Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci.

external-link copy
119 : 9

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَكُونُواْ مَعَ ٱلصَّٰدِقِينَ

Оо, Аллахка ыйман келтиргендер, пайгамбарды ээрчигендер жана Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарынан алыстоо менен Аллахтан корккула! Ыймандарында, сөздөрүндө жана иштеринде чынчыл адамдар менен бирге болгула! Силер үчүн чындыктан башкада эч кутулуу жок. info
التفاسير:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• وجوب تقوى الله والصدق وأنهما سبب للنجاة من الهلاك.
Аллахтан коркуунун жана чынчыл болуунун милдеттиги. Булар кыйроодон кутулууга себеп болот. info

• عظم فضل النفقة في سبيل الله.
Аллах жолунда садака кылуунун артыкчылыгы. info

• وجوب التفقُّه في الدين مثله مثل الجهاد، وأنه لا قيام للدين إلا بهما معًا.
Динди терең үйрөнүүнүн милдеттиги – Аллах жолунда согушуунун милдеттиги сыяктуу. Ал экөөсүз эч качан динди тургузуу мүмкүн эмес. info