ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಶಂಸುದ್ದೀನ್ ಹಕೀಮೋವ್

Иншикак

external-link copy
1 : 84

إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنشَقَّتۡ

Күтүүсүздөн асман жарылды! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 84

وَأَذِنَتۡ لِرَبِّهَا وَحُقَّتۡ

Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 84

وَإِذَا ٱلۡأَرۡضُ مُدَّتۡ

Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп, info
التفاسير:

external-link copy
4 : 84

وَأَلۡقَتۡ مَا فِيهَا وَتَخَلَّتۡ

ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 84

وَأَذِنَتۡ لِرَبِّهَا وَحُقَّتۡ

Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу![1] info

[1] Жер мүрзөдөгү өлүктөр менен кен-байлыктарын чыгарып, созулган сыяктуу тегиздикке айланат. Тоо-таштар күкүм болуп, тегизделип калат. Мүрзөлөрдөн тирилип, суурулуп чыккан инсандар Раббисине жолугуу үчүн сот-сурак майданына айдалат.

التفاسير:

external-link copy
6 : 84

يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡإِنسَٰنُ إِنَّكَ كَادِحٌ إِلَىٰ رَبِّكَ كَدۡحٗا فَمُلَٰقِيهِ

О, инсан! Сен Раббиңе (жолуканча) түйшөлүп, акырында Ага жолугасың.[1] info

[1] Эми алар сообу көп болсо Раббисинен пазилет-сыйлык алышат, күнөөсү көп болсо, азап-жаза алышат. Ал жерде аларга амал китептери таратылып берилет.

التفاسير:

external-link copy
7 : 84

فَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ

Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе, info
التفاسير:

external-link copy
8 : 84

فَسَوۡفَ يُحَاسَبُ حِسَابٗا يَسِيرٗا

өтө жеңил суралат. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 84

وَيَنقَلِبُ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ مَسۡرُورٗا

жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 84

وَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ وَرَآءَ ظَهۡرِهِۦ

Ал эми, кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе, info
التفاسير:

external-link copy
11 : 84

فَسَوۡفَ يَدۡعُواْ ثُبُورٗا

(өзүнө) өлүм чакырат. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 84

وَيَصۡلَىٰ سَعِيرًا

Жана тозокко ташталат! info
التفاسير:

external-link copy
13 : 84

إِنَّهُۥ كَانَ فِيٓ أَهۡلِهِۦ مَسۡرُورًا

Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн ичинде шат-курсант болчу. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 84

إِنَّهُۥ ظَنَّ أَن لَّن يَحُورَ

Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 84

بَلَىٰٓۚ إِنَّ رَبَّهُۥ كَانَ بِهِۦ بَصِيرٗا

Жок! Андай эмес! (Ал Раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган! info
التفاسير:

external-link copy
16 : 84

فَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلشَّفَقِ

Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант ичип, info
التفاسير:

external-link copy
17 : 84

وَٱلَّيۡلِ وَمَا وَسَقَ

түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант ичип... info
التفاسير:

external-link copy
18 : 84

وَٱلۡقَمَرِ إِذَا ٱتَّسَقَ

Жана толгон кездеги (толук) айга ант ичип (айтамын): info
التفاسير:

external-link copy
19 : 84

لَتَرۡكَبُنَّ طَبَقًا عَن طَبَقٖ

(Оо, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер![1] info

[1] Бардык инсан ата-энесинин бел сууларынын аралашмасы - нутфа баскычынан коюу кан, бир тиштем эт, сөөк, ымыркай баскычын "минип-өтүп" төрөлгөн. Анан бөбөктүк, балалык, өспүрүмдүк, жигиттик, кишилик, картаңдык баскычтарын басып өтүп мүрзөгө келип кайра топуракка айланат. (Садий)

التفاسير:

external-link copy
20 : 84

فَمَا لَهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ

Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат?! info
التفاسير:

external-link copy
21 : 84

وَإِذَا قُرِئَ عَلَيۡهِمُ ٱلۡقُرۡءَانُ لَا يَسۡجُدُونَۤ۩

Жана эгер аларга Куран окуп берилчү болсо, (моюн сунуу менен) сажда кылышпайт?![1] info

[1] Бул аят сажда аяты болуп, аны окугандарга жана уккандарга отурган эле жеринде бир жолу сажда кылуу ваажып болот.

التفاسير:

external-link copy
22 : 84

بَلِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُكَذِّبُونَ

Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) «жалган» дешет! info
التفاسير:

external-link copy
23 : 84

وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا يُوعُونَ

Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллах эң жакшы билет. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 84

فَبَشِّرۡهُم بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

(Оо, Мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер! info
التفاسير:

external-link copy
25 : 84

إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمۡ أَجۡرٌ غَيۡرُ مَمۡنُونِۭ

А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар(га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар! info
التفاسير: