Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

Тayба

Purposes of the Surah:
البراءة من المشركين والمنافقين وجهادهم، وفتح باب التوبة للتائبين.
Ошондой эле бутпарас жана эки жүздүү мунафыктардан жуз буруу, аларга каршы жихад, тобо кылуучуларга тобонун эшиги ачыктыгы (тууралуу айтылган). info

external-link copy
1 : 9

بَرَآءَةٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦٓ إِلَى ٱلَّذِينَ عَٰهَدتُّم مِّنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ

Оо, мусулмандар! Бул Аллах тараптан жана Анын Элчиси тарабынан болгон баш тартуу жана Араб жарым аралындагы мушриктер менен түзгөн келишимдердин бүткөндүгү тууралуу жарыя. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 9

فَسِيحُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ أَرۡبَعَةَ أَشۡهُرٖ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّكُمۡ غَيۡرُ مُعۡجِزِي ٱللَّهِ وَأَنَّ ٱللَّهَ مُخۡزِي ٱلۡكَٰفِرِينَ

Эй, мушриктер! Жер бетинде төрт ай бою тынч жүргүлө. Андан кийин силер үчүн келишим да жок, тынчтык да жок. Эгер силер Аллахка каапырлык кылып жүрө берсеңер, анда Анын азабынан жана жазасынан эч качан кутулбайсыңар. Мына ушуну билгиле! Аллах каапырларды бул дүйнөдө өлтүрүү жана туткундоо менен кордойт жана кыямат күнү тозокко киргизип кордойт. Бул нерсе келишимди бузгандарга жана чектелбеген мөөнөткө келишим кылынгандарга тиешелүү. Ал эми убактылуу келишим кылынгандарга, алардын келишими төрт айдан ашса дагы, анын келишими өз мөөнөтүнө чейин аткарылат. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 9

وَأَذَٰنٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦٓ إِلَى ٱلنَّاسِ يَوۡمَ ٱلۡحَجِّ ٱلۡأَكۡبَرِ أَنَّ ٱللَّهَ بَرِيٓءٞ مِّنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ وَرَسُولُهُۥۚ فَإِن تُبۡتُمۡ فَهُوَ خَيۡرٞ لَّكُمۡۖ وَإِن تَوَلَّيۡتُمۡ فَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّكُمۡ غَيۡرُ مُعۡجِزِي ٱللَّهِۗ وَبَشِّرِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

Эй, мушриктер! Жер бетинде төрт ай бою тынчтыкта жүргүлө.Эскертүү: 186 копия болуп калыптыр!!! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 9

إِلَّا ٱلَّذِينَ عَٰهَدتُّم مِّنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ ثُمَّ لَمۡ يَنقُصُوكُمۡ شَيۡـٔٗا وَلَمۡ يُظَٰهِرُواْ عَلَيۡكُمۡ أَحَدٗا فَأَتِمُّوٓاْ إِلَيۡهِمۡ عَهۡدَهُمۡ إِلَىٰ مُدَّتِهِمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُتَّقِينَ

Бирок силер менен түзгөн келишимди аткарган жана андан эч нерсени кемитпеген мушриктер жогорудагы өкүмгө киришпейт. Алар менен болгон келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин келишимди толук аткаргыла. Чындыгында Аллах такыбаларды жакшы көрөт. Алар Анын буйруктарына баш ийип, келишимди аткарышат. Ошондой эле Анын тыйгандарынан алыстап, келишимге кыянаттык кылышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 9

فَإِذَا ٱنسَلَخَ ٱلۡأَشۡهُرُ ٱلۡحُرُمُ فَٱقۡتُلُواْ ٱلۡمُشۡرِكِينَ حَيۡثُ وَجَدتُّمُوهُمۡ وَخُذُوهُمۡ وَٱحۡصُرُوهُمۡ وَٱقۡعُدُواْ لَهُمۡ كُلَّ مَرۡصَدٖۚ فَإِن تَابُواْ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَوُاْ ٱلزَّكَوٰةَ فَخَلُّواْ سَبِيلَهُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Душманыңарга коопсуз болгон ыйык арам айлары бүткөндө мушриктерди жолуккан жерде өлтүргүлө, чептеринде камоого алгыла, жолдорун тосуп аңдыгыла. Эгерде алар ширкти таштап Аллахка тобо кылса, намаз окуса, мал-мүлкүнөн зекет берсе, анда силердин Исламдагы бир туугандарыңар болушат жана мындай учурдаа алар менен согушпагыла. Чындыгында, Аллах тобо кылган пенделерине Кечиримдүү жана Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 9

وَإِنۡ أَحَدٞ مِّنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ ٱسۡتَجَارَكَ فَأَجِرۡهُ حَتَّىٰ يَسۡمَعَ كَلَٰمَ ٱللَّهِ ثُمَّ أَبۡلِغۡهُ مَأۡمَنَهُۥۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَوۡمٞ لَّا يَعۡلَمُونَ

Оо, пайгамбар! Эгерде канын төккөнгө жана мал-мүлкүн тартып алганга уруксат берилген мушриктерден бирөө жарымы сага кирип коргоо сураса, ал Куранды угушу үчүн суранычын кабыл кыл. Андан соң аны коопсуз жайга жеткир. Мунун себеби каапырлар бул диндин баалуулуктарын билбеген коом. Эгер алар Куран окулганда кулак салып ошол нерселер тууралуу билишсе, балким туура жолго түшүшөр. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• في الآيات دليل واضح على حرص الإسلام على تسوية العلاقات الخارجية مع الأعداء على أساس من السّلم والأمن والتّفاهم.
Ислам дини душмандар менен болгон сырткы мамилелерди тынчтык, бейпилдик жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде жөнгө салууга умтуларына бул аяттарда ачык далил бар. info

• الإسلام يُقَدِّر العهود، ويوجب الوفاء بها، ويجعل حفظها نابعًا من الإيمان، وملازمًا لتقوى الله تعالى.
Ислам дини келишимдерди урматтайт, аларды аткарууну милдеттендирет жана аларды аткаруу ыймандан жана Аллахтан коркуунун бөлүнгүс бөлүгү деп эсептейт. info

• أَنَّ إقامة الصّلاة وإيتاء الزّكاة دليل على الإسلام، وأنهما يعصمان الدّم والمال، ويوجبان لمن يؤدّيهما حقوق المسلمين من حفظ دمه وماله إلا بحق الإسلام؛ كارتكاب ما يوجب القتل من قتل النفس البريئة، وزنى الزّاني المُحْصَن، والرّدّة إلى الكفر بعد الإيمان.
Намаз окуу жана зекет берүү мусулман экендигине далил болот. Бул экөөсү адамдын жанын жана мал-мүлкүн сактайт. Ошондой эле мусулмандардын жанын жана мал-мүлкүн сактоо сыяктуу укуктарын аткарууну милдет кылат. Бир гана Ислам дини укук берген абалдарда гана өлтүрүү уруксат, мисалы күнөөсүз адамды өлтүрсө, никелүү адам зына кылса жана ыйман келтиргенден кийин кайра каапырлыкка кайтып динден чыкса аны өлтүрүү уруксат. info

• مشروعيّة الأمان؛ أي: جواز تأمين الحربي إذا طلبه من المسلمين؛ ليسمع ما يدلّ على صحّة الإسلام، وفي هذا سماحة وتكريم في معاملة الكفار، ودليل على إيثار السِّلم.
Коргоо кепилдикке алуунун уруксаттыгы, б.а. эркин адам мусулмандардан коргоо кепилдигин сурап келсе, ал Ислам дининин акыйкаттыгын билдирген нерселерди угушу үчүн аны коргоого алууга уруксат. Бул нерседе каапырлар менен болгон мамиледеги сый-урматтуулук жана айкөлдүк, ошондой эле тынчтыкты артык көрүү камтылган. info