Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci.

Lambar shafi:close

external-link copy
25 : 2

وَبَشِّرِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ أَنَّ لَهُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ كُلَّمَا رُزِقُواْ مِنۡهَا مِن ثَمَرَةٖ رِّزۡقٗا قَالُواْ هَٰذَا ٱلَّذِي رُزِقۡنَا مِن قَبۡلُۖ وَأُتُواْ بِهِۦ مُتَشَٰبِهٗاۖ وَلَهُمۡ فِيهَآ أَزۡوَٰجٞ مُّطَهَّرَةٞۖ وَهُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Жогорудагы азап тууралуу убада капырларга кылынды. Оо, пайгамбар! Эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарды кубанычка бөлөгөн, хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейиштер менен сүйүнчүлө. Алар андагы ырыскы кылынган таза мөмө-жемиштерден жеген сайын, алар дүйнөдөгү мөмө-жемиштерге аябай окшоштугунан: «Бул бизге мурда ырыскы болгон мөмөлөргө окшош экен» – дешет. Аларга таанып билүүлөрү үчүн көрүнүшү жана аталышы окшош мөмө-жемиштер берилет, бирок алардын даамы жана татымы такыр башка. Алар үчүн бейиште көңүлгө жакпаган жана табиятты жийиркенткен нерселерден аруу жубайлар бар. Алар дүйнөнүн убактылуу жыргалчылыгынан айырмаланып, түгөнбөгөн түбөлүк бакытта болушат. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 2

۞ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَسۡتَحۡيِۦٓ أَن يَضۡرِبَ مَثَلٗا مَّا بَعُوضَةٗ فَمَا فَوۡقَهَاۚ فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ فَيَعۡلَمُونَ أَنَّهُ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّهِمۡۖ وَأَمَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَيَقُولُونَ مَاذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِهَٰذَا مَثَلٗاۘ يُضِلُّ بِهِۦ كَثِيرٗا وَيَهۡدِي بِهِۦ كَثِيرٗاۚ وَمَا يُضِلُّ بِهِۦٓ إِلَّا ٱلۡفَٰسِقِينَ

Чындыгында Аллах таала Өзү каалаган нерсени мисал кылуудан уялбайт. Ал чиркейди, андан чоң же кичине нерсени да мисал кылат. Адамдар ушуга карата келгенде эки түрдө болушат: ыймандуулар жана каапырлар. Ыймандуулар мисал келтирүүнүн артында кандайдыр бир даанышмандык сыр бар экенине ишенишет жана билишет. Ал эми каапырлар болсо Аллахтын чиркей, чымын, жөргөмүш ж.б.у.с. майда жаныбарларды эмне себептен мисал кылып жатканын бири-биринен шылдыңдоо максатта сурашат. Ошондо Аллахтан мындай жооп келет: чындыгында бул мисалдарда адамдар үчүн жол көрсөтүүлөр, туура жолдомолор жана сыноолор бар. Алардын кээ бирлери бул мисалдар тууралуу ой жүгүртүүдөн баш тартышканы үчүн Аллах аларды адаштырат жана мындайлар көп. Ал эми кээ бирлерин андан үлгү сабак алганы үчүн туура жолго салат жана мындайлары да көп. Адашууга татыктуу болгондор гана адашышат. Алар эки жүздүүлөр сыяктуу Аллахка баш ийбестик кылгандар. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 2

ٱلَّذِينَ يَنقُضُونَ عَهۡدَ ٱللَّهِ مِنۢ بَعۡدِ مِيثَٰقِهِۦ وَيَقۡطَعُونَ مَآ أَمَرَ ٱللَّهُ بِهِۦٓ أَن يُوصَلَ وَيُفۡسِدُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ

Жалгыз Аллахка сыйынуу жана мурунку пайгамбарлар кабар берген Анын элчисин ээрчүү тууралуу Аллах менен болгон келишимди бузгандар, Аллахтын алдындагы келишимди четке каккандар – аларга Аллах бекемдегиле деп буйруган туугандык мамиле сыяктуу нерселерди үзүү жана күнөөлөрдү кылуу менен жер бетинде бузукулукту жаюуга аракеттенүү сыяктуу сыпаттар мүнөздүү. Мына ошолор дүйнөдө да, акыретте да насиби кем адамдар. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 2

كَيۡفَ تَكۡفُرُونَ بِٱللَّهِ وَكُنتُمۡ أَمۡوَٰتٗا فَأَحۡيَٰكُمۡۖ ثُمَّ يُمِيتُكُمۡ ثُمَّ يُحۡيِيكُمۡ ثُمَّ إِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ

Эй, каапырлар! Силердин абалыңар өтө таң калыштуу! Өзүңөрдөн Аллахтын кудуретине далилдерди көрүп туруп, кантип Ага каапырлык кыласыңар? Силер жок нерсе элеңер, Ал силерди жаратты, тирилтти, кийин экинчи ирет өлтүрөт, андан соң экинчи жашоого тирилтет, анан кылган иштериңердин сурагын бериш үчүн Ага кайтып барасыңар. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 2

هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَ لَكُم مَّا فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰٓ إِلَى ٱلسَّمَآءِ فَسَوَّىٰهُنَّ سَبۡعَ سَمَٰوَٰتٖۚ وَهُوَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ

Аллах силер үчүн жер бетиндеги дарыяларды, бак-дарактарды жана башка сан жеткис нерселерди жаратты. Силер аларды пайдаланып жатасыңар жана силерге баш ийдирилген нерселерден ырахат алып жатасыңар. Андан соң асманга көтөрүлүп, бир тегиз жети кабат асманды жаратты. Ал илими менен бардык нерсени Өзүнө камтып алган. info
التفاسير:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• من كمال النعيم في الجنة أن ملذاتها لا يكدرها أي نوع من التنغيص، ولا يخالطها أي أذى.
Бейиштеги кемчиликсиз жыргалчылыктардын бири – анын ырахатын булганычтын эч бир түрү бузбайт жана ага эч кандай зыяндуулук аралашпайт. info

• الأمثال التي يضربها الله تعالى لا ينتفع بها إلا المؤمنون؛ لأنهم هم الذين يريدون الهداية بصدق، ويطلبونها بحق.
Аллах таала келтирген мисалдардан ыймандуулар гана пайда алышат. Анткени алар чындап туура жолду каалашат жана аны акыйкаттык менен издешет. info

• من أبرز صفات الفاسقين نقضُ عهودهم مع الله ومع الخلق، وقطعُهُم لما أمر الله بوصله، وسعيُهُم بالفساد في الأرض.
Баш ийбес күнөөкөрлөрдүн эң көрүнүктүү сыпаттарынан – алар Аллах менен жана адамдар менен болгон келишимдерин бузушат, Аллах бекемдегиле деп буйруган байланыштарды үзүшөт жана жер бетинде бузукулукту жаюуга аракеттенишет. info

• الأصل في الأشياء الإباحة والطهارة؛ لأن الله تعالى امتنَّ على عباده بأن خلق لهم كل ما في الأرض.
Бардык нерселерге түпкүрүндө уруксат берилген жана алар таза болуп эсептелет. Анткени Аллах таала пенделерине жакшылык кылып, алар үчүн жер бетиндеги бүткүл нерселерди жаратты. info