Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci.

Назиат

daga cikin abunda Surar ta kunsa:
التذكير بالله واليوم الآخر.
Аллахты жана акырет күнүн эскуертүү. info

external-link copy
1 : 79

وَٱلنَّٰزِعَٰتِ غَرۡقٗا

Аллах каапырлардын жандарын катаалдык жана оройлук менен жулуп алуучу периштелер менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 79

وَٱلنَّٰشِطَٰتِ نَشۡطٗا

Ыймандуулардын жандарын жеңилдик менен сууруп алуучу периштелер менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 79

وَٱلسَّٰبِحَٰتِ سَبۡحٗا

Аллахтын буйругу менен асмандан жерге сүзүп жүрүүчү периштелер менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 79

فَٱلسَّٰبِقَٰتِ سَبۡقٗا

Аллахтын буйругун аткарууда бири-бири менен жарышуучу периштелер менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 79

فَٱلۡمُدَبِّرَٰتِ أَمۡرٗا

Пенделердин иштерине жоопкер периштелер сыяктуу Аллахтын тагдырына байланыштуу буйруктарын иш жүзүнө ашыруучу периштелер менен ант берди. Ал мунун баары менен аларды кайрадан тирилтип, суракка алуу жана сыйлык же жаза берүү үчүн ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 79

يَوۡمَ تَرۡجُفُ ٱلرَّاجِفَةُ

Керней биринчи жолу тартылган күнү жер титирейт. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 79

تَتۡبَعُهَا ٱلرَّادِفَةُ

Мунун артынан эле экинчи жолкусу тартылат. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 79

قُلُوبٞ يَوۡمَئِذٖ وَاجِفَةٌ

Ал күнү каапырлардын жана пасык-бузукулардын жүрөгү коркунучта болот. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 79

أَبۡصَٰرُهَا خَٰشِعَةٞ

Алардын көздөрүнөн кордуктун белгилери көрүнүп турат. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 79

يَقُولُونَ أَءِنَّا لَمَرۡدُودُونَ فِي ٱلۡحَافِرَةِ

Алар мындай деп айтышат эле: «Биз өлгөндөн кийин кайра жашоого кайтып келебизби? info
التفاسير:

external-link copy
11 : 79

أَءِذَا كُنَّا عِظَٰمٗا نَّخِرَةٗ

Биз курулай чирик сөөк болгондон кийин ушуга кайтып келебизби?». info
التفاسير:

external-link copy
12 : 79

قَالُواْ تِلۡكَ إِذٗا كَرَّةٌ خَاسِرَةٞ

Алар: «Эгерде кайтып келсек, анда ал кайтуу адамды кайгыга салган жоготуу болот» – деп айтышат. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 79

فَإِنَّمَا هِيَ زَجۡرَةٞ وَٰحِدَةٞ

Кайра тирилтүү иши оңой. Чындыгында ал үйлөөгө жоопкер болгон периштерин бир гана кыйкырыгы. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 79

فَإِذَا هُم بِٱلسَّاهِرَةِ

Анан тирүүлөрдүн баарысы жер койнунда өлүк болгон абалдан кийин жер үстүндө болуп калышат. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 79

هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ مُوسَىٰٓ

Оо, пайгамбар! Сага Мусанын Раббиси менен жана душманы Фараон менен болгон кабары келдиби? info
التفاسير:

external-link copy
16 : 79

إِذۡ نَادَىٰهُ رَبُّهُۥ بِٱلۡوَادِ ٱلۡمُقَدَّسِ طُوًى

Бир кезде Раббиси ага ыйык Тува өрөөнүнөн чакырык салды. info
التفاسير:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• التقوى سبب دخول الجنة.
Такыбалык – бейишке кирүүгө себеп болот. info

• تذكر أهوال القيامة دافع للعمل الصالح.
Кыямат коркунучтарын эстөө – жакшылык иштерге түрткү берет. info

• قبض روح الكافر بشدّة وعنف، وقبض روح المؤمن برفق ولين.
Каапырдын жаны катаалдык жана оройлук менен алынат. Ал эми ыймандуунун жаны жеңилдик жана жумшактык менен алынат. info