Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans

Алак

Die Ziele der Surah:
الإنسان بين هدايته بالوحي وضلاله بالاستكبار والجهل.
Инсанда эки иштин бирин тандоо ыктыяры бар: аян-кабарга ишенип туура жолго түшүү, же текеберлик жана билбестик кылып адашуу. info

external-link copy
1 : 96

ٱقۡرَأۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلَّذِي خَلَقَ

Оо, пайгамбар! Бүткүл макулуктарды жараткан Раббиңдин ысымы менен баштап, Аллах сага вахий кылган нерсени оку. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 96

خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ مِنۡ عَلَقٍ

Ал инсанды бел суу болгондон кийин уюган бир бүртүк кандан жаратты. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 96

ٱقۡرَأۡ وَرَبُّكَ ٱلۡأَكۡرَمُ

Оо, пайгамбар! Аллах сага вахий кылган нерсени оку. Сенин Раббиң эң Жоомарт. Анын жоомарттыгына эч бир жоомарт тең келбейт, Анын берешендиги жана айкөлдүгү чексиз. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 96

ٱلَّذِي عَلَّمَ بِٱلۡقَلَمِ

Ал инсанга кол жазманы жана калем менен жазууну үйрөттү. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 96

عَلَّمَ ٱلۡإِنسَٰنَ مَا لَمۡ يَعۡلَمۡ

Ал инсанга билбегенин үйрөттү. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 96

كَلَّآ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ لَيَطۡغَىٰٓ

Акыйкатта, бузуку адам Аллахтын чектеринен чыгууда Абу Жахл сыяктуу чектен чыгып кетет. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 96

أَن رَّءَاهُ ٱسۡتَغۡنَىٰٓ

Анткени ал колундагы мал-мүлк жана бийлик себептүү өзүн беймуктажмын деп көрөт. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 96

إِنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلرُّجۡعَىٰٓ

Эй, инсан! Кыямат күнү Раббиңе гана кайтуу болот. Ошондо Ал ар бирине өзүнө жараша сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 96

أَرَءَيۡتَ ٱلَّذِي يَنۡهَىٰ

Тыйып жаткан Абу Жахлдын ишинен да таң калыштуу нерсени көргөн белең?! info
التفاسير:

external-link copy
10 : 96

عَبۡدًا إِذَا صَلَّىٰٓ

Ал Биздин кулубуз Мухаммадды Каабанын жанында намаз окуудан тыйып жатат. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 96

أَرَءَيۡتَ إِن كَانَ عَلَى ٱلۡهُدَىٰٓ

Кандай ойлойсуң, ошол тыйылган адам Раббиси тараптан акыйкат жолдо жана туура аңдоодо болсочу?! info
التفاسير:

external-link copy
12 : 96

أَوۡ أَمَرَ بِٱلتَّقۡوَىٰٓ

Же ал адамдарды Аллахтын буйругун аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан коркууга чакырып жаткан болсо, ушундай кылган адамды тыйган болобу? info
التفاسير:
Die Nutzen der Versen in dieser Seite:
• رضا الله هو المقصد الأسمى.
Аллах Тааланын пайгамбарынын атын даңазалап урмат кылуусу info

• أهمية القراءة والكتابة في الإسلام.
Аллахтын ыраазылыгын табуу – бул, эң бийик максат. info

• خطر الغنى إذا جرّ إلى الكبر والبُعد عن الحق.
Исламда окуунун жана жазуунун маанилүүлүгү. info

• النهي عن المعروف صفة من صفات الكفر.
Байлык адамды текеберликке түртүп, акыйкаттан алыстатса, анда ал коркунучтуу. info

• إكرام الله تعالى نبيه صلى الله عليه وسلم بأن رفع له ذكره.
Жакшылыктан тыюу – каапырларга тиешелүү сыпаттардын бири. info