Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

Page Number:close

external-link copy
65 : 19

رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا فَٱعۡبُدۡهُ وَٱصۡطَبِرۡ لِعِبَٰدَتِهِۦۚ هَلۡ تَعۡلَمُ لَهُۥ سَمِيّٗا

Ал асмандар менен жердин Жаратуучусу, Падышасы жана Башкаруучусу. Жана экөөсүнүн ортосундагылардын Жаратуучусу, Падышасы жана Башкаруучусу. Андыктан Ага гана сыйын! Ал Өзү гана сыйынууга татыктуу. Ага ибадат кылууда бекем тур! Сыйынууда шерик боло тургандай Ага теңдеш жок. info
التفاسير:

external-link copy
66 : 19

وَيَقُولُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَءِذَا مَا مِتُّ لَسَوۡفَ أُخۡرَجُ حَيًّا

Кайра тирилүүнү жокко чыгарган каапыр адам шылдың кылып: «Эгер мен өлсөм, кийин экинчи жолу да кайра тирилип кабырдан чыгат бекенмин?!» — деп айтат. info
التفاسير:

external-link copy
67 : 19

أَوَلَا يَذۡكُرُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَنَّا خَلَقۡنَٰهُ مِن قَبۡلُ وَلَمۡ يَكُ شَيۡـٔٗا

Кайра тирилүүнү жокко чыгарган ошол адам ойлонбойбу, Биз аны мындан мурун эч нерсе эмес болгон кезинде жаратканбыз го?! Ал абалкы жаратууну экинчи жаратууга далил кылып жатат. Бирок Аллах үчүн экинчи жаратуу жеңил жана оңой. info
التفاسير:

external-link copy
68 : 19

فَوَرَبِّكَ لَنَحۡشُرَنَّهُمۡ وَٱلشَّيَٰطِينَ ثُمَّ لَنُحۡضِرَنَّهُمۡ حَوۡلَ جَهَنَّمَ جِثِيّٗا

Оо, пайгамбар! Раббиңе ант, Биз аларды адаштырган шайтандары менен кошо кабырларынан сөзсүз чыгарып, сурак майданына чогултабыз. Андан соң аларды кордолгон, чөгөлөгөн абалда тозоктун эшиктерине айдап барабыз. info
التفاسير:

external-link copy
69 : 19

ثُمَّ لَنَنزِعَنَّ مِن كُلِّ شِيعَةٍ أَيُّهُمۡ أَشَدُّ عَلَى ٱلرَّحۡمَٰنِ عِتِيّٗا

Андан соң адашкан ар бир топтун арасынан баш ийбей аша чапкан башчыларын катуулук менен күчкө салып сууруп чыгабыз. info
التفاسير:

external-link copy
70 : 19

ثُمَّ لَنَحۡنُ أَعۡلَمُ بِٱلَّذِينَ هُمۡ أَوۡلَىٰ بِهَا صِلِيّٗا

Анан Биз алардын кимиси тозокко кирүүгө жана анын ысыгынын азабына канчалык татыктуу экендигин жакшы билебиз. info
التفاسير:

external-link copy
71 : 19

وَإِن مِّنكُمۡ إِلَّا وَارِدُهَاۚ كَانَ عَلَىٰ رَبِّكَ حَتۡمٗا مَّقۡضِيّٗا

Эй, адамдар! Силердин ар бириңер сөзсүз түрдө тозоктун үстүнө курулган Сырат көпүрөсү аркылуу өтөсүңөр. Бул өтүүңөр Аллах өкүм кылган кескин өкүм. Анын өкүмүн эч ким жокко чыгара албайт. info
التفاسير:

external-link copy
72 : 19

ثُمَّ نُنَجِّي ٱلَّذِينَ ٱتَّقَواْ وَّنَذَرُ ٱلظَّٰلِمِينَ فِيهَا جِثِيّٗا

Андан соң Биз Сыраттан өтөөрдө Раббисинин буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап, Андан корккондорду куткарып, ал эми залимдерди чөгөлөгөн абалда калтырабыз. Алар андан эч кайда кача алышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
73 : 19

وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتُنَا بَيِّنَٰتٖ قَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَيُّ ٱلۡفَرِيقَيۡنِ خَيۡرٞ مَّقَامٗا وَأَحۡسَنُ نَدِيّٗا

Биздин элчибизге түшкөн ачык-айкын аяттарыбыз адамдарга окулганда каапырлар мусулмандарга: «Кимибиздин жашаган, отурган, чогулган жайы жана жамааты жакшыраак? Силердикиби же биздикиби?» – деп айтышат. info
التفاسير:

external-link copy
74 : 19

وَكَمۡ أَهۡلَكۡنَا قَبۡلَهُم مِّن قَرۡنٍ هُمۡ أَحۡسَنُ أَثَٰثٗا وَرِءۡيٗا

Байлыктарынын көптүгүнө чиренип жаткан бул каапырлардан мурда булардан да байыраак, кийимдеринин кымбаттыгы жана дене-мүчөлөрүнүн сымбаттыгы жактан булардан да мыкты болгон канчалаган коомдорду кыйратып жок кылганбыз. info
التفاسير:

external-link copy
75 : 19

قُلۡ مَن كَانَ فِي ٱلضَّلَٰلَةِ فَلۡيَمۡدُدۡ لَهُ ٱلرَّحۡمَٰنُ مَدًّاۚ حَتَّىٰٓ إِذَا رَأَوۡاْ مَا يُوعَدُونَ إِمَّا ٱلۡعَذَابَ وَإِمَّا ٱلسَّاعَةَ فَسَيَعۡلَمُونَ مَنۡ هُوَ شَرّٞ مَّكَانٗا وَأَضۡعَفُ جُندٗا

Оо, пайгамбар! Айткын: «Кимде-ким адашып, темселеп жүрсө, анын адашуусу дагы күч алыш үчүн Ырайымдуу Аллах аны тим коёт. Качан алар убада кылынган азаптын бул дүйнөдө эрте келгенин же кыяматта кечигип келгенин көрүшкөндө гана алар тараптынбы же мусулмандар тараптынбы кимисинин даражасы төмөнүрөөк, колдоочусу азыраак экенин билишет». info
التفاسير:

external-link copy
76 : 19

وَيَزِيدُ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ٱهۡتَدَوۡاْ هُدٗىۗ وَٱلۡبَٰقِيَٰتُ ٱلصَّٰلِحَٰتُ خَيۡرٌ عِندَ رَبِّكَ ثَوَابٗا وَخَيۡرٞ مَّرَدًّا

Аллах залимдерди күч алган адашууга таштаган болсо, ал эми ыйман келтирип туура жолго түшкөндөрдүн ыйманын, ибадатын көбөйтөт. Оо, пайгамбар! Түбөлүк бакытка жеткирген жакшылык иштер – сыйлык жана натыйжа жактан Аллахтын алдында пайдалуураак. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• على المؤمنين الاشتغال بما أمروا به والاستمرار عليه في حدود المستطاع.
Мусулмандар өздөрүнө буйрулган иштер менен алек болуусу жана аларды колунан келишинче үзбөй аткаруусу милдет. info

• وُرُود جميع الخلائق على النار - أي: المرور على الصراط، لا الدخول في النار - أمر واقع لا محالة.
Бардык инсандар тозоктун үстүнөн келишет, тагыраак айтканда, тозоктун ичине эмес, Сырат көпүрөсүнүн үстүнөн өтүү үчүн келишет. Бул эч күмөнсүз боло турган иш. info

• أن معايير الدين ومفاهيمه الصحيحة تختلف عن تصورات الجهلة والعوام.
Диний туура ченемдер жана түшүнүктөр наадандардын жана илимсиз адамдардын түшүнүктөрүнөн айырмаланып турат. info

• من كان غارقًا في الضلالة متأصلًا في الكفر يتركه الله في طغيان جهله وكفره، حتى يطول اغتراره، فيكون ذلك أشد لعقابه.
Кимде-ким адашууга батып, каапырлыкка сүңгүп кирип кетсе, анда Аллах аны каапырлыгында жана наадандыгында аша чаптырып таштап коёт. Ошентип анын азгырылуусу узакка созулуп, катаал жазага туш кылат. info

• يثبّت الله المؤمنين على الهدى، ويزيدهم توفيقًا ونصرة، وينزل من الآيات ما يكون سببًا لزيادة اليقين مجازاةً لهم.
Аллах ыймандууларды туура жолдо бекем кылат, аларды көп ийгиликке жеткирет жана колдойт, ошондой эле аларга сыйлык катары ишенимдери күч алыш үчүн аяттарды түшүрөт. info