Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Ƙirgiziyanci - Shamsuddi Hakimuf

external-link copy
127 : 4

وَيَسۡتَفۡتُونَكَ فِي ٱلنِّسَآءِۖ قُلِ ٱللَّهُ يُفۡتِيكُمۡ فِيهِنَّ وَمَا يُتۡلَىٰ عَلَيۡكُمۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ فِي يَتَٰمَى ٱلنِّسَآءِ ٱلَّٰتِي لَا تُؤۡتُونَهُنَّ مَا كُتِبَ لَهُنَّ وَتَرۡغَبُونَ أَن تَنكِحُوهُنَّ وَٱلۡمُسۡتَضۡعَفِينَ مِنَ ٱلۡوِلۡدَٰنِ وَأَن تَقُومُواْ لِلۡيَتَٰمَىٰ بِٱلۡقِسۡطِۚ وَمَا تَفۡعَلُواْ مِنۡ خَيۡرٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِهِۦ عَلِيمٗا

(О, Мухаммад!) Сенден аялдар жөнүндө фатва (өкүм) сурашат. Айткын: “Аялдар жөнүндө силерге Аллах жана Китептеги жетим кыздар, алсыз-байкуш (жетим) балдарга арнап окулган аяттар өкүм берет. (Силерди, сулуулугуна же байлыгына) кызыгып үйлөнүп алып, (кийин) аларга берилүүсү парз кылынган махырды бербей койгон (жетим кыздардын укугун орундатууга) жана жетимдер үчүн адилет башчылык кылууга (буюрат). Кандай жакшылык кылсаңар Аллах аны, чынында, Билүүчү. info
التفاسير: