Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

Page Number:close

external-link copy
68 : 25

وَٱلَّذِينَ لَا يَدۡعُونَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ وَلَا يَقۡتُلُونَ ٱلنَّفۡسَ ٱلَّتِي حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَلَا يَزۡنُونَۚ وَمَن يَفۡعَلۡ ذَٰلِكَ يَلۡقَ أَثَامٗا

Алар Аллах менен катар башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды өлтүрүшпөйт, ал эми, Аллах адам өлтүрүүчүнү, динден баш тартканды жана үй-бүлөлүү зынакорду өлтүрүүгө уруксат берген (топтогу кишилерге жазаларын берүүдө өзү билемдик эмес, шарияттын талаптарынын чегинде аткарышат). Ошондой эле алар зына кылышпайт. Кимде-ким ушул чоң күнөөлөрдү кылса, анда ал кылган күнөөсү үчүн кыямат күнү жазага туш болот. info
التفاسير:

external-link copy
69 : 25

يُضَٰعَفۡ لَهُ ٱلۡعَذَابُ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ وَيَخۡلُدۡ فِيهِۦ مُهَانًا

Ага (жогорудагы күнөөлөрдүн баарын же ширк күнөөсүн кылган кишиге) кыямат күнү азаптар кайра-кайра кайталанып берилет жана ал кордолгон абалда түбөлүк азапта калат. info
التفاسير:

external-link copy
70 : 25

إِلَّا مَن تَابَ وَءَامَنَ وَعَمِلَ عَمَلٗا صَٰلِحٗا فَأُوْلَٰٓئِكَ يُبَدِّلُ ٱللَّهُ سَيِّـَٔاتِهِمۡ حَسَنَٰتٖۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا

Бирок ким Аллахка тообо кылса, ыйман келтирсе жана анын тообосу чын экенин билдирген жакшылык иштерди кылса, анда Аллах ошолордун кылган жамандыктарын жакшылыктарга алмаштырат. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
71 : 25

وَمَن تَابَ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا فَإِنَّهُۥ يَتُوبُ إِلَى ٱللَّهِ مَتَابٗا

Жана ким Аллахка тообо кылса жана ибадаттарды аткарып, күнөөлөрдү таштап тообосунун чын экенин далилдесе, анда анын тообосу кабыл кылынат. info
التفاسير:

external-link copy
72 : 25

وَٱلَّذِينَ لَا يَشۡهَدُونَ ٱلزُّورَ وَإِذَا مَرُّواْ بِٱللَّغۡوِ مَرُّواْ كِرَامٗا

Алар күнөө кылынган жерлер жана арам көңүл ачуу жайлары сыяктуу жалгандарга катышпайт. Эгер маңызсыз жаман сөздөргө жана иштерге кез болуп калышса, анда аларга аралашпастан өз кадырын сактап өтүп кетишет. info
التفاسير:

external-link copy
73 : 25

وَٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِّرُواْ بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِمۡ لَمۡ يَخِرُّواْ عَلَيۡهَا صُمّٗا وَعُمۡيَانٗا

Аларга Аллахтын угууга жана көрүүгө мүмкүн болгон аят-белгилери эскертилсе, алар угулган аяттарга кулактарын жабышпайт жана көрүлгөн аят-белгилерди көрмөксөн болушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
74 : 25

وَٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا هَبۡ لَنَا مِنۡ أَزۡوَٰجِنَا وَذُرِّيَّٰتِنَا قُرَّةَ أَعۡيُنٖ وَٱجۡعَلۡنَا لِلۡمُتَّقِينَ إِمَامًا

Алар Раббисине кылган дубаларында айтышат: «Оо, Раббибиз! Бизге такыбалыгы жана акыйкатка бекемдиги менен көзүбүздү кубанткан жубайларды жана бала-чакаларды бер жана бизди акыйкатта үлгү туткан такыбаларга башчы кыл». info
التفاسير:

external-link copy
75 : 25

أُوْلَٰٓئِكَ يُجۡزَوۡنَ ٱلۡغُرۡفَةَ بِمَا صَبَرُواْ وَيُلَقَّوۡنَ فِيهَا تَحِيَّةٗ وَسَلَٰمًا

Мына ушул сыпаттагы адамдар Аллахка баш ийүүдө сабырдуулук кылышкандары үчүн бейиштин эң жогорусу болгон Фирдаустагы бийик орундар менен сыйланышат. Аларды ал жайда периштелер саламдашып тосуп алышат жана алар бардык балээлерден аман болушат. info
التفاسير:

external-link copy
76 : 25

خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ حَسُنَتۡ مُسۡتَقَرّٗا وَمُقَامٗا

Алар ал жакта түбөлүк болушат. Алар турукташкан жай жана алар жайланышкан жер кандай сонун! info
التفاسير:

external-link copy
77 : 25

قُلۡ مَا يَعۡبَؤُاْ بِكُمۡ رَبِّي لَوۡلَا دُعَآؤُكُمۡۖ فَقَدۡ كَذَّبۡتُمۡ فَسَوۡفَ يَكُونُ لِزَامَۢا

Оо, пайгамбар! Каапырлыктан кайтпаган каапырларга айт: «Раббим силердин баш ийүүңөрдөн Ага кайткан пайдага көңүл бурбайт, эгер Анын сыйынып жана сурап дуба кылган пенделери болбогондо Ал силерге көңүл бурмак эмес. Силер Раббиси тараптан пайгамбардын алып келгенин жалганга чыгардыңар. Эми жакында жалгандын жазасы силер менен бирге болот». info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• من صفات عباد الرحمن: البعد عن الشرك، وتجنُّب قتل الأنفس بغير حق، والبعد عن الزنى، والبعد عن الباطل، والاعتبار بآيات الله، والدعاء.
Ырайымдуунун (Аллахтын) пенделеринин сыпаттарынан – ширктен алыс болуу, өлтүрүүгө укугу болбогон адамды өлтүрүүдөн алыс болуу, зынадан жана жалгандан алыс болуу, Аллахтын аят-белгилеринен үлгү-насаат алуу, дуба кылуу. info

• التوبة النصوح تقتضي ترك المعصية وفعل الطاعة.
Чыныгы тообо кылуу күнөөлөрдү таштап, ибадаттарды аткарууну талап кылат. info

• الصبر سبب في دخول الفردوس الأعلى من الجنة.
Сабыр кылуу бейиштин эң жогорусу болгон Фирдауска кирүүгө себеп болот. info

• غنى الله عن إيمان الكفار.
Аллах каапырлардын ыйман келтирүүсүнө муктаж эмес. info