Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Kirgisische Übersetzung - Schamsuddin Hakimov

Nummer der Seite:close

external-link copy
154 : 2

وَلَا تَقُولُواْ لِمَن يُقۡتَلُ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ أَمۡوَٰتُۢۚ بَلۡ أَحۡيَآءٞ وَلَٰكِن لَّا تَشۡعُرُونَ

Силер Аллахтын жолунда өлтүрүлгөн адамдарды “өлүктөр” деп айтпагыла! Андай эмес, алар тирүү! Бирок, силер муну сезбейсиңер.[1] info

[1] Аллахтын дининин жогору болуусу жолунда жан кыйган мусулман “шахид” (шейит) деп аталат. Шейиттер жөнүндө Курандын башка бир сүрөсүндө Аллах таала мындай деген: “Алар тирүү жана Раббисинин алдында (ар түрдүү азыктар) менен ырыскыландырылууда”. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айтты: “Шейиттердин рухтары (жандары) бейиштеги жашыл куштардын ичинде болот. Ал куштар бейиш дарыяларынан суу ичишет. Бейиш мөмөлөрүнөн азыктанышат жана Аллахтын Аршына асып коюлган чырактарда баш калкалашат”.

التفاسير:

external-link copy
155 : 2

وَلَنَبۡلُوَنَّكُم بِشَيۡءٖ مِّنَ ٱلۡخَوۡفِ وَٱلۡجُوعِ وَنَقۡصٖ مِّنَ ٱلۡأَمۡوَٰلِ وَٱلۡأَنفُسِ وَٱلثَّمَرَٰتِۗ وَبَشِّرِ ٱلصَّٰبِرِينَ

Албетте, Биз силерди коркуу, ачкачылык, мал-мүлктүн, жан-дененин жана мөмө-жемиштердин каатчылыгы сыяктуу нерселер менен сынайбыз. Сабыр кылуучуларга (бейиштен) сүйүнүчтүү кабарды угуз. info
التفاسير:

external-link copy
156 : 2

ٱلَّذِينَ إِذَآ أَصَٰبَتۡهُم مُّصِيبَةٞ قَالُوٓاْ إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّآ إِلَيۡهِ رَٰجِعُونَ

(Аллах таала тарабынан) бир кырсык (бактысыздык) жеткенде: “Бардыгыбыз Аллахтын мүлкү болобуз жана Анын Өзүнө кайтып барабыз” деген адамдарга… info
التفاسير:

external-link copy
157 : 2

أُوْلَٰٓئِكَ عَلَيۡهِمۡ صَلَوَٰتٞ مِّن رَّبِّهِمۡ وَرَحۡمَةٞۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُهۡتَدُونَ

Дал ошолорго Раббиси тарабынан мактоо, ырайым бар. Жана ошолор гана туура жолго түшкөндөр. info
التفاسير:

external-link copy
158 : 2

۞ إِنَّ ٱلصَّفَا وَٱلۡمَرۡوَةَ مِن شَعَآئِرِ ٱللَّهِۖ فَمَنۡ حَجَّ ٱلۡبَيۡتَ أَوِ ٱعۡتَمَرَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡهِ أَن يَطَّوَّفَ بِهِمَاۚ وَمَن تَطَوَّعَ خَيۡرٗا فَإِنَّ ٱللَّهَ شَاكِرٌ عَلِيمٌ

Сафа менен Марва Аллахтын (дининин) белгилеринен. Ким ажылык же умра кылса, ал экөөсүнө (Сафа менен Марвага) тооп кылса (барып келсе) болот. Ким бир жакшылыкты кошумча жасаса, бул - өзүнө пайда. Албетте, Аллах Шаакир (шүгүр кылуучу) жана Билүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
159 : 2

إِنَّ ٱلَّذِينَ يَكۡتُمُونَ مَآ أَنزَلۡنَا مِنَ ٱلۡبَيِّنَٰتِ وَٱلۡهُدَىٰ مِنۢ بَعۡدِ مَا بَيَّنَّٰهُ لِلنَّاسِ فِي ٱلۡكِتَٰبِ أُوْلَٰٓئِكَ يَلۡعَنُهُمُ ٱللَّهُ وَيَلۡعَنُهُمُ ٱللَّٰعِنُونَ

Биз түшүргөн (Мухаммад жөнүндөгү) далилдерди жана туура жолду китепте (Тооротто) адамдарга баян кылып бергенден кийин деле жаап-жашырып жүргөндөргө Аллах наалат айтат жана бардык наалат айтуучулар наалат айтышат. info
التفاسير:

external-link copy
160 : 2

إِلَّا ٱلَّذِينَ تَابُواْ وَأَصۡلَحُواْ وَبَيَّنُواْ فَأُوْلَٰٓئِكَ أَتُوبُ عَلَيۡهِمۡ وَأَنَا ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ

Ал эми, (күнөөлөрүнө) тообо кылган, (акыйкатка кайтып, пейилин) түздөгөн жана (жаап-жашырган чындыктарды) ачык айткан адамдардын тооболорун кабыл аламын. Жана Мен тооболорду кабыл алуучу, Мээримдүүмүн. info
التفاسير:

external-link copy
161 : 2

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَمَاتُواْ وَهُمۡ كُفَّارٌ أُوْلَٰٓئِكَ عَلَيۡهِمۡ لَعۡنَةُ ٱللَّهِ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ وَٱلنَّاسِ أَجۡمَعِينَ

Каапыр болгон жана ошол каапырчылыгы бойдон (тообо кылбай) өлгөн адамдарга Аллахтын, периштелердин жана бардык адамдардын наалаты болсун! info
التفاسير:

external-link copy
162 : 2

خَٰلِدِينَ فِيهَا لَا يُخَفَّفُ عَنۡهُمُ ٱلۡعَذَابُ وَلَا هُمۡ يُنظَرُونَ

Алар ошол наалаттын (тозок азабынын) ичинде түбөлүк калышат. Алардан азап жеңилдетилбейт жана аларга (тообо кылууга) мөөнөт берилбейт. info
التفاسير:

external-link copy
163 : 2

وَإِلَٰهُكُمۡ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞۖ لَّآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلرَّحۡمَٰنُ ٱلرَّحِيمُ

Силердин кудайыңар – жалгыз Кудай. Эч бир (сыйынууга татыктуу) кудай жок, жалгыз Ал – Ырайымдуу жана Мээримдүү (болгон Аллах) гана бар! info
التفاسير: