Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci.

Lambar shafi:close

external-link copy
21 : 18

وَكَذَٰلِكَ أَعۡثَرۡنَا عَلَيۡهِمۡ لِيَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَأَنَّ ٱلسَّاعَةَ لَا رَيۡبَ فِيهَآ إِذۡ يَتَنَٰزَعُونَ بَيۡنَهُمۡ أَمۡرَهُمۡۖ فَقَالُواْ ٱبۡنُواْ عَلَيۡهِم بُنۡيَٰنٗاۖ رَّبُّهُمۡ أَعۡلَمُ بِهِمۡۚ قَالَ ٱلَّذِينَ غَلَبُواْ عَلَىٰٓ أَمۡرِهِمۡ لَنَتَّخِذَنَّ عَلَيۡهِم مَّسۡجِدٗا

Биз аларды таң каларлык кудуретибиз менен узак убакытка уктатып жана уйкудан тургуздук. Ошондой эле шаардын эли Аллах өлүктөрдү кайра тирилтүүсү акыйкат экендигине жана кыямат күнү анык экиндигине ишенүүлөрү үчүн аларды шаар элине билдирдик. Үңкүр ээлери шаар элине билинип алар жашап өтүшкөндөн кийин аларды кантип жерге беребиз дешип талашып кетишти. Алардын бир тобу: “Ошол үңкүргө аларды сактап турган бир ак сарай куралы. Алардын абалын Раббиси жакшы билет. Алардын мындай абалы Аллахтын алдында өзгөчө абал экендиги болуп турат” – деп айтышты. Сөздөрү өтүмдүү бирок илимдери жок жана туура нерсеге чакыра билбеген кишилер: “Алардын бул жерине аларды урматтоо үчүн жана алардын жерин эстеп туруу үчүн ибадат кылууга мечит курабыз” – деп чыгышты. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 18

سَيَقُولُونَ ثَلَٰثَةٞ رَّابِعُهُمۡ كَلۡبُهُمۡ وَيَقُولُونَ خَمۡسَةٞ سَادِسُهُمۡ كَلۡبُهُمۡ رَجۡمَۢا بِٱلۡغَيۡبِۖ وَيَقُولُونَ سَبۡعَةٞ وَثَامِنُهُمۡ كَلۡبُهُمۡۚ قُل رَّبِّيٓ أَعۡلَمُ بِعِدَّتِهِم مَّا يَعۡلَمُهُمۡ إِلَّا قَلِيلٞۗ فَلَا تُمَارِ فِيهِمۡ إِلَّا مِرَآءٗ ظَٰهِرٗا وَلَا تَسۡتَفۡتِ فِيهِم مِّنۡهُمۡ أَحَدٗا

Алардын окуяларына баш оту менен кирип кеткендер: “Алар канчоо болушкан? – деп айтышат – алар үчөө ити менен төртөө болушкан” – деген санды айтышат. Ал эми кээ бирлери: “Алар бешөө, ити менен алтоо болушкан” – деп айтышат. Бул эки сөздү айткан адамдар эч кандай далили жок эле ойлоруна келгенин айтышты. Ал эми кээ бирлер: “Алар жетөө болушкан, ит сегизинчиси” – дешет. Эй, пайгамбар! “Раббим алардын канчоо болушканын жакшы билет жана Аллах билгизген аз гана адамдар да билишет” – деп айткын. Андыктан алар менен үңкүрдөгү адамдардын санын жана китеп ээлеринин башка маселелеринде өтө кирип талашпагын. Талашсаң да сага аян кабар болгон нерседе үстүртөн талашсаң болот. Китеп ээлеринен бир нерсе туурасында сурасаң майда-чүйдөсүнө чейин сураба. Анткени алар майда-чүйдөсүнө чейин билишпейт. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 18

وَلَا تَقُولَنَّ لِشَاْيۡءٍ إِنِّي فَاعِلٞ ذَٰلِكَ غَدًا

Оо, пайгамбар! Эртеңки күнү эмнени кыла турган болсоң, анда “Мен муну эртең кыламын” – деп айтпагын. Анткени аны эртеси кыласыңбы же андан бир нерсе жолтоо болуп кыла албай каласыңбы, сен аны билбейсиң. Бул ар бир мусулманга да тийиштүү буйрук. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 18

إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ وَٱذۡكُر رَّبَّكَ إِذَا نَسِيتَ وَقُلۡ عَسَىٰٓ أَن يَهۡدِيَنِ رَبِّي لِأَقۡرَبَ مِنۡ هَٰذَا رَشَدٗا

Эгерде антип айтсаң, анда Аллахтын каалоосуна гана байлап мындай деп айткын: “Мен муну эртең Аллах кааласа кыламын”. Ошондой эле эгерде “Аллах кааласа” деген сөздү унутуп калсаң, анда мындай деп Раббиңди эстегин: “Раббим мени бул иштен да туура жолго багыттоосуна үмүт кыламын”. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 18

وَلَبِثُواْ فِي كَهۡفِهِمۡ ثَلَٰثَ مِاْئَةٖ سِنِينَ وَٱزۡدَادُواْ تِسۡعٗا

Үңкүр ээлери үңкүрдө үч жүз тогуз жыл болушту. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 18

قُلِ ٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا لَبِثُواْۖ لَهُۥ غَيۡبُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ أَبۡصِرۡ بِهِۦ وَأَسۡمِعۡۚ مَا لَهُم مِّن دُونِهِۦ مِن وَلِيّٖ وَلَا يُشۡرِكُ فِي حُكۡمِهِۦٓ أَحَدٗا

Оо, пайгамбар! Алар үңкүрдө канча убакыт болгонун Аллах гана билет деп айткын. Биз алардын канча убакыт тургандыгы боюнча кабарын бердик. Аллах таала бул туурасында айткандан кийин эч ким өз оюн айта албайт. Асмандардагы жана жердеги кайып илимдин жана жаратылган нерселердин баары Аллахка таандык. Ал канчалык көп нерсени көрүп турарын айт! Ал бардык нерсени көрүп турат. Ал канчалык көп нерсени угуп турарын айт! Ал бардык нерсени угуп турат. Алардын иштерин колуна алган Аллахтан башка коргоочу жок. Ал Өзүнүн өкүмүндө эч кимди шериктеш кылбайт. Өкүм кылуу Анын Өзүнө гана таандык. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 18

وَٱتۡلُ مَآ أُوحِيَ إِلَيۡكَ مِن كِتَابِ رَبِّكَۖ لَا مُبَدِّلَ لِكَلِمَٰتِهِۦ وَلَن تَجِدَ مِن دُونِهِۦ مُلۡتَحَدٗا

Оо, пайгамбар! Аллах сага Курандан аян кабарын берген аяттарды окугун жана аларды иш жүзүндө аткаргын. Анын сөздөрүндө эч кандай өзгөрүү болбойт. Анткени анын баары акыйкат жана баары адилеттүү. Аллахтан башка жалбарып кайрылууга эч ким жок. Андан башка менен коргоно турган да эч ким жок. info
التفاسير:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• اتخاذ المساجد على القبور، والصلاة فيها، والبناء عليها؛ غير جائز في شرعنا.
Кабырлардын үстүнө же жанына мечит курган болбойт. Эгерде курулуп калган мечит болсо, анда намаз окубаш керек. Ошондой эле күмбөздөрдү да курган туура эмес. info

• في القصة إقامة الحجة على قدرة الله على الحشر وبعث الأجساد من القبور والحساب.
Бул окуяда сурак берүүгө кайрадан тирилтүүгө жана кабырдан тургузууга Аллахтын толук кудуреттүү экенине далилдер так айтылды. info

• دلَّت الآيات على أن المراء والجدال المحمود هو الجدال بالتي هي أحسن.
Туура ыкма менен талашып-тартышуу – ал адеп жана далилдер менен талашып-тартышуу экендигине бул аяттар далил болот. info

• السُّنَّة والأدب الشرعيان يقتضيان تعليق الأمور المستقبلية بمشيئة الله تعالى.
Келечектеги иштерди Аллахтын каалоосуна байлоону шарияттагы адеп жана сүннөт талап кылат. info