Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci.

external-link copy
200 : 2

فَإِذَا قَضَيۡتُم مَّنَٰسِكَكُمۡ فَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ كَذِكۡرِكُمۡ ءَابَآءَكُمۡ أَوۡ أَشَدَّ ذِكۡرٗاۗ فَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَقُولُ رَبَّنَآ ءَاتِنَا فِي ٱلدُّنۡيَا وَمَا لَهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِنۡ خَلَٰقٖ

Ажылык ибадаттарын бүтүрүп, андан бошосоңор, Аллахты зикир кылгыла жана ата-бабаларыңар менен сыймыктанып, аларды мактаган сыяктуу Аллахты да көп мактагыла же Аллахты ата-бабаларыңарды эстегенден да көбүрөөк эстегиле. Анткени силер пайдаланып жаткан ар бир жакшылык Аллахтан. Адамдар ар түрдүү, алардын арасында бул дүйнөгө гана ишенген мушрик каапырлар бар, алар Раббисинен дүйнө жыргалчылыктары жана кооздуктары болгон ден-соолук, байлык жана бала-чака гана сурашат. Алар дүйнөнү сүйүп, акыреттен жүз бургандыктан, Аллах Өзүнүн ыймандуу пенделери үчүн даярдап койгон нерселерден насипке ээ болушпайт. info
التفاسير:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• يجب على المؤمن التزود في سفر الدنيا وسفر الآخرة، ولذلك ذكر الله أن خير الزاد هو التقوى.
Ыймандуу адам дүйнө жана акырет сапары үчүн азык камдоого тийиш. Ошол себептен Аллах азыктын эң жакшысы – такыбалык деп айтты. info

• مشروعية الإكثار من ذكر الله تعالى عند إتمام نسك الحج.
Ажы ибадаттары толук бүткөндө Аллахты көп зикир кылуу шариятта келген. info

• اختلاف مقاصد الناس؛ فمنهم من جعل همّه الدنيا، فلا يسأل ربه غيرها، ومنهم من يسأله خير الدنيا والآخرة، وهذا هو الموفَّق.
Адамдардын максаттары ар түрдүү болгондуктан, алардын кээ бирлери дүйнөнү гана көздөп, Раббисинен андан башканы сурашпайт. Ал эми кээ бирлери Андан дүйнө жана акырет жакшылыктарын сурашат. Мына ушунусу ийгиликке жетет. info