Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

external-link copy
13 : 30

وَلَمۡ يَكُن لَّهُم مِّن شُرَكَآئِهِمۡ شُفَعَٰٓؤُاْ وَكَانُواْ بِشُرَكَآئِهِمۡ كَٰفِرِينَ

Алардын бул дүйнөдө сыйынышкан кудайларынан эч кимиси аларды азаптан куткаруу үчүн шапаат кылбайт. Анан алар кудайларына каапыр (каршы) болушат. Аларды муктаж болуп турган учурда жардамсыз таштап кетишти. Анткени алардын баарысы кыйроодо бирдей. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• العلم بما يصلح الدنيا مع الغفلة عما يصلح الآخرة لا ينفع.
Акыретте пайда бере турган нерсени унутуу менен бул дүйнөдө пайда берген нерсени билүү адамга пайда келтирбейт. info

• آيات الله في الأنفس وفي الآفاق كافية للدلالة على توحيده.
Адамдын өзүндөгү жана ааламдагы Аллахтын аят-белгилери Анын жалгыздыгына жетиштүү далил болот. info

• الظلم سبب هلاك الأمم السابقة.
Зулумдук кылуу мурунку коомдордун кыйроо себеби болгон. info

• يوم القيامة يرفع الله المؤمنين، ويخفض الكافرين.
Кыямат күнү Аллах ыймандуулардын даражаларын көтөрөт, каапырлардыкын түшүрөт. info