Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci.

external-link copy
23 : 10

فَلَمَّآ أَنجَىٰهُمۡ إِذَا هُمۡ يَبۡغُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّۗ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنَّمَا بَغۡيُكُمۡ عَلَىٰٓ أَنفُسِكُمۖ مَّتَٰعَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ ثُمَّ إِلَيۡنَا مَرۡجِعُكُمۡ فَنُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ

Аллах алардын дубаларын кабыл кылып, аларды ошол кыйынчылыктан куткаргандан кийин алар каапырлык жана күнөөлөрдү кылуу менен жер жүзүндө бузукулук кылышат. Эй, адамдар! Эсиңерге келгиле. Бузукулугуңардын акыбети өзүңөргө эле кайтат. Силердин бузукулугуңар Аллахка зыян бербейт. Ал бузукулук иштериңер менен бул дүйнө жашоосунда жыргап жүрөсүңөр. Бул дүйнө жашоосу да бүтөт. Кийин кыямат күнү Бизге кайтасыңар. Ошондо кылып жүргөн күнөөлөрүңөр тууралуу кабар беребиз жана алар үчүн силерди жазалайбыз info
التفاسير:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• الله أسرع مكرًا بمن مكر بعباده المؤمنين.
Аллахтын ыйман келтирген пенделерине айлакерлик кылгандарга Аллахтын айлакерлиги бат жетет. info

• بغي الإنسان عائد على نفسه ولا يضر إلا نفسه.
Адамдын бузукулугу өзүнө гана кайтат жана өзүнө гана зыян алып келет. info

• بيان حقيقة الدنيا في سرعة انقضائها وزوالها، وما فيها من النعيم فهو فانٍ.
Бул дүйнөнүн бат жок болуусун айтып бул дүйнөнүн чыныгы жүзүн ачыктоо. Бул дүйнөдөгү жыргалчылыктардын баары жок болот. info

• الجنة هي مستقر المؤمن؛ لما فيها من النعيم والسلامة من المصائب والهموم.
Бейиште жыргалчылык болгондуктан жана ал жайда кыйынчылык жана кайгы-капалык болбогондуктан ал ыймандуунун туруктуу жайы. info