Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci.

Lambar shafi: 318:312 close

external-link copy
99 : 20

كَذَٰلِكَ نَقُصُّ عَلَيۡكَ مِنۡ أَنۢبَآءِ مَا قَدۡ سَبَقَۚ وَقَدۡ ءَاتَيۡنَٰكَ مِن لَّدُنَّا ذِكۡرٗا

Оо, пайгамбар! Сенин көңүлүңдү көтөрүш үчүн Биз сага Муса менен Фараондун жана алардын коомдорунун окуясын айтып бергенибиз сыяктуу сага мурунку пайгамбарлар менен коомдордун кабарларын да айтып беребиз. Биз сага адамдарды эскертиш үчүн Өз алдыбыздан Куранды бердик. info
التفاسير:

external-link copy
100 : 20

مَّنۡ أَعۡرَضَ عَنۡهُ فَإِنَّهُۥ يَحۡمِلُ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ وِزۡرًا

Ким сага түшкөн бул Курандан жүз бурса, ага ыйман келтирбесе жана андагы айтылгандарды аткарбаса, анда ал кыямат күнү оор күнөөлөрдү көтөргөн жана кыйноочу азапка татыктуу болгон абалда келет. info
التفاسير:

external-link copy
101 : 20

خَٰلِدِينَ فِيهِۖ وَسَآءَ لَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ حِمۡلٗا

Алар ал азапта түбөлүк болушат. Кыяматта алар көтөргөн жүк кандай жаман! info
التفاسير:

external-link copy
102 : 20

يَوۡمَ يُنفَخُ فِي ٱلصُّورِۚ وَنَحۡشُرُ ٱلۡمُجۡرِمِينَ يَوۡمَئِذٖ زُرۡقٗا

Ал күнү кайра тирилтүү үчүн периште сур кернейин экинчи жолу тартат. Биз ошол күнү каапырлар акырет коркунучтарынын катаалдыгын көрүшкөндө өңдөрү жана көздөрү өзгөргөнүнөн көкмөк болуп калган кейипте чогултабыз. info
التفاسير:

external-link copy
103 : 20

يَتَخَٰفَتُونَ بَيۡنَهُمۡ إِن لَّبِثۡتُمۡ إِلَّا عَشۡرٗا

Алар бири-бирине шыбырап айтышат: «Силер өлгөндөн кийинки абалда он күндөй эле турдуңар окшойт». info
التفاسير:

external-link copy
104 : 20

نَّحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَا يَقُولُونَ إِذۡ يَقُولُ أَمۡثَلُهُمۡ طَرِيقَةً إِن لَّبِثۡتُمۡ إِلَّا يَوۡمٗا

Биз алардын сыр кылып сүйлөшүп жаткандарын жакшы билебиз. Алардын эч бири бизге жашыруун эмес. Ошондо алардын акылдуурагы: «Силер өлгөндөн кийинки абалда бир эле күн турдуңар» – дейт. info
التفاسير:

external-link copy
105 : 20

وَيَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلۡجِبَالِ فَقُلۡ يَنسِفُهَا رَبِّي نَسۡفٗا

Оо, пайгамбар! Алар сенден кыяматта тоолор кандай абалда болорун сурашат. Аларга айт: «Раббим тоолорду түбүнөн жулат жана аларды чаңдай сапырат. info
التفاسير:

external-link copy
106 : 20

فَيَذَرُهَا قَاعٗا صَفۡصَفٗا

Ал эми аларды көтөргөн Жерди эч кандай курулуштары жана өсүмдүктөрү жок тептегиз кылып таштайбыз. info
التفاسير:

external-link copy
107 : 20

لَّا تَرَىٰ فِيهَا عِوَجٗا وَلَآ أَمۡتٗا

Эй, назар салуучу! Сен жердин ушунчалык тегиздигинен андан эч кандай ийриликти, бийиктикти жана ойдуңду көрбөйсүң. info
التفاسير:

external-link copy
108 : 20

يَوۡمَئِذٖ يَتَّبِعُونَ ٱلدَّاعِيَ لَا عِوَجَ لَهُۥۖ وَخَشَعَتِ ٱلۡأَصۡوَاتُ لِلرَّحۡمَٰنِ فَلَا تَسۡمَعُ إِلَّا هَمۡسٗا

Ошол күнү адамдар сурак майданын көздөй жарчынын үнүн ээрчип жөнөшөт. Аны ээрчүүдөн аларды эч ким бурбайт. Ырайымдуунун урматы үчүн коркунучтан эч кандай үндөр чыкпай калат. Ал күнү шыбыраган үндөр гана угулат. info
التفاسير:

external-link copy
109 : 20

يَوۡمَئِذٖ لَّا تَنفَعُ ٱلشَّفَٰعَةُ إِلَّا مَنۡ أَذِنَ لَهُ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَرَضِيَ لَهُۥ قَوۡلٗا

Ал улуу күндө Аллах шапаат кылууга уруксат бергендерге гана жана шапаат кылууда, сөзүнө ыраазы болгондорго гана шапаат берилип, ал шапаат ошолорго гана пайда берет. info
التفاسير:

external-link copy
110 : 20

يَعۡلَمُ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡ وَلَا يُحِيطُونَ بِهِۦ عِلۡمٗا

Аллах кыяматтын качан болору сыяктуу адамдардын келечек иштерин да, алардын өтүп кеткен дүйнө иштерин да билет. Бардык пенделердин илими Аллахтын затын жана сыпаттарын камтый албайт. info
التفاسير:

external-link copy
111 : 20

۞ وَعَنَتِ ٱلۡوُجُوهُ لِلۡحَيِّ ٱلۡقَيُّومِۖ وَقَدۡ خَابَ مَنۡ حَمَلَ ظُلۡمٗا

Пенделердин жүздөрү эч качан өлбөгөн түбөлүк Тирүүгө жана пенделердин иштерин башкарып Туруучуга баш ийишет. Өзүн-өзү кыйроого туш кылып күнөөлөрдү көтөргөн адам кыйрады. info
التفاسير:

external-link copy
112 : 20

وَمَن يَعۡمَلۡ مِنَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَلَا يَخَافُ ظُلۡمٗا وَلَا هَضۡمٗا

Ким Аллахка жана пайгамбарларына ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылган болсо, анда ал сыйлыгын толук алат. Ал өзү кылбаган күнөөсү үчүн азапталып же кылган жакшылык иштеринин сообу кемитилип зулумдук кылынат деп коркпойт. info
التفاسير:

external-link copy
113 : 20

وَكَذَٰلِكَ أَنزَلۡنَٰهُ قُرۡءَانًا عَرَبِيّٗا وَصَرَّفۡنَا فِيهِ مِنَ ٱلۡوَعِيدِ لَعَلَّهُمۡ يَتَّقُونَ أَوۡ يُحۡدِثُ لَهُمۡ ذِكۡرٗا

Биз абалкылардын окуяларын түшүргөн сыяктуу бул Куранды таза араб тилинде түшүрдүк. Жана алар Аллахтан коркушсун же Курандан үлгү-насаат алышсын деген максатта анын ичинде коркутуп сестентүү сыяктуу эскертүүлөрдүн түрлөрүн баяндадык. info
التفاسير:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• القرآن العظيم كله تذكير ومواعظ للأمم والشعوب والأفراد، وشرف وفخر للإنسانية.
Улуу Куран – баштан аяк эскертме; элдерге, коомго жана жеке адамдарга карата насааттар; инсаният үчүн кадыр-барк жана сыймык. info

• لا تنفع الشفاعة أحدًا إلا شفاعة من أذن له الرحمن، ورضي قوله في الشفاعة.
Ырайымдуу Аллах уруксат берген жана шапаат кылууда сөзүнө Аллах ыраазы болгон адамдардын шапааты гана пайда берет. info

• القرآن مشتمل على أحسن ما يكون من الأحكام التي تشهد العقول والفطر بحسنها وكمالها.
Куран эң мыкты өкүмдөрдөрдү өзүнө камтыган. Анын мыктылыгына адамдын акылы жана түпкү табияты күбө болот. info

• من آداب التعامل مع القرآن تلقيه بالقبول والتسليم والتعظيم، والاهتداء بنوره إلى الصراط المستقيم، والإقبال عليه بالتعلم والتعليم.
Куранды кабыл алуу, ага моюн сунуу, аны улуктоо, анын нуру менен туура жолго түшүү, аны үйрөнүп жана үйрөтүү менен ага бет алуу – Куран менен болгон мамиленин адептеринен. info

• ندم المجرمين يوم القيامة حيث ضيعوا الأوقات الكثيرة، وقطعوها ساهين لاهين، معرضين عما ينفعهم، مقبلين على ما يضرهم.
Кыямат күнү күнөөкөрлөр өкүнүшөт. Анткени алар көп убактысын пайдасыз өткөрүштү, көңүл коштук кылып коротушту, аларга пайда берген нерселерден баш тартышты жана аларга зыян берген нерселерге бет алышты. info