Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

Page Number:close

external-link copy
12 : 19

يَٰيَحۡيَىٰ خُذِ ٱلۡكِتَٰبَ بِقُوَّةٖۖ وَءَاتَيۡنَٰهُ ٱلۡحُكۡمَ صَبِيّٗا

Ошентип, анын баласы Яхья төрөлдү. Ал балагатка жеткенде ага: “Оо, Яхья! Тооратты олуттуулук менен бекем кармангын” – деп айттык. Ал жаш кезинде эле Биз ага түшүнүк, илим, олуттуулук жана чечкиндүүлүк бергенбиз. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 19

وَحَنَانٗا مِّن لَّدُنَّا وَزَكَوٰةٗۖ وَكَانَ تَقِيّٗا

Аны Бизден болгон ырайымга бөлөдүк жана аны күнөөлөрдөн тазаладык. Ал Аллахтын буйруктарын аткарган жана тыюуларынан тыйылган такыба эле. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 19

وَبَرَّۢا بِوَٰلِدَيۡهِ وَلَمۡ يَكُن جَبَّارًا عَصِيّٗا

Ал ата-энесин ыраазы кылып, аларга аяр мамиле жасаган, ар дайым жакшылык кылган, Аллахка жана аларга баш ийбей текеберленип, Раббисине же ата-энесине эч убакта күнөөкөр болгон эмес. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 19

وَسَلَٰمٌ عَلَيۡهِ يَوۡمَ وُلِدَ وَيَوۡمَ يَمُوتُ وَيَوۡمَ يُبۡعَثُ حَيّٗا

Ал төрөлгөн жана өлгөн күнү, бул жашоодон чыккан күнү жана Кыямат күнү кайра тириле турган күнү ага Аллахтын саламы жана тынчтыгы болсун. Бул үч баскыч адам өтө турган эң кооптуу баскычтар. Эгерде ал бул жайларда коопсуз болсо, анда ага башка жайларда коркунуч болбойт. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 19

وَٱذۡكُرۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مَرۡيَمَ إِذِ ٱنتَبَذَتۡ مِنۡ أَهۡلِهَا مَكَانٗا شَرۡقِيّٗا

Оо, пайгамбар! Сага түшүрүлгөн Курандагы Мариямдын кабарын эстегин. Ал үйүнөн алыстап чыгыш тараптагы бир жерде адамдардан бөлүнүп жалгыз болгон. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 19

فَٱتَّخَذَتۡ مِن دُونِهِمۡ حِجَابٗا فَأَرۡسَلۡنَآ إِلَيۡهَا رُوحَنَا فَتَمَثَّلَ لَهَا بَشَرٗا سَوِيّٗا

Ал Раббисине ибадат кылып жаткан абалында элге көрүнбөш үчүн, өзүнчө бөлүнүп өзү үчүн тосмо жасап алган. Ошондо Биз ага Жебирейилди жибердик. Ал кадимки эле жаратылган адамдын кейпинде келди. Анын ниети жаман окшойт деп коркуп кетти. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 19

قَالَتۡ إِنِّيٓ أَعُوذُ بِٱلرَّحۡمَٰنِ مِنكَ إِن كُنتَ تَقِيّٗا

Көркөм келбетте жаратылган адамдын сүрөтүндө ага карай бет алып келе жатканын көрүп Мариям: “Эй, киши! Мен сенден жамандык жетүүсүнөн Чексиз Мээримдүү Аллахтын коргоосун сураймын, эгер сен Аллахтан корккон такыба болсоң, анда сен Аллахтан коркуп жаман ишке барбайсың” – деп айтты. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 19

قَالَ إِنَّمَآ أَنَا۠ رَسُولُ رَبِّكِ لِأَهَبَ لَكِ غُلَٰمٗا زَكِيّٗا

Жебирейил периште: “Мен адам эмесмин. Мен болгону сага жакшы жана табияты таза, берекелүү наристе белек кылуу үчүн Раббиңдин сага жиберген элчисимин”. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 19

قَالَتۡ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَٰمٞ وَلَمۡ يَمۡسَسۡنِي بَشَرٞ وَلَمۡ أَكُ بَغِيّٗا

Мариям таң калып: “Мага эркек да башка да жакындабаса жана менин боюмда бүткүдөй зынакор аял болбосом, анан кантип мен балалуу болмок элем” – дейт. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 19

قَالَ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٞۖ وَلِنَجۡعَلَهُۥٓ ءَايَةٗ لِّلنَّاسِ وَرَحۡمَةٗ مِّنَّاۚ وَكَانَ أَمۡرٗا مَّقۡضِيّٗا

Жебирейил ага мындай деп айтты: “Туура, сен айткандай күйөө да жана башкасы да сага жолобогону анык, сен зынакор да эмессиң. Бирок сенин Раббиң мындай деп айтты: “Баланы атасыз жаратуу Мага жеңил. Андыктан сага берилген перзент Аллахтын кудуретине адамдар үчүн белги болуп калат жана Бизден сага жана ага ыйман келтиргендерге ырайым болот. Сенин бул балаңды жаратуу Сакталган Тагдыр китебинде жазылган Аллахтын буйруган тагдыры болду. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 19

۞ فَحَمَلَتۡهُ فَٱنتَبَذَتۡ بِهِۦ مَكَانٗا قَصِيّٗا

Периште үйлөгөндөн кийин боюнда болуп, адамдардан алыс болгон жерге кетти. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 19

فَأَجَآءَهَا ٱلۡمَخَاضُ إِلَىٰ جِذۡعِ ٱلنَّخۡلَةِ قَالَتۡ يَٰلَيۡتَنِي مِتُّ قَبۡلَ هَٰذَا وَكُنتُ نَسۡيٗا مَّنسِيّٗا

Анан анын толгоосу кыйнап, аны курма дарагынын өзөгүнө алып келди. Мариям (ага Аллахтын саламы болсун) ага: «Аттиң, бул күнгө чейин өлүп калсам кана! Мен тууралуу жаман ой болбостугу үчүн, эч бир эскерилбегендерден болсом кана!» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 19

فَنَادَىٰهَا مِن تَحۡتِهَآ أَلَّا تَحۡزَنِي قَدۡ جَعَلَ رَبُّكِ تَحۡتَكِ سَرِيّٗا

Бутунун астынан Иса Мариямга мындай деп кайрылды: “Кайгырба, Раббиң сенин астыңда иче турган суу арык кылды. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 19

وَهُزِّيٓ إِلَيۡكِ بِجِذۡعِ ٱلنَّخۡلَةِ تُسَٰقِطۡ عَلَيۡكِ رُطَبٗا جَنِيّٗا

Курманын өзөгүн кармап туруп кыймылдатсаң, сага жаңы бышкан курмалар түшөт. Ошол замат курмалар күбүлүп түштү. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• الصبر على القيام بالتكاليف الشرعية مطلوب.
Шарият буйруктарын аткарууга сабыр кылуу милдеттүү нерсе. info

• علو منزلة بر الوالدين ومكانتها عند الله، فالله قرنه بشكره.
Аллахтын алдында ата-энеге жакшылык кылуунун даражасы жана орду бийик. Анткени аны Аллах Өзүнө шүгүр кылуу сөзү менен бирге эскерди. info

• مع كمال قدرة الله في آياته الباهرة التي أظهرها لمريم، إلا أنه جعلها تعمل بالأسباب ليصلها ثمرة النخلة.
Мариямга көрсөткөн таң калтырган Аллахтын керемет-белгилериндеги Аллахтын улуу кудурети. Бирок Аллах курманын мөмөсүнө жетүү үчүн Мариямга себептерин аткартты. info