Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci.

Lambar shafi:close

external-link copy
6 : 39

خَلَقَكُم مِّن نَّفۡسٖ وَٰحِدَةٖ ثُمَّ جَعَلَ مِنۡهَا زَوۡجَهَا وَأَنزَلَ لَكُم مِّنَ ٱلۡأَنۡعَٰمِ ثَمَٰنِيَةَ أَزۡوَٰجٖۚ يَخۡلُقُكُمۡ فِي بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمۡ خَلۡقٗا مِّنۢ بَعۡدِ خَلۡقٖ فِي ظُلُمَٰتٖ ثَلَٰثٖۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمۡ لَهُ ٱلۡمُلۡكُۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ فَأَنَّىٰ تُصۡرَفُونَ

Эй, адамдар! Раббиңер силерди бир жандан – Адамдан жаратты, кийин андан аялы Хаваны жаратты. Ошондой эле силер үчүн төөлөрдү, уйларды, койлорду жана эчкилерди сегиз түр кылып жаратты. Ар бир түрүнөн эркек-ургаачысын жаратты. Аллах силерди энеңердин курсагында үч караңгылыкта – курсакта, жатында жана тондун ичинде баскыч-баскыч кылып жаратты. Мына ошолордун баарысын жараткан Аллах – силердин Раббиңер. Бийлик Ага гана таандык. Андай башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Эмнеге силер Ага сыйынгандын ордуна эч нерсени жараталбаган, тескерисинче өздөрү жаратылган нерселерге сыйынып жатасыңар! info
التفاسير:

external-link copy
7 : 39

إِن تَكۡفُرُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَنِيٌّ عَنكُمۡۖ وَلَا يَرۡضَىٰ لِعِبَادِهِ ٱلۡكُفۡرَۖ وَإِن تَشۡكُرُواْ يَرۡضَهُ لَكُمۡۗ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٞ وِزۡرَ أُخۡرَىٰۚ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُم مَّرۡجِعُكُمۡ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَۚ إِنَّهُۥ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ

Эй, адамдар! Эгерде Раббиңерге каапырлык кылсаңар, Аллах силердин ыйманыңарга муктаж эмес. Силердин каапырлыгыңар Ага зыян келтирбейт. Анын зыяны өзүңөргө гана кайтат. Ал пенделеринин Ага каапырлык кылууларына ыраазы эмес жана аларды каапырлыкка да буйрубайт. Анткени Аллах букузукулукка жана күнөөгө буйрубайт. Эгерде Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылсаңар жана Ага ыйман келтирсеңер, анда Ал шүгүрчүлүгүңөргө ыраазы болот жана ал үчүн соопторду берет. Эч бир жан башканын күнөөсүн көтөрбөйт. Тескерисинче, ар бир жан кылган ишине жараша кармалып турат. Кийин силер кыяматта жалгыз Раббиңерге кайтасыңар. Ошондо Ал силердин дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын берет. Силерге иш-аракеттериңер үчүн сыйлыгын берет. Чындыгында Ал пенделеринин жүрөктөрүндөгү нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 39

۞ وَإِذَا مَسَّ ٱلۡإِنسَٰنَ ضُرّٞ دَعَا رَبَّهُۥ مُنِيبًا إِلَيۡهِ ثُمَّ إِذَا خَوَّلَهُۥ نِعۡمَةٗ مِّنۡهُ نَسِيَ مَا كَانَ يَدۡعُوٓاْ إِلَيۡهِ مِن قَبۡلُ وَجَعَلَ لِلَّهِ أَندَادٗا لِّيُضِلَّ عَن سَبِيلِهِۦۚ قُلۡ تَمَتَّعۡ بِكُفۡرِكَ قَلِيلًا إِنَّكَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلنَّارِ

Эгерде каапыр адам оору, мал-мүлк жоготуу, сууга чөгүү сыяктуу зыянга учураса, ал Раббисине гана кайтып, андагы зыянды кетирүүсүн сурап дуба кылат. Кийин Ал анын башына түшкөн зыянды кетирип жакшылык кылган болсо, анда ага чейин Аллахка жалынганын таштап коёт жана башкаларды Аллахка карай жеткирген жолдон адаштырыш үчүн Ага башкаларды шерик кылып сыйынышат. Оо, пайгамбар! Ушундай абалдагы адамдарга айт: «Калган өмүрүңдө каапырлыгың менен жыргап ал. Ал аз гана убакыт. Чындыгында сен кыяматта дос досту коштогондой тозокко киргендер менен бирге болосуң. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 39

أَمَّنۡ هُوَ قَٰنِتٌ ءَانَآءَ ٱلَّيۡلِ سَاجِدٗا وَقَآئِمٗا يَحۡذَرُ ٱلۡأٓخِرَةَ وَيَرۡجُواْ رَحۡمَةَ رَبِّهِۦۗ قُلۡ هَلۡ يَسۡتَوِي ٱلَّذِينَ يَعۡلَمُونَ وَٱلَّذِينَ لَا يَعۡلَمُونَۗ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُوْلُواْ ٱلۡأَلۡبَٰبِ

Же болбосо, Аллахка моюн сунуп, түнкү убакыттарды Раббисине сажда кылган, намазда турган абалда өткөргөн, акырет азабынан корккон, Раббисинин ырайымын үмүт кылган адам жакшыбы же кыйналганда гана Аллахка сыйынып, барчылыкта Ага каапырлык кылган жана Аллахка шериктерди кошкон адамбы жакшыбы? Оо, пайгамбар! Аллахты таанып билишкени себептүү аларга милдет болгон нерселерди билгендер менен булардын эч бирин билбегендер тең боло алабы? Чындыгында бул эки топтун айырмачылыгын туура акыл жүгүрткөндөр гана билишет. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 39

قُلۡ يَٰعِبَادِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمۡۚ لِلَّذِينَ أَحۡسَنُواْ فِي هَٰذِهِ ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٞۗ وَأَرۡضُ ٱللَّهِ وَٰسِعَةٌۗ إِنَّمَا يُوَفَّى ٱلصَّٰبِرُونَ أَجۡرَهُم بِغَيۡرِ حِسَابٖ

Оо, пайгамбар! Мага жана пайгамбарларга ыйман келтирген пенделериме айт: «Раббиңердин буйруктарына баш ийип, тыюуларын таштап Андан корккула! Силерден бул дүйнөдө жакшылык иштерди кылгандар үчүн дүйнө жашоосунда жеңиш, ден-соолук жана байлык сыяктуу жакшылыктар болот. Ал эми акыретте бейиш болот. Аллахтын жери кенен. Андыктан Аллахка сыйынууга тоскоолдук жаратпагандай жер тапканга чейин көчө бергиле! Чындыгында кыямат күнү сабырдууларга берилген сооп-сыйлыктары көптүк жана түрдүүлүк жактан эсепсиз жана ченемсиз болот». info
التفاسير:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• رعاية الله للإنسان في بطن أمه.
Адам энесинин курсагында болгон кездеги Аллахтын ага кылган камкордугу. info

• ثبوت صفة الغنى وصفة الرضا لله.
Аллахтын бай жана ыраазы болуу сыпаттарына ээ экендигин тастыктоо. info

• تعرّف الكافر إلى الله في الشدة وتنكّره له في الرخاء، دليل على تخبطه واضطرابه.
Каапыр адамдын кыйынчылыкта Аллахты таанып, ал эми барчылыкта Аны танып кетүүсү – анын каталыгына жана экиленүүсүнө далил болот. info

• الخوف والرجاء صفتان من صفات أهل الإيمان.
Коркуу жана үмүт кылуу – ыймандуу адамдардын сыпаттарынан. info