Аллах силерди (өзүңөрдөн) жакшыраак билет.[1] (Аллах) кааласа силерге ырайым кылат, кааласа, азап берет. (Оо, Мухаммад!) Биз сени аларга (иштерин текшерүүчү) өкүл кылган эмеспиз.
[1] Ошондуктан, Аллахтын сөзүнө, эгер ал силердин каалооңорго дал келбей турса да, дароо макул болгула. Себеби силер кээде бир нерсени өзүңөр үчүн жакшы көрөсүңөр, чындыгында ошонун тескерисинде жакшылык болот.