырлар сыяктуу ырым-жырым кылып): “Бул - сенден” дешет. Сен аларга: “Бардыгы Аллахтан” - деп айткын. Бул адамдарга эмне болгон, эч бир сөздү туура түшүнүшпөйт?! info
التفاسير:

external-link copy
79 : 4

مَّآ أَصَابَكَ مِنۡ حَسَنَةٖ فَمِنَ ٱللَّهِۖ وَمَآ أَصَابَكَ مِن سَيِّئَةٖ فَمِن نَّفۡسِكَۚ وَأَرۡسَلۡنَٰكَ لِلنَّاسِ رَسُولٗاۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدٗا

Сага кандай (диний же дүйнөлүк) жакшылык болсо - ал Аллахтан. Жана сага эмне жамандык болсо - бул өзүңдөн. (О, Мухаммад!) Биз сени адамдарга (ушул нерселерди жеткирсин деп) элчи кылып жибердик. Аллах жетиштүү Күбө. info
التفاسير: