Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci.

Мунафикун

daga cikin abunda Surar ta kunsa:
بيان حقيقة المنافقين والتحذير منهم.
Мунафык эки жүздүүлөрдүн анык жүзү жана алардан сактануу тууралуу баяндалган info

external-link copy
1 : 63

إِذَا جَآءَكَ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ قَالُواْ نَشۡهَدُ إِنَّكَ لَرَسُولُ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ إِنَّكَ لَرَسُولُهُۥ وَٱللَّهُ يَشۡهَدُ إِنَّ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ لَكَٰذِبُونَ

Оо, пайгамбар! Эгерде сен олтурган жайга сыртынан Исламды көргөзүп, ичинде каапырлыкты жашырган эки жүздүүлөр келип: «Биз сенин чыныгы Аллахтын элчиси экениңе күбөлүк беребиз» – деп айтышты. Аллах сен Анын чыныгы элчиси экениңди билет. Аллах эки жүздүүлөрдүн жүрөк түпкүрүнөн «Сен Аллахтын элчисисиң» деп күбөлүк берип айткан сөздөрүндө жалганчы экендигине күбөлүк берет. info
التفاسير:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• وجوب السعي إلى الجمعة بعد النداء وحرمة ما سواه من الدنيا إلا لعذر.
Азандан кийин жумага шашылуунун парздыгы жана кечиримдүү себеп гана болбосо, андан башка дүйнө иштери менен алек болуунун арамдыгы. info

• تخصيص سورة للمنافقين فيه تنبيه على خطورتهم وخفاء أمرهم.
Эки жүздүүлөр үчүн атайын бир сүрөөнү кылууда алардын кооптуулугу жана иштери бүдөмүк экенин эскертүү камтылган. info

• العبرة بصلاح الباطن لا بجمال الظاهر ولا حسن المنطق.
Сырткы сулуулук же кооз сүйлөө эмес, ички дүйнөнүн тазалыгы маанилүү. info