Traducción de los significados del Sagrado Corán - Traducción Kirguís - Shamsuddin Hakimov

Número de página:close

external-link copy
55 : 33

لَّا جُنَاحَ عَلَيۡهِنَّ فِيٓ ءَابَآئِهِنَّ وَلَآ أَبۡنَآئِهِنَّ وَلَآ إِخۡوَٰنِهِنَّ وَلَآ أَبۡنَآءِ إِخۡوَٰنِهِنَّ وَلَآ أَبۡنَآءِ أَخَوَٰتِهِنَّ وَلَا نِسَآئِهِنَّ وَلَا مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُنَّۗ وَٱتَّقِينَ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدًا

(Эгер пайгамбардын аялдары) аталарынын алдында, уул перзенттеринин алдында, ага-инилеринин алдында, ага-инилеринин уулдарынын алдында, эже сиңдилеринин уулдарынын алдында, өздөрүнүн (мусулман) аялдарынын алдында жана кол астындагы кул-күңдөрүнүн алдында (бетин ачып жүрсө) эч күнөө жок! (Оо, пайгамбардын аялдары!) Аллахтан корккула! Аллах чынында ар бир нерсени көрүп турат! info
التفاسير:

external-link copy
56 : 33

إِنَّ ٱللَّهَ وَمَلَٰٓئِكَتَهُۥ يُصَلُّونَ عَلَى ٱلنَّبِيِّۚ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ صَلُّواْ عَلَيۡهِ وَسَلِّمُواْ تَسۡلِيمًا

Албетте Аллах жана Анын периштелери пайгамбарга салават-салам айтышат. Оо, ыйман келтиргендер силер да ага көптөн-көп салават-саламдарды айткыла! info
التفاسير:

external-link copy
57 : 33

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُؤۡذُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ لَعَنَهُمُ ٱللَّهُ فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِ وَأَعَدَّ لَهُمۡ عَذَابٗا مُّهِينٗا

Аллахка жана Анын элчисине зыян бергендерди, дүйнө-акыретте Аллах наалат айткан жана аларга кордоочу азап даярдаган! info
التفاسير:

external-link copy
58 : 33

وَٱلَّذِينَ يُؤۡذُونَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ بِغَيۡرِ مَا ٱكۡتَسَبُواْ فَقَدِ ٱحۡتَمَلُواْ بُهۡتَٰنٗا وَإِثۡمٗا مُّبِينٗا

Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды жасабаган иштери себептүү зыян берген адамдар (моюндарына) чоң дооматты жана анык күнөөнү көтөрүшүптүр! info
التفاسير:

external-link copy
59 : 33

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ قُل لِّأَزۡوَٰجِكَ وَبَنَاتِكَ وَنِسَآءِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ يُدۡنِينَ عَلَيۡهِنَّ مِن جَلَٰبِيبِهِنَّۚ ذَٰلِكَ أَدۡنَىٰٓ أَن يُعۡرَفۡنَ فَلَا يُؤۡذَيۡنَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا

Оо, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына айткын: жоолуктарын өздөрүнө жакындатып (көкүрөк-баштарын жаап) алышсын! Ушул алардын (күңдөрдөн ажыралып) таанымал болууларына жана иренжитилбей жүрүүлөрүнө жакыныраак (жорук). Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
60 : 33

۞ لَّئِن لَّمۡ يَنتَهِ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ وَٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ وَٱلۡمُرۡجِفُونَ فِي ٱلۡمَدِينَةِ لَنُغۡرِيَنَّكَ بِهِمۡ ثُمَّ لَا يُجَاوِرُونَكَ فِيهَآ إِلَّا قَلِيلٗا

Эгерде мунафыктар (эки жүздүүлөр), жүрөктөрү оорулуу адамдар жана Мединада калп кабарларды таркатуучулар (ушул иштеринен) токтобосо, сени аларга каршы койобуз. Кийин алар сага кошуна болуп (Мединада) көп тура албай калышат. info
التفاسير:

external-link copy
61 : 33

مَّلۡعُونِينَۖ أَيۡنَمَا ثُقِفُوٓاْ أُخِذُواْ وَقُتِّلُواْ تَقۡتِيلٗا

(Анан) каргышка учураган абалда (куугунтукталып) кай жерден жолуктурулса, кармалып, айоосуз өлтүрүп жиберилет. info
التفاسير:

external-link copy
62 : 33

سُنَّةَ ٱللَّهِ فِي ٱلَّذِينَ خَلَوۡاْ مِن قَبۡلُۖ وَلَن تَجِدَ لِسُنَّةِ ٱللَّهِ تَبۡدِيلٗا

Аллахтын мурунку өткөндөргө да жолу ушул. Аллахтын жолунан эч бир өзгөртүүнү таба албайсың! info
التفاسير: