[1] Кыяматтын белгилеринин бири – Күндүн батыштан чыгышы. Демек, «эки чыгыш» деген сөздү батыш менен чыгыш деп түшүнүш керек.
[1] Куран өкүмдөрүн өз жашоосуна негиз катары кармаган жеке адам, же коом, же мамлекет тез эле оңолуп, аброй-урматы көтөрүлүп, дүйнөгө таанылып, эки дүйнө шооратына жетет. Аллах Куранды, анын өкүмдөрү менен амал кылып, эки дүйнө бактысына жетүү үчүн түшүргөн.
[1] Жыланга айланган таягы менен койнуна салганда ап-апак болуп чыга турган колун – Аллахтын кереметтерин көргөзгөндө.
[2] «Бул кызык сыйкыр экен» дешти. Кийин Аллах таала Мисир (Египет) өлкөсүн басып кеткен бит, бака, чегиртке, кан сыяктуу кереметтерин жиберди.