Traducción de los significados del Sagrado Corán - Traducción Kirguís - Shamsuddin Hakimov

Ахзаб

external-link copy
1 : 33

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ ٱتَّقِ ٱللَّهَ وَلَا تُطِعِ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقِينَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمٗا

Оо, пайгамбар! Аллахтан корк! Жана каапырлар менен мунафыктарга (эки жүздүүлөргө) моюн сунба! Чынында, Аллах Билүүчү, Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 33

وَٱتَّبِعۡ مَا يُوحَىٰٓ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٗا

Өзүңө Раббиң тарабынан вахий кылынган аяттарды гана ээрчигин! Эмне иш жасаганыңардан Аллах (ар дайым) Кабардар! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 33

وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلٗا

Жана Аллахтын Өзүнө тобокел кыл! Сактоо жаатынан Аллахтын Өзү жетиштүү! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 33

مَّا جَعَلَ ٱللَّهُ لِرَجُلٖ مِّن قَلۡبَيۡنِ فِي جَوۡفِهِۦۚ وَمَا جَعَلَ أَزۡوَٰجَكُمُ ٱلَّٰٓـِٔي تُظَٰهِرُونَ مِنۡهُنَّ أُمَّهَٰتِكُمۡۚ وَمَا جَعَلَ أَدۡعِيَآءَكُمۡ أَبۡنَآءَكُمۡۚ ذَٰلِكُمۡ قَوۡلُكُم بِأَفۡوَٰهِكُمۡۖ وَٱللَّهُ يَقُولُ ٱلۡحَقَّ وَهُوَ يَهۡدِي ٱلسَّبِيلَ

Аллах эч бир адамдын көкүрөгүндө эки жүрөк жараткан эмес (ошол сыяктуу эле) силер «зихар»[1] кылган жубайыңарды силерге эне кылып койгон жок. Жана силердин бакма балаңарды өз перзентиңер(дей) кылган жок. Бул силердин оозуңардагы гана сөзүңөр. Аллах акыйкатты гана сүйлөйт. Жана Ал (эң туура) жолго баштайт.[2] info

[1] «Зихар» - бул бир кишинин өз аялына «Сенин көкүрөгүң (же белиң, же балтырың, же билегиң) апамдыкына окшойт экен» - деп, анын бир уяттуу жерин апасыныкына окшотуу. Исламдан илгери арабтар, эгер бир киши аялын «зихар» кылса «Эми аялың сага апа болуп калды» - деп өкүм чыгарып жүрүшкөн. Аллах бул аят менен Исламга чейинки доордон калган «зихарды да», «зихар» себептүү араб мушриктери чыгарган өкүмдү да жокко чыгарды. Бир адамда бир эле жүрөк болгондой, бир эле эне болот. Эгер шайтан азгырып аялын «зихар» кылса, тообо кылып, каффаарат төлөп жашай берет, талак түшпөйт.
[2] Исламга чейинки доорунун мыйзамы боюнча бакма бала өзүнүн канынан жаралган перзент катары кабыл алынып, багып алган атанын ысымын алып, анын өз перзенти сыяктуу мурас алуу укугуна да ээ болгон. Аллах бул аятта ушул эрежени да бекер кылды. Эми Ислам өкүмү боюнча бакма бала анын ысымын көтөрбөйт. Бул дүйнөгө келүүсүнө себеп болгон атасынын аты менен «Баланчанын баласы» деп аталат. Аллахтын ушул жолу - Акыйкат жана эң туура жол.

التفاسير:

external-link copy
5 : 33

ٱدۡعُوهُمۡ لِأٓبَآئِهِمۡ هُوَ أَقۡسَطُ عِندَ ٱللَّهِۚ فَإِن لَّمۡ تَعۡلَمُوٓاْ ءَابَآءَهُمۡ فَإِخۡوَٰنُكُمۡ فِي ٱلدِّينِ وَمَوَٰلِيكُمۡۚ وَلَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ جُنَاحٞ فِيمَآ أَخۡطَأۡتُم بِهِۦ وَلَٰكِن مَّا تَعَمَّدَتۡ قُلُوبُكُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمًا

Аларды өз аталары(нын ысымы) менен чакыргыла. Аллахтын алдында ушул адилеттүүрөөк. Эгер аталарын билбесеңер, анда алар диндеш бир туугандарыңар жана кызматчыңар. Жана ката кетирген нерсеңерде силер үчүн күнөө жок. Бирок, жүрөгүңөрдө атайлап кылган нерседе (күнөө бар).[1] Аллах Кечирүүчү, Боорукер. info

[1] Эгер адашып багып алган кишинин атына байланыштырып чакырса - бул кечирилет. Ал эми, жүрөгүндө билип, сезип туруп, багып алган атанын ысымы менен чакырып, «мен билбей калыптырмын» десе күнөө болот.

التفاسير:

external-link copy
6 : 33

ٱلنَّبِيُّ أَوۡلَىٰ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ مِنۡ أَنفُسِهِمۡۖ وَأَزۡوَٰجُهُۥٓ أُمَّهَٰتُهُمۡۗ وَأُوْلُواْ ٱلۡأَرۡحَامِ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلَىٰ بِبَعۡضٖ فِي كِتَٰبِ ٱللَّهِ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُهَٰجِرِينَ إِلَّآ أَن تَفۡعَلُوٓاْ إِلَىٰٓ أَوۡلِيَآئِكُم مَّعۡرُوفٗاۚ كَانَ ذَٰلِكَ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مَسۡطُورٗا

Пайгамбар ыймандуулар үчүн өз жандарынан да кымбат. Пайгамбардын аялдары – ыймандуулардын энелери.[1] Тууган туушкан адамдар Аллахтын (тагдыр) китебинде бири-бирине ыймандуулардан жана мухажирлерден (Меккеден Мединага көчкөндөрдөн) жакыныраак. Ал эми, өзүңөрдүн (ыймандуу, мухажир) досуңарга жакшылык кылсаңар дурус, бул (тагдыр) китебинде жазылган. info

[1] Пайгамбар - ыймандуулардын Руханий атасы. Ал эми, анын аялдары - ыймандуулардын руханий энеси. Ошондуктан пайгамбарыбыз ааламдан өткөндө анын жесирлерине эч ким үйлөнө алган эмес.

التفاسير: