Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Ƙirgiziyanci - Shamsuddi Hakimuf

Lambar shafi:close

external-link copy
89 : 11

وَيَٰقَوۡمِ لَا يَجۡرِمَنَّكُمۡ شِقَاقِيٓ أَن يُصِيبَكُم مِّثۡلُ مَآ أَصَابَ قَوۡمَ نُوحٍ أَوۡ قَوۡمَ هُودٍ أَوۡ قَوۡمَ صَٰلِحٖۚ وَمَا قَوۡمُ لُوطٖ مِّنكُم بِبَعِيدٖ

Оо, коомум! Мага (бул) каршы чыгууңар, Нухтун, Худдун жана Салихтин (каапыр) коомдоруна жеткен азаптын силерге да жетип калуусуна себеп болуп жүрбөсүн! Лут коому(нун жашаган жери жана заманы) силерге алыс эмес го! info
التفاسير:

external-link copy
90 : 11

وَٱسۡتَغۡفِرُواْ رَبَّكُمۡ ثُمَّ تُوبُوٓاْ إِلَيۡهِۚ إِنَّ رَبِّي رَحِيمٞ وَدُودٞ

(Эсиңердин барында) Раббиңерден күнөөңөрдү(н кечирилишин) сурап, Өзүнө тообо кылып калгыла! Албетте, Менин Раббим - (тообо кылгандарга) Ырайымдуу жана ыймандууларды Сүйүүчү». info
التفاسير:

external-link copy
91 : 11

قَالُواْ يَٰشُعَيۡبُ مَا نَفۡقَهُ كَثِيرٗا مِّمَّا تَقُولُ وَإِنَّا لَنَرَىٰكَ فِينَا ضَعِيفٗاۖ وَلَوۡلَا رَهۡطُكَ لَرَجَمۡنَٰكَۖ وَمَآ أَنتَ عَلَيۡنَا بِعَزِيزٖ

Алар айтты: “Оо, Шуайб! Көп сөздөрүңдү түшүнбөй турабыз. Жана биз сени арабыздагы алсыз адам катары көрөбүз. Эгер уруу-жамаатың болбогондо сени ташбараң кылып таштайт элек. Өзүң бизге кадырлуу адам эмессиң! info
التفاسير:

external-link copy
92 : 11

قَالَ يَٰقَوۡمِ أَرَهۡطِيٓ أَعَزُّ عَلَيۡكُم مِّنَ ٱللَّهِ وَٱتَّخَذۡتُمُوهُ وَرَآءَكُمۡ ظِهۡرِيًّاۖ إِنَّ رَبِّي بِمَا تَعۡمَلُونَ مُحِيطٞ

(Шуайб) айтты: «Оо, коомум! Силерге менин уруу-жамаатым Аллахтан да кадырлуубу? Аны(н буйруктарын) артыңарга таштап койдуңар?! Менин Раббим бардык ишиңерди ороп (билип) алуучу. info
التفاسير:

external-link copy
93 : 11

وَيَٰقَوۡمِ ٱعۡمَلُواْ عَلَىٰ مَكَانَتِكُمۡ إِنِّي عَٰمِلٞۖ سَوۡفَ تَعۡلَمُونَ مَن يَأۡتِيهِ عَذَابٞ يُخۡزِيهِ وَمَنۡ هُوَ كَٰذِبٞۖ وَٱرۡتَقِبُوٓاْ إِنِّي مَعَكُمۡ رَقِيبٞ

Оо, коомум! (Анда) Өз билгениңерди жасап жүрө бергиле, мен да (өз билгенимди) жасаймын. Кимге шерменде кылуучу азап келишин жана ким жалганчы экенин тез эле билип аласыңар. Күткүлө, мен да силер менен чогуу күтөйүн». info
التفاسير:

external-link copy
94 : 11

وَلَمَّا جَآءَ أَمۡرُنَا نَجَّيۡنَا شُعَيۡبٗا وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥ بِرَحۡمَةٖ مِّنَّا وَأَخَذَتِ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ ٱلصَّيۡحَةُ فَأَصۡبَحُواْ فِي دِيَٰرِهِمۡ جَٰثِمِينَ

Качан аларга Биздин буйругубуз (азап) келген чакта Шуайб жана аны менен бирге болгон ыймандууларды Өз ырайымыбыз менен куткардык. Ал эми, зулум (каапырчылык) жасаган адамдарды катуу добуш (ач айкырык) “кармап”, бардык каапырлар өз короо-жайларында кыйрап, info
التفاسير:

external-link copy
95 : 11

كَأَن لَّمۡ يَغۡنَوۡاْ فِيهَآۗ أَلَا بُعۡدٗا لِّمَدۡيَنَ كَمَا بَعِدَتۡ ثَمُودُ

Ал жерде жашабагандай болуп калышты. Көңүл бургула! Самуд коому кырылгандай, кырылсын Мадян! info
التفاسير:

external-link copy
96 : 11

وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا مُوسَىٰ بِـَٔايَٰتِنَا وَسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٍ

Биз Мусаны Өз моожизаларыбыз жана айкын далил менен жибердик, info
التفاسير:

external-link copy
97 : 11

إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦ فَٱتَّبَعُوٓاْ أَمۡرَ فِرۡعَوۡنَۖ وَمَآ أَمۡرُ فِرۡعَوۡنَ بِرَشِيدٖ

Фараон жана анын (сарай) адамдарына. Алар (сарай адамдары) Фараондун буйругуна моюн сунушту. А, Фараондун иши (өкүмү) туура эмес болчу. info
التفاسير: