Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

Page Number:close

external-link copy
14 : 9

قَٰتِلُوهُمۡ يُعَذِّبۡهُمُ ٱللَّهُ بِأَيۡدِيكُمۡ وَيُخۡزِهِمۡ وَيَنصُرۡكُمۡ عَلَيۡهِمۡ وَيَشۡفِ صُدُورَ قَوۡمٖ مُّؤۡمِنِينَ

Оо, ыймандуулар! Мушриктер менен согушкула! Эгер алар менен согушсаңар, Аллах аларды силердин колуңар менен азаптайт, аларды жеңилүү жана туткундоо менен кордойт, аларга каршы жардам берип силерди үстөм кылат, ошондой эле согушка катышпай калган ыймандууларды алардын душмандары кабылган өлүм, туткундоо, жеңилүү жана Аллахтын ыймандууларды колдоосу менен көкүрөктөрүндөгү дарттарын айыктырат. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 9

وَيُذۡهِبۡ غَيۡظَ قُلُوبِهِمۡۗ وَيَتُوبُ ٱللَّهُ عَلَىٰ مَن يَشَآءُۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

Ыймандуулар мушриктердин үстүнөн жеңишке жетишкендиги себептүү Аллах алардын жүрөктөрүнөн ачууланууну кетирет. Аллах ошол каршы чыккандардын каалаганынын тообосун кабыл кылат, эгер алар Меккени багынтканда анын элинин кээ бирлери тообо кылган сыяктуу тообо кылышкан болсо. Аллах алардын кимиси чындап тообо кылганын Билүүчү. Ал – жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятты өкүм кылуусунда Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 9

أَمۡ حَسِبۡتُمۡ أَن تُتۡرَكُواْ وَلَمَّا يَعۡلَمِ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ جَٰهَدُواْ مِنكُمۡ وَلَمۡ يَتَّخِذُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلَا رَسُولِهِۦ وَلَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَلِيجَةٗۚ وَٱللَّهُ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ

Оо, ыймандуулар! Аллах силерди сыноосуз таштап коёт деп ойлодуңарбы?! Сыноо – Аллахтын жолдорунун бир жолу. Араңардан Аллах үчүн гана согушкан пенделерин анык билгенге чейин сыналасыңар. Алар Аллахты, Анын Элчисин жана ыймандууларды таштап каапырлардан сырдаш дос тутушкан жок, алардан жакын дос күтүп жакшы көрүшкөн жок. Аллах силердин кылып жатканыңарды билет. Эч бир нерсе Ага жашыруун эмес жана Ал кылган иштериңерге жараша сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 9

مَا كَانَ لِلۡمُشۡرِكِينَ أَن يَعۡمُرُواْ مَسَٰجِدَ ٱللَّهِ شَٰهِدِينَ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِم بِٱلۡكُفۡرِۚ أُوْلَٰٓئِكَ حَبِطَتۡ أَعۡمَٰلُهُمۡ وَفِي ٱلنَّارِ هُمۡ خَٰلِدُونَ

Мушриктер үчүн Аллахтын мечиттерин ибадаттар менен жандантууга уруксат эмес! Алар каапырлыкта экендиктерин ачык эле өздөрү ырасташты. Алардын кылган иш-аракеттери жокко чыгарылды. Себеби анын кабыл кылынуу шарты болгон ыйман аткарылган жок. Эгер алар өлүм келгенге чейин ширкке тообо кылышпаса, анда алар кыямат күнү тозокко киришет, ал жайда түбөлүк калышат. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 9

إِنَّمَا يَعۡمُرُ مَسَٰجِدَ ٱللَّهِ مَنۡ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَأَقَامَ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَى ٱلزَّكَوٰةَ وَلَمۡ يَخۡشَ إِلَّا ٱللَّهَۖ فَعَسَىٰٓ أُوْلَٰٓئِكَ أَن يَكُونُواْ مِنَ ٱلۡمُهۡتَدِينَ

Чындыгында мечиттерди жандантууга жана анын акысын аткарууга – жалгыз Аллахка ыйман келтирген, Ага эч кимди шерик кылбаган, кыямат күнүнө ишенген, намаз окуган, мал-мүлкүнөн зекет берген, Аллах тааладан гана корккон адамдар гана татыктуу. Балким мына ошолор туура жолго түшкөндөр. Ал эми мушриктер болсо бул нерседен ушунчалык алыс. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 9

۞ أَجَعَلۡتُمۡ سِقَايَةَ ٱلۡحَآجِّ وَعِمَارَةَ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ كَمَنۡ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَجَٰهَدَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِۚ لَا يَسۡتَوُۥنَ عِندَ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Эй, мушриктер! Ажыларды суусундук менен камсыз кылган жана Аль-Харам мечитинин кызматындагы адамдарды — Аллахка ыйман келтирген, Ага эч кимди шерик кылбаган, кыямат күнүнө ишенген, Аллахтын сөзү улук болуш үчүн, каапырлардын сөзү төмөн болуш үчүн өз жанын жана байлыгын аябастан согушкан адамдарга теңеп жатасыңарбы? Аллахтын алдында аларды артыкчылык жактан бирдей кылып койдуңарбы?! Алар Аллахтын алдында эч убакта бирдей эмес! Ширк кылган залымдарга Аллах ийгилик бербейт, эгер алар ажыларды суусундук менен камсыз кылган сыяктуу жакшылык иштерди кылышса дагы. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 9

ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَهَاجَرُواْ وَجَٰهَدُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ بِأَمۡوَٰلِهِمۡ وَأَنفُسِهِمۡ أَعۡظَمُ دَرَجَةً عِندَ ٱللَّهِۚ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡفَآئِزُونَ

Аллахка ыйман келтирүүнү, каапыр өлкөдөн ислам өлкөсүнө көчүүнү, жаны жана байлыгы менен Аллах жолунда согушууну чогу аткарган адамдар — Аллахтын алдында башкаларга караганда эң бийик даражада болушат. Ушул сыпаттарга ээ болгон ошол адамдар бейишке жетишет. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• في الآيات دلالة على محبة الله لعباده المؤمنين واعتنائه بأحوالهم، حتى إنه جعل من جملة المقاصد الشرعية شفاء ما في صدورهم وذهاب غيظهم.
Бул аяттарда Аллахтын пенделерине болгон сүйүүсү жана аларга абалдарына жараша камкордук кылуу камтылган. Жадагалса алардын көкүрөгүндөгү нерселерге шыпааны жана алардын ачуусун кетирүүнү — шарияттын көздөгөн максаттарынан кылып койду. info

• شرع الله الجهاد ليحصل به هذا المقصود الأعظم، وهو أن يتميز الصادقون الذين لا يتحيزون إلا لدين الله من الكاذبين الذين يزعمون الإيمان.
Аллах жолунда согушууну мына ушул улуу максатка жетиш үчүн Аллах шариятка киргизди, ал максат — Аллахтын динине гана ыктаган чынчылдарды, ыймандуумун деп ойлогон жалганчылардан айырмалоо. info

• عُمَّار المساجد الحقيقيون هم من وُصِفوا بالإيمان الصادق، وبالقيام بالأعمال الصالحة التي أُمُّها الصلاة والزكاة، وبخشية الله التي هي أصل كل خير.
Мечиттерди чындап жандандыргандар — чыныгы ыйманга ээ адамдар, намаз менен зекет башында турган жакшы иш-аракеттерди кылгандар жана бардык жакшылыктын башаты болгон Аллахтан коркуу сыпатына ээ болгон адамдар. info

• الجهاد والإيمان بالله أفضل من سقاية الحاج وعمارة المسجد الحرام بدرجات كثيرة؛ لأن الإيمان أصل الدين، وأما الجهاد في سبيل الله فهو ذروة سنام الدين.
Аллах жолунда согушуу жана Ага ыйман келтирүү — ажыларды суу менен камсыз кылуудан жана Аль-Харам мечитинин кызматында болуудан көп эсе жакшыраак. Анткени ыйман келтир — диндин негизи. Ал эми Аллах жолунда согушуу — диндин туу чокусу. info