Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

Page Number:close

external-link copy
3 : 25

وَٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةٗ لَّا يَخۡلُقُونَ شَيۡـٔٗا وَهُمۡ يُخۡلَقُونَ وَلَا يَمۡلِكُونَ لِأَنفُسِهِمۡ ضَرّٗا وَلَا نَفۡعٗا وَلَا يَمۡلِكُونَ مَوۡتٗا وَلَا حَيَوٰةٗ وَلَا نُشُورٗا

Мушриктер Аллахтан башка кудайларды тутуп алышты, алар болсо кичине да, чоң да нерсени жарата алышпайт, алар өздөрү жаратылгандар. Аллах аларды жоктон жаратты. Алар өздөрүн зыяндан коргой алышпайт, өздөрүнө пайда да келтире алышпайт, өлүктү тирилте, тирүүнү өлтүрө алышпайт жана өлүктөрдү кабырларынан кайра тирилте алышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 25

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّآ إِفۡكٌ ٱفۡتَرَىٰهُ وَأَعَانَهُۥ عَلَيۡهِ قَوۡمٌ ءَاخَرُونَۖ فَقَدۡ جَآءُو ظُلۡمٗا وَزُورٗا

Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар: «Бул Куран анык жалган! Мухаммад аны өзү ойлоп таап, кийин аны жалган жолдо Аллахка тийиштүү кылып койду. Аны ойлоп табууга башка адамдар да жардам беришкен»,– дешти. Ал каапырлар жалган сөздү ойлоп табышты. Куран – бул Аллахтын сөзү. Мындай сөздү адамзат да, жиндер да алып келе алышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 25

وَقَالُوٓاْ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ ٱكۡتَتَبَهَا فَهِيَ تُمۡلَىٰ عَلَيۡهِ بُكۡرَةٗ وَأَصِيلٗا

Куранды жалганга чыгарган ошол адамдар айтышты: «Куран – байыркылардын сөздөрү жана алардын жазган жалгандарынан. Мухаммад аны көчүрүп алган. Ал ага эртели-кеч окулуп турат». info
التفاسير:

external-link copy
6 : 25

قُلۡ أَنزَلَهُ ٱلَّذِي يَعۡلَمُ ٱلسِّرَّ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّهُۥ كَانَ غَفُورٗا رَّحِيمٗا

Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларга айт: «Куранды асмандардагы жана жердеги бүткүл нерсени билген Аллах түшүрдү. Силер ойлогондой ал ойлоп табылган эмес. Андан кийин аларды тообо кылууга чакырып: «Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу» – деп айтты». info
التفاسير:

external-link copy
7 : 25

وَقَالُواْ مَالِ هَٰذَا ٱلرَّسُولِ يَأۡكُلُ ٱلطَّعَامَ وَيَمۡشِي فِي ٱلۡأَسۡوَاقِ لَوۡلَآ أُنزِلَ إِلَيۡهِ مَلَكٞ فَيَكُونَ مَعَهُۥ نَذِيرًا

Пайгамбарды жалганга чыгарган мушриктер айтты: «Өзүн Аллах тараптан келген пайгамбармын деп ойлоп жаткан буга эмне болду? Ал башка адамдар сыяктуу эле тамак-аш жейт, тиричилик кылыш үчүн базарларда жүрөт. Аллах аны менен кошо жүргөн, анын чынчылдыгын тастыктап, ага жардам берип жандаган периште жиберсе болбойт беле? info
التفاسير:

external-link copy
8 : 25

أَوۡ يُلۡقَىٰٓ إِلَيۡهِ كَنزٌ أَوۡ تَكُونُ لَهُۥ جَنَّةٞ يَأۡكُلُ مِنۡهَاۚ وَقَالَ ٱلظَّٰلِمُونَ إِن تَتَّبِعُونَ إِلَّا رَجُلٗا مَّسۡحُورًا

Же ага асмандан казына түшпөйт беле же мөмөлөрүнөн жеген анын бакчасы болбойт беле? Ошондо ал базарларда ырыскы издеп жүрбөйт эле». Залымдар айтышты: «Эй, ыймандуулар! Силер пайгамбарды ээрчиген жоксуңар! Силер сыйкырланып акылын жоготкон адамды гана ээрчип жүрөсүңөр». info
التفاسير:

external-link copy
9 : 25

ٱنظُرۡ كَيۡفَ ضَرَبُواْ لَكَ ٱلۡأَمۡثَٰلَ فَضَلُّواْ فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ سَبِيلٗا

Оо, пайгамбар! Карачы, алар сен тууралуу таң кала тургандай жалган сыпаттарды айтып жатышканын. Сыйкырчы дешти, сыйкырланган дешти, жинди дешти. Ошол себептен алар акыйкаттан адашты. Эми алар туура жолго түшө алышпайт жана сенин чынчылдыгыңды жана аманаткөйлүгүңдү жаманатты кылууга да жол таба алышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 25

تَبَارَكَ ٱلَّذِيٓ إِن شَآءَ جَعَلَ لَكَ خَيۡرٗا مِّن ذَٰلِكَ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ وَيَجۡعَل لَّكَ قُصُورَۢا

Аллах улуу берекеттүү Зат. Ал кааласа бул дүйнөдө сага алардын сунуштаган нерселеринен да жакшыраак болгон бакчаларды кылат. Андагы хансарайлардын жана бак-дарактардын алдыларынан дарыялар агып турат. Сен алардын мөмөлөрүнөн жейсиң. Ошентип эгер кааласа сен жыргап жашай турган хансарайларды жаратат. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 25

بَلۡ كَذَّبُواْ بِٱلسَّاعَةِۖ وَأَعۡتَدۡنَا لِمَن كَذَّبَ بِٱلسَّاعَةِ سَعِيرًا

Алардан акыйкатты жана далилдерди издегендей сөздөр чыккан жок! Тескерисинче, алар кыямат күнүн жалганга чыгарышты. Биз кыямат күндү жалганга чыгаргандарга алоолонуп күйүп турган тозокту даярдап койдук. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• اتصاف الإله الحق بالخلق والنفع والإماتة والإحياء، وعجز الأصنام عن كل ذلك.
Чыныгы Кудай жаратуу, пайда келтирүү, өлтүрүү жана тирилтүү сыпатына ээ. Ал эми айкел-буттар буларды кылууга алсыз. info

• إثبات صفتي المغفرة والرحمة لله.
Аллах таала кечирим жана ырайым сыпаттарына ээ экендигин тастыкталат. info

• الرسالة لا تستلزم انتفاء البشرية عن الرسول.
Пайгамбарчылык – адамзаттан пайгамбар болбош керек деген нерсени талап кылбайт. info

• تواضع النبي صلى الله عليه وسلم حيث يعيش كما يعيش الناس.
Пайгамбардын жөнөкөйлүгү, анткени ал башка адамдар сыяктуу жашаган. info