[1] Аллахтын дининин өнүгүүсү үчүн болобу, же муктаж, кембагал, мусапыр адамдарга жардам катары болобу, эмнеси болсо да Аллахтын ыраазычылыгын тилеп сарп кылынган мал-дүйнө (мүлк) Аллахтын жолунда иштетилген болуп саналат. Бул сыяктуу садакага жети жүз эсе сооп болот. Жана "Аллах каалаган адамына көбөйтүп да берет". Жети жүз эсе көбөйүүнү ушул дүйнөдөгү мүлк-дүйнөсүнө ошончо береке кошулат деп да түшүнсө да болот.
[1] Жогорудагы аяттарда садаканын төрт түрү баяндалды. Биринчиси жана эң абзели артынан сөз ээрчибеген садака. Экинчичи - бул ширин сөз. Көңүлү чөккөн бир адамды, же бир ооруган кишини ширин сөз менен көңүлүн көтөрүү, же болбосо суранган кишиге - эгер жок болсо - жакшы, жумшаак жооп кайтаруу ... булар дагы садак. Үчүнчү түр садака - бул сага жамандык кылган кишини кечирүү. Ал эми, эң начар садака (төртүнчү түрү) - бул, бергендин артынан милдет (колко) кылуу жана заар сөз ээрчитүү.