क़ुरआन के अर्थों का अनुवाद - किर्गिज़ अनुवाद - शम्सुद्दीन हकीमोफ़

external-link copy
54 : 17

رَّبُّكُمۡ أَعۡلَمُ بِكُمۡۖ إِن يَشَأۡ يَرۡحَمۡكُمۡ أَوۡ إِن يَشَأۡ يُعَذِّبۡكُمۡۚ وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ عَلَيۡهِمۡ وَكِيلٗا

Аллах силерди (өзүңөрдөн) жакшыраак билет.[1] (Аллах) кааласа силерге ырайым кылат, кааласа, азап берет. (Оо, Мухаммад!) Биз сени аларга (иштерин текшерүүчү) өкүл кылган эмеспиз. info

[1] Ошондуктан, Аллахтын сөзүнө, эгер ал силердин каалооңорго дал келбей турса да, дароо макул болгула. Себеби силер кээде бир нерсени өзүңөр үчүн жакшы көрөсүңөр, чындыгында ошонун тескерисинде жакшылык болот.

التفاسير: