[1] Жер мүрзөдөгү өлүктөр менен кен-байлыктарын чыгарып, созулган сыяктуу тегиздикке айланат. Тоо-таштар күкүм болуп, тегизделип калат. Мүрзөлөрдөн тирилип, суурулуп чыккан инсандар Раббисине жолугуу үчүн сот-сурак майданына айдалат.
[1] Эми алар сообу көп болсо Раббисинен пазилет-сыйлык алышат, күнөөсү көп болсо, азап-жаза алышат. Ал жерде аларга амал китептери таратылып берилет.
[1] Бардык инсан ата-энесинин бел сууларынын аралашмасы - нутфа баскычынан коюу кан, бир тиштем эт, сөөк, ымыркай баскычын "минип-өтүп" төрөлгөн. Анан бөбөктүк, балалык, өспүрүмдүк, жигиттик, кишилик, картаңдык баскычтарын басып өтүп мүрзөгө келип кайра топуракка айланат. (Садий)