Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans

Nummer der Seite:close

external-link copy
13 : 96

أَرَءَيۡتَ إِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰٓ

Эгер ошол тыйып жаткан адам пайгамбар алып келген нерсени жалганга чыгарып, андан баш тартса, эмне дейсиң? Ал Аллахтан коркпойбу? info
التفاسير:

external-link copy
14 : 96

أَلَمۡ يَعۡلَم بِأَنَّ ٱللَّهَ يَرَىٰ

Бул пендени намаздан тыйган адам Аллах анын кылганын көрүп турарын жана Ага анын эч бир нерсеси жашыруун эмес экенин билбейби? info
التفاسير:

external-link copy
15 : 96

كَلَّا لَئِن لَّمۡ يَنتَهِ لَنَسۡفَعَۢا بِٱلنَّاصِيَةِ

Абал бул наадан ойлогондой эмес! Эгер ал пендебизге жамандык кылганын жана аны жалганга чыгарганын токтотпосо, Биз аны катаалдык менен тозокко маңдайынан кармап сүйрөп барабыз. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 96

نَاصِيَةٖ كَٰذِبَةٍ خَاطِئَةٖ

Ошол маңдайдын ээси сөзүндө жалганчы, аракети туура эмес. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 96

فَلۡيَدۡعُ نَادِيَهُۥ

Ал маңдайы менен тозокко түшкөндө, аны азаптан куткаруу үчүн жоро-жолдошторунан жана чогу олтургандардан жардам сурап дуба кылсын. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 96

سَنَدۡعُ ٱلزَّبَانِيَةَ

Биз болсо Аллахтын буйругуна баш ийген жана буйрулган нерселерди аткарган тозоктун сакчылары болгон орой периштелерди чакырабыз. Эми ал эки тараптын кайсыны күчтүү жана кудуреттүү экенин көрсүн! info
التفاسير:

external-link copy
19 : 96

كَلَّا لَا تُطِعۡهُ وَٱسۡجُدۡۤ وَٱقۡتَرِب۩

Абал – бул залым сага жамандык кылам деп ойлогондой эмес! Анын буйругуна да, тыюусуна да баш ийбе, Аллахка сажда кыл жана Ага ибадаттарды кылып жакында. Чындыгында алар сени Ага жакындатат. info
التفاسير:
Die Nutzen der Versen in dieser Seite:
• فضل ليلة القدر على سائر ليالي العام.
Кадыр түндүн жылдын бардык түндөрүнөн артыкчылыгы. info

• الإخلاص في العبادة من شروط قَبولها.
Ибадаттагы ыкластуулук анын кабыл болуш шарттарынын бири. info

• اتفاق الشرائع في الأصول مَدعاة لقبول الرسالة.
Шарияттардын түпкү негиздеринин бири-бирине дал келүүсү – пайгамбарчылыкты кабыл алууга негиз болуп саналат. info