Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

Рум

Purposes of the Surah:
تأكيد تفرّد الله سبحانه بتصريف الأمور، وبيان سنن الله في خلقه.
Иштерди Жалгыз Аллах гана башкаруусун бекемдөө жана Аллахтын макулуктарына койгон жолун баяндоо. info

external-link copy
1 : 30

الٓمٓ

Алиф. Лаам. Миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 30

غُلِبَتِ ٱلرُّومُ

Перстер Римди жеңди. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 30

فِيٓ أَدۡنَى ٱلۡأَرۡضِ وَهُم مِّنۢ بَعۡدِ غَلَبِهِمۡ سَيَغۡلِبُونَ

Перстердин мамлекетине карай Шам жергесине жакын жерде. Римдиктер перстерден жеңилгенден кийин көп өтпөй кайра жеңишке жетишет. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 30

فِي بِضۡعِ سِنِينَۗ لِلَّهِ ٱلۡأَمۡرُ مِن قَبۡلُ وَمِنۢ بَعۡدُۚ وَيَوۡمَئِذٖ يَفۡرَحُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ

Үч жылдан кем эмес, он жылдан ашык эмес аралыкта. Рим жеңишке жеткенге чейин да, андан кийин да өкүм кылуу Аллахка гана таандык. Римдиктер перстерди жеңген күнү ыймандуулар сүйүнүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 30

بِنَصۡرِ ٱللَّهِۚ يَنصُرُ مَن يَشَآءُۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Аллахтын римдиктерге жардам бергенине сүйүнүшөт. Анткени алар Китеп ээлери. Аллах кимдин үстүнөн кимге кааласа жеңиш берет. Ал жеңилбеген Кудуреттүү, ыймандуу пенделерине Ырайымдуу. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• لجوء المشركين إلى الله في الشدة ونسيانهم لأصنامهم، وإشراكهم به في الرخاء؛ دليل على تخبطهم.
Мушриктердин кыйынчылыкта Аллахка кайрылып жалбаруусу жана бакубатчылыкта Аны унутуп кудайларына кайтуусу, аларды Аллахка шерик кылуусу – алардын адашууларына далил. info

• الجهاد في سبيل الله سبب للتوفيق إلى الحق.
Аллах жолунда согушуу акыйкатка карай ийгиликтин себеби. info

• إخبار القرآن بالغيبيات دليل على أنه من عند الله.
Курандын кайып нерселер тууралуу кабар берүүсү Аллах тараптан экендигине далил болот. info