Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik.

Broj stranice: 130:128 close

external-link copy
28 : 6

بَلۡ بَدَا لَهُم مَّا كَانُواْ يُخۡفُونَ مِن قَبۡلُۖ وَلَوۡ رُدُّواْ لَعَادُواْ لِمَا نُهُواْ عَنۡهُ وَإِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ

Биз кайра дүйнө жашоосуна жиберилсек ыйман келтирет элек дегендери да жалган. Алардын ден-мүчөлөрү күбөлүк бергенде, (Аллахка ант, биз мурда бутпарас болгон эмеспиз) деген ичиндеги жалгандары ачыкка чыгып калды. Эгер алар бул дүйнө жашоосуна кайра келүүгө кудурети жеткенде деле, кайра эле тыюу салынган каапырлыгы менен бутпарастыгына барышмак, чынында алардын кайра кайтсак ыйман келтиребиз деген убадасы жалган. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 6

وَقَالُوٓاْ إِنۡ هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا ٱلدُّنۡيَا وَمَا نَحۡنُ بِمَبۡعُوثِينَ

Бул бутпарастар: биз азыр жашап жаткан жашоодон башка жашоо жок, биз эсеп берүү үчүн кайра тирилбейбиз дешти info
التفاسير:

external-link copy
30 : 6

وَلَوۡ تَرَىٰٓ إِذۡ وُقِفُواْ عَلَىٰ رَبِّهِمۡۚ قَالَ أَلَيۡسَ هَٰذَا بِٱلۡحَقِّۚ قَالُواْ بَلَىٰ وَرَبِّنَاۚ قَالَ فَذُوقُواْ ٱلۡعَذَابَ بِمَا كُنتُمۡ تَكۡفُرُونَ

Оо, элчи, кайра тирилүү болбойт дегендер Аллахтын алдында турганын көргөнүңдө, алардын абалы өтө оорлугуна таң кала карайт элең. Аллах Таала алардан: Силер жалган деген эч шеги жана жалганы жок кайра тирилүү ушул эмеспи?! - деп сурайт. Алар: Бизди жараткан Жаратуучубузга ант берип айтабыз, кайра тирилүү эч шеги жок чындык экен - дешет. Ошондо Аллах Таала аларга: Ушул күнгө ишенбегениңер үчүн азаптын даамын таткыла, дүйнө жашоосунда жүргөнүңөрдө бул күндү болбойт деп жалганга чыгаргансыңар - дейт. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 6

قَدۡ خَسِرَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِلِقَآءِ ٱللَّهِۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَتۡهُمُ ٱلسَّاعَةُ بَغۡتَةٗ قَالُواْ يَٰحَسۡرَتَنَا عَلَىٰ مَا فَرَّطۡنَا فِيهَا وَهُمۡ يَحۡمِلُونَ أَوۡزَارَهُمۡ عَلَىٰ ظُهُورِهِمۡۚ أَلَا سَآءَ مَا يَزِرُونَ

Кыямат күнү кайра тирилүүнү жалган, Аллахтын алдына чогулууну мүмкүн эмес дегендер чынында зыян тартышты. Алар кабарсыз турганда кокусунан кыямат болуп, анан катуу өкүнүп: шорубуз курусун, Аллахка каапырлык кылып жана кыямат күнүнө даярданбай жаңылыш үмут кылыппыз - дешет, алар күнөөлөрүн жонуна көтөрүп жүрүшөт, алардын көтөргөн күнөөлөрү кандай жаман info
التفاسير:

external-link copy
32 : 6

وَمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَآ إِلَّا لَعِبٞ وَلَهۡوٞۖ وَلَلدَّارُ ٱلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٞ لِّلَّذِينَ يَتَّقُونَۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ

Аллахты ыраазы кылчу ишти кылбагандарга сөйөнүп алган бул дүйнө жашоосу өтүп кетчү оюндай эле. Ал эми ыйман келтирип, баш ийип жакшы иштерди жасаган жана ширк, күнөө кылуу сыяктуу тыюу салынган иштерден тыйылып Аллахка такыба болгондорго акырет жашоосу жакшы. Эй, бутпарастар, ушуга акыл жүгүртсөңөр, ыйманга келип, жакшы иштерди жасайт элеңер. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 6

قَدۡ نَعۡلَمُ إِنَّهُۥ لَيَحۡزُنُكَ ٱلَّذِي يَقُولُونَۖ فَإِنَّهُمۡ لَا يُكَذِّبُونَكَ وَلَٰكِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ يَجۡحَدُونَ

Оо, элчи, алар сени сыртынан жалганга чыгарганына кайгырганыңды Биз билебиз. Сен билгин алар сенин аманатка бек, чынчыл экениңди билет жана өз ара сени жалганга чыгарышпайт. Бирок алар залым адамдар, сенин ишиңе ичинен ишенип турса да, сыртынан четке кага берет. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 6

وَلَقَدۡ كُذِّبَتۡ رُسُلٞ مِّن قَبۡلِكَ فَصَبَرُواْ عَلَىٰ مَا كُذِّبُواْ وَأُوذُواْ حَتَّىٰٓ أَتَىٰهُمۡ نَصۡرُنَاۚ وَلَا مُبَدِّلَ لِكَلِمَٰتِ ٱللَّهِۚ وَلَقَدۡ جَآءَكَ مِن نَّبَإِيْ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Бул жалганга чыгаруу сага гана тиешелүү деп ойлобо. Сенден мурдагы элчилер да жалганга чыгарылган, коомдору аларды азаптаган. Алар үгүттөөдө, Аллах жолунда казат кылууда сабырдуулук кылышкан жана аларга Аллахтын жардамы келген. Аллах китебинде жазган жардамды жана элчилерине берген убаданы эч ким өзгөртө албайт. Эй, элчи, чынында сага мурдагы элчилердин кабары, б.а. аларга коому кандай каршы чыкканы жана Аллах Таала аларга жардам берип душмандарын кандай кыйратканы тууралуу кабар берилди info
التفاسير:

external-link copy
35 : 6

وَإِن كَانَ كَبُرَ عَلَيۡكَ إِعۡرَاضُهُمۡ فَإِنِ ٱسۡتَطَعۡتَ أَن تَبۡتَغِيَ نَفَقٗا فِي ٱلۡأَرۡضِ أَوۡ سُلَّمٗا فِي ٱلسَّمَآءِ فَتَأۡتِيَهُم بِـَٔايَةٖۚ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَمَعَهُمۡ عَلَى ٱلۡهُدَىٰۚ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡجَٰهِلِينَ

Оо, элчи, сен алып келген чындыктан тескери бурулуп, жалганга чыгаргандары сага катуу тийсе, эгер жер астын кирүүчү жол же асманга көтөрүлчү тепкич таап, Биз сага бергенден башка далил, белги көрсөтө алсаң, анда ошондой кыл. Эгер Аллах кааласа алардын баарын чогултуп сен алып келген туура жолго салып коймок. Бирок Өзүнүн жеткиликтүү даанышмандыгы менен мындай кылууну каалбады. Сен буга акылы жетпеген илими тайкылардан болбо. Алардын ыйманга келбегенине кайгырганыңды токтот. info
التفاسير:
Poruke i pouke ajeta na ovoj stranici:
• من عدل الله تعالى أنه يجمع العابد والمعبود والتابع والمتبوع في عَرَصات القيامة ليشهد بعضهم على بعض.
Кыямат күнү ибадат кылуучу менен ибадат кылынган нерсени.ю ээрчүүчү менен ээрчилген нерсени бири-бирине күбө болсун чогултканы - Аллахтын адилеттүүлүгүнөн. info

• ليس كل من يسمع القرآن ينتفع به، فربما يوجد حائل مثل ختم القلب أو الصَّمَم عن الانتفاع أو غير ذلك.
Куранды уккан адамдын баары эле андан пайда албайт. көбүнчө жүрөктүн катуусу, кулактын кереңдиги сыяктуу пайда алуудан тосуп турган тосмолор болот info

• بيان أن المشركين وإن كانوا يكذبون في الظاهر فهم يستيقنون في دواخلهم بصدق النبي عليه الصلاة والسلام.
Бутпарастар сыртынан пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жалганчы дешкени менен ичинен анын чындык экенине ишенишет info

• تسلية النبي عليه الصلاة والسلام ومواساته بإعلامه أن هذا التكذيب لم يقع له وحده، بل هي طريقة المشركين في معاملة الرسل السابقين.
Мындай жалганга чыгаруу бир гана ага болбогонун, бул бутпарастардын мурдагы элчилерге да көрсөткөн кылыгы экенин билдирүү менен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) көңүлүн тынчытты info