Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Ƙirgiziyanci - Shamsuddi Hakimuf

Lambar shafi:close

external-link copy
253 : 2

۞ تِلۡكَ ٱلرُّسُلُ فَضَّلۡنَا بَعۡضَهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖۘ مِّنۡهُم مَّن كَلَّمَ ٱللَّهُۖ وَرَفَعَ بَعۡضَهُمۡ دَرَجَٰتٖۚ وَءَاتَيۡنَا عِيسَى ٱبۡنَ مَرۡيَمَ ٱلۡبَيِّنَٰتِ وَأَيَّدۡنَٰهُ بِرُوحِ ٱلۡقُدُسِۗ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَا ٱقۡتَتَلَ ٱلَّذِينَ مِنۢ بَعۡدِهِم مِّنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡهُمُ ٱلۡبَيِّنَٰتُ وَلَٰكِنِ ٱخۡتَلَفُواْ فَمِنۡهُم مَّنۡ ءَامَنَ وَمِنۡهُم مَّن كَفَرَۚ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَا ٱقۡتَتَلُواْ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَفۡعَلُ مَا يُرِيدُ

Биз бул пайгамбарлардан кээ бирлерин башка бирөөлөрүнөн абзел кылдык. Алардын арасында Аллах (ага) сүйлөгөндөрү бар жана (Аллах) кээ бирөөлөрүн жогору даражаларга көтөрдү. Биз Марямдын уулу Исага анык далилдер берип, аны Ыйык Рух менен кубаттадык. Эгер Аллах кааласа, алардан кийинкилер өздөрүнө анык далилдер келген соң өз ара согушпайт болчу. Бирок, каршылашып калышты: алардан ким бирөөсү ыйман келтирди, дагы бирөөлөрү каапыр болду. Эгер Аллах кааласа согушпайт эле. А бирок, Аллах каалаганын жасайт. info
التفاسير:

external-link copy
254 : 2

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَنفِقُواْ مِمَّا رَزَقۡنَٰكُم مِّن قَبۡلِ أَن يَأۡتِيَ يَوۡمٞ لَّا بَيۡعٞ فِيهِ وَلَا خُلَّةٞ وَلَا شَفَٰعَةٞۗ وَٱلۡكَٰفِرُونَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ

Оо, ыйман келтиргендер! (Башыңарга) алды-саттысы, жоро-жолдошчулугу жана шапаат-ортомчулугу жок Күн (Кыямат) келип кала электе Биз силерге ырыскы кылып берген нерселерден (бир бөлүгүн Аллахтын жолуна) сарп кылгыла! Жана каапырлар – ошолор гана заалым кишилер! info
التفاسير:

external-link copy
255 : 2

ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡحَيُّ ٱلۡقَيُّومُۚ لَا تَأۡخُذُهُۥ سِنَةٞ وَلَا نَوۡمٞۚ لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ مَن ذَا ٱلَّذِي يَشۡفَعُ عِندَهُۥٓ إِلَّا بِإِذۡنِهِۦۚ يَعۡلَمُ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡۖ وَلَا يُحِيطُونَ بِشَيۡءٖ مِّنۡ عِلۡمِهِۦٓ إِلَّا بِمَا شَآءَۚ وَسِعَ كُرۡسِيُّهُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَۖ وَلَا يَـُٔودُهُۥ حِفۡظُهُمَاۚ وَهُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡعَظِيمُ

Аллах – Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал (түбөлүк) Тирүү, (бардыгын) башкарып Туруучу. Ал үргүлөбөйт жана уктабайт. Асмандар менен жердегинин баары Ага тандык. Эч ким Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча шапаат-колдоо көрсөтө албайт. Ал алардын келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми, алар болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билбейт. Анын Курсийи асмандар жана жерди камтып турат. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Ага эч тоскоолдук кылбайт. Ал Бийик жана Улуу Зат! info
التفاسير:

external-link copy
256 : 2

لَآ إِكۡرَاهَ فِي ٱلدِّينِۖ قَد تَّبَيَّنَ ٱلرُّشۡدُ مِنَ ٱلۡغَيِّۚ فَمَن يَكۡفُرۡ بِٱلطَّٰغُوتِ وَيُؤۡمِنۢ بِٱللَّهِ فَقَدِ ٱسۡتَمۡسَكَ بِٱلۡعُرۡوَةِ ٱلۡوُثۡقَىٰ لَا ٱنفِصَامَ لَهَاۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

Динде мажбурлоо жок.[1] Туура жол адашуучулуктан ажырап бүткөн. Ал эми, ким Тагутка[2] каапыр болуп, Аллахка ыйман келтирсе, эч качан ажырап кетпей турган, бекем тутканы кармаганы чын! Аллах – Угуучу. Билүүчү. info

[1] Ислам – акылдын, илимдин, табигыйлыктын жана Даанышмандыктын, оңолуунун жана оңдоонун, акыйкаттыктын жана тууралыктын дини! Ошондуктан ага жүрөктөрдүн, акылдардын өзү умтулат. Ага зордоп киргизүүнүн кажети жок. Зордоп киргизүү адамдын табигый психологиясына, акылына дал келбеген жолдордун амалы. Исламда адамдын табияты менен акылына каршы келген эч нерсе жок.
[2] Аллах тааладан башка, элдер сыйынып жаткан ар кандай кудайлардын баары «тагуттар» деп аталат. Пенде Аллахка ыйман келтирүүдөн мурун, Аллахтан башка бардык "кудайларга" (тагуттарга) каапыр болушу, алардын кудайлыгын четке кагышы жана андан кийин гана кудайлыкты жеке-жалгыз Аллах таалага ыйгарышы керек. Ошондо гана ал "эч качан ажырап кетпей турган, бекем тутканы" (ыйманды) кармаган болот.

التفاسير: