Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik.

Broj stranice: 138:128 close

external-link copy
91 : 6

وَمَا قَدَرُواْ ٱللَّهَ حَقَّ قَدۡرِهِۦٓ إِذۡ قَالُواْ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ عَلَىٰ بَشَرٖ مِّن شَيۡءٖۗ قُلۡ مَنۡ أَنزَلَ ٱلۡكِتَٰبَ ٱلَّذِي جَآءَ بِهِۦ مُوسَىٰ نُورٗا وَهُدٗى لِّلنَّاسِۖ تَجۡعَلُونَهُۥ قَرَاطِيسَ تُبۡدُونَهَا وَتُخۡفُونَ كَثِيرٗاۖ وَعُلِّمۡتُم مَّا لَمۡ تَعۡلَمُوٓاْ أَنتُمۡ وَلَآ ءَابَآؤُكُمۡۖ قُلِ ٱللَّهُۖ ثُمَّ ذَرۡهُمۡ فِي خَوۡضِهِمۡ يَلۡعَبُونَ

Бутпарастар Аллахтын пайгамбары Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Аллах адамзатка эч кандай аян-кабар түшүргөн эмес" - дегенде, Аллахты Өз улуулугуна жараша баалашкан жок. Эй, элчи, аларга минтип айт: "Мусага анын коому үчүн нур, туура жол жана багыт кылып Тооротту ким түшүргөн?" Жөөттөр анын жазып алышып, көңүлүнө жаккан жерин ачык көрсөтүп, Мухаммаддын сыпаттары сыяктуу көңүлдөрүнө жакпаган жерин жашырып коюшкан. Эй, араптар, силер өзүңөр да, силерден мурдагылар да билбеген нерселерди Курандан үйрөндүңөр. Эй, элчи, аларга: "Аны Аллах түшүргөн" - деп айт. Кийин аларды чындык ачыкка чыкчу күн келгиче, караңгы, адашкан, шылдыңдаган абалдарында таштап кой. info
التفاسير:

external-link copy
92 : 6

وَهَٰذَا كِتَٰبٌ أَنزَلۡنَٰهُ مُبَارَكٞ مُّصَدِّقُ ٱلَّذِي بَيۡنَ يَدَيۡهِ وَلِتُنذِرَ أُمَّ ٱلۡقُرَىٰ وَمَنۡ حَوۡلَهَاۚ وَٱلَّذِينَ يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ يُؤۡمِنُونَ بِهِۦۖ وَهُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ يُحَافِظُونَ

Оо, пайгамбар,Куран Биз сага түшүргөн китеп, ал берекелүү, мурдагы асман китептерин тастыктаган китеп. Ал Мекке элин жана жердин чыгыш-батышындагы адамдардын баарын туура жолго киргизүү үчүн эскертүү. Акырет жашоосуна ыйман келтиргендер, Куранга да ыйман келтиришет. Анда айтылгандарды иш жүзүндө аткарышат. Намаздарын парз, важыб, мустахабдары менен шариятта белгиленген так убактысында окушат. info
التفاسير:

external-link copy
93 : 6

وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوۡ قَالَ أُوحِيَ إِلَيَّ وَلَمۡ يُوحَ إِلَيۡهِ شَيۡءٞ وَمَن قَالَ سَأُنزِلُ مِثۡلَ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُۗ وَلَوۡ تَرَىٰٓ إِذِ ٱلظَّٰلِمُونَ فِي غَمَرَٰتِ ٱلۡمَوۡتِ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ بَاسِطُوٓاْ أَيۡدِيهِمۡ أَخۡرِجُوٓاْ أَنفُسَكُمُۖ ٱلۡيَوۡمَ تُجۡزَوۡنَ عَذَابَ ٱلۡهُونِ بِمَا كُنتُمۡ تَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ غَيۡرَ ٱلۡحَقِّ وَكُنتُمۡ عَنۡ ءَايَٰتِهِۦ تَسۡتَكۡبِرُونَ

Өз оюнан ойлоп таап Аллахка жалган айткан адамдан өткөн залым болобу!? Ал: "Аллах Таала адам баласына эч кандай аян-кабар түшүргөн эмес" - деп айтат. Же Аллах ага эч нерсе түшүрбөсө деле, өзүнө аян-кабар түшүрдү деп айтат. Же болбосо: "Мен дагы Аллах Куранда түшүргөн дин сыяктуу динди түшүрөмүн" - дейт. Эй, элчи, ал залымдар өлүмдүн даамын татышканын, периштелер аларга колун созуп, азаптап, уруп жатышканын көргөнүндө... Периштелер аларга каардуу мамиле жасап: "Жаныңарды чыгаргыла, биз аны алып кетебиз. Пайгамбарлык, аян-кабар жана Аллах түшүргөн сыяктуу динди түшүрүү тууралуу Аллахка жалган айтканыңар себептүү ошондой эле Аллахтын аяттарына ыйман келтирүүдөн текеберленгениңер үчүн бүгүн катуу, кор кылуучу азап менен кыйналасыңар" - дешет. Эгер ошол учурду көргөңүңдө өтө коркунучтуу абалды көрөт элең. info
التفاسير:

external-link copy
94 : 6

وَلَقَدۡ جِئۡتُمُونَا فُرَٰدَىٰ كَمَا خَلَقۡنَٰكُمۡ أَوَّلَ مَرَّةٖ وَتَرَكۡتُم مَّا خَوَّلۡنَٰكُمۡ وَرَآءَ ظُهُورِكُمۡۖ وَمَا نَرَىٰ مَعَكُمۡ شُفَعَآءَكُمُ ٱلَّذِينَ زَعَمۡتُمۡ أَنَّهُمۡ فِيكُمۡ شُرَكَٰٓؤُاْۚ لَقَد تَّقَطَّعَ بَيۡنَكُمۡ وَضَلَّ عَنكُم مَّا كُنتُمۡ تَزۡعُمُونَ

Кайра тирилүү күнү аларга минтип айтылат: "Биз силерди алгач жаратканда жылаңач, жылаң аяк жараткандай, Биздин алдыбызга бүгүн байлыгыңар да, бийлигиңер да жок жалгыз келдиңер го! Биз берген байлык, бийлигиңерди тиги дүйнөгө таштадыңар. Ибадат кылганда Аллахка шерик болот, бизге ортомчулук кылат деп ойлогон "кудайларыңарды" да жаныңарда көрбөдүк. Силердин алар менен байланышыңар үзүлдү. Булар Аллахтын шериктери, бизге колдоо көрсөтөт деген оюңар жокко чыкты". info
التفاسير:
Poruke i pouke ajeta na ovoj stranici:
• إنزال الكتب على الأنبياء هو سُنَّة الله في المرسلين، والنبي عليه الصلاة والسلام واحد منهم.
Пайгамбарларына китептерди түшүрүү Аллахтын сүннөт жолу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ошол элчилердин бири. info

• أعظم الناس كذبًا وفرية هو الذي يكذب على الله تعالى، فينسب أو ينفي ويثبت في حق الله تعالى أمرًا ليس عليه دليل صحيح.
Адамдардын эң жалганчы жана жалаа жабуучулары Аллах Таалага жалган айткандар. Алар эч кандай туура далили жок эле кайсы бир ишти Аллахка ыйгарып, же тескерисинче, Аллахка тиешелүү ишти өздөрүнө ыйгарып алышкан. info

• كل أحد يبعث يوم القيامة فردًا متجردًا عن المناصب والألقاب، فقيرًا، ويحاسب وحده.
Ар бир адам Кыяматта, мансап, наамдарынан ажырап, жалгыз тирилет жана жалгыз сурак берет info